Коронавирус: кош бойлуу аялдар вирусту оор көтөрөт

Женщина с новорожденным в палате родов

Сүрөттүн булагы, Reuters

Published

Оксфорд университетинин маалыматына ылайык, Covid-19 вирусун жуктурган боюнда бар аялдар төрөттү оор көтөрөт жана эненин өлүмүнө алып барышы ыктымал.

Оксфорд университетинин окумуштуулары 18 мамлекетте масштабдуу изилдөө жүргүзүп, ушундай жыйынтыкка келди. Изилдөө учурунда 2 миңден ашуун кош бойлуу аял каралган. Бирок окумуштуулар ашыкча сарсанаа болбогонго чакырат.

"Мен так белгилеп кетким келет, пандемия учурунда кош бойлуу болуу коркунучтуу эмес. Вирусту жуктурса дагы боюнда бар аялдардын басымдуу бөлүгү кадыресе эле төрөп жатат, ымыркайлардын ден-соолугу жакшы",-деди профессор Арис Папагеоргиу.

Ага карабастан профессор коронавирусту жуктурган кош бойлуу аялдар арасында тобокелчиликтер жогорураак экенин дагы айтты. Себеби боюнда бар аялдарда гормондук өзгөрүүлөр болот, иммунитет алсызданат.

Женщина кормит грудничка

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Изилдөө учурунда Covid-19 вирусуна кабылган аялдардын басымдуу бөлүгү вирусту жеңил көтөргөн

Өзгөчө төрөткө аз калган аялдарга коркунучтуу. Себеби түйүлдүк ылдый жылып, эненин дем алганы ансыз деле оорлойт. Ушул учурда коронавирус жуккан болсо, эне дем ала албай кыйналышы ыктымал.

Март айынан ноябрга чейин жүргүзүлгөн изилдөө ДССУнун мурдагы тыянактарынан айырмаланып турат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус кош бойлуу аялдарга коркунуч түзбөйт деп жарыялаган. Бирок бул тыянак вирус жаңы тарай баштаганда жасалган эле.

Жаңы изилдөөгө көп киши катышкандыктан, анын жыйынтыгы ишенимдүү экени айтылууда. Биринчиден, окумуштуулар бейтаптарды узак мөөнөт бою көзөмөлдөшкөн жана экинчиден, вирусту жуктурган кош бойлуу аялга жашы жана абалы окшош вируска кабылбаган келинди салыштырып карашкан.

Изилдөө учурунда Covid-19 вирусуна кабылган аялдардын басымдуу бөлүгү вирусту жеңил көтөргөн. Мисалы, Орусиядан катышкандардын үчтөн экиси вирусту жеңил же эч симптомсуз көтөргөн.

Бирок вирусту жуктурбагандарга салыштырганда кош бойлуу мезгилди оор көтөрүшкөн, эненин жана баланын ден-соолугуна байланыштуу маселелер чыккан. Ошондой эле олутту инфекцияга кабылуу коркунучу дагы жогорулаган.

Андан тышкары бала эненин сүтү аркылуу вируска каршы антитулку алат деген маалымат четке кагылды. Ошондуктан төрөгөндөн кийин вируска кабылган аялдар баланы эмизүүдө этият болушу зарыл.

Акушерка с планшетом

Сүрөттүн булагы, PA Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуулардын айтымында, вакцина кош бойлуу келиндерге жана түйүлдүккө коркунуч түзбөйт

Кош бойлуулар вакцина алса болобу?

Изиздөөнүн авторлору балалуу болууга умтулгандарды эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Боюнда бар аялдарга вакцина бериле элек. Вакциналар клиникалык изилдөөдөн өтүп жатканда ыктыярчылар арасында боюнча бар аялдар жок болчу.

Ага карабастан окумуштуулардын айтымында, вакцина кош бойлуу келиндерге жана түйүлдүккө коркунуч түзбөйт. Изилдөөчүлөр бул багытта жетиштүү далилдер бар экени айтууда.

"Менимче, кош бойлуу аялдарга дагы эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгү берилиши керек",-дейт профессор Арис Папагеоргиу.