"75, 85 дегенди билбейм". Мурдагы өкмөт башчы Турсунбек Чыңгышев катка кол койбогонун айтты

"75чилердин" ишинде күбөлөр суралып жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "75чилердин" ишинде күбөлөр суралып жатат
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

28-августта Бишкек шаардык сотунда "бийликти күч менен басып алууга" айыпталган сегиз саясатчынын соту өттү. Күбө катары Аскар Акаевдин тушунда премьер-министр болгон Турсунбек Чыңгышев, коомдук ишмер Накен Касиев келди.

"Эмне катты айтып жатасыңар? Уккан эмесмин андай катты. Мен башка иш менен келгем. 75-85 дегенди билбейм", - деди Турсунбек Чыңгышев.

"Мен катка кол койгон эмесмин. Баргылачы нары! Жөн эле чыкырды мени", - деди мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев.

Күн мурун, жактоочулар бул ишке байланыштуу 10го чукул адам көрсөтмө бергенин, дагы 30га жакын күбө сураларын айтышкан.

Суракка чакырылган башка күбөлөр кат боюнча комментарий беришкен жок.

"Күбөлөр жөнөкөй жарандар эмес. Билимдүү, мамлекеттик кызматкерлер. Биз кайрылууну толук кандуу окуп, мыйзамсыз чакырыкты көрбөдүк, президенттик мөөнөт тууралуу талаш-тартыштарды жокко чыгаруу үчүн кол койгонбуз катка дешти. Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтсө, өтсүн, бирок биз азыркы президент Садыр Нургожоевичти колдойбуз. Бул жерде эч кандай кылмыш жок. Тергөө органдары кайрылууну кылмыш деп атаганы адепсиздик дешти", - деди Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралимов.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.

Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Ошондон кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.

Кийин кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.

Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.