"75 кишинин каты" боюнча сот: "Ырыс Ордого" чакыруу келгени үчүн бардым"

Бишкек шаардык сотунда 27-августта "75 кишинин каты" деп аталган кылмыш иши боюнча апелляциялык сот отуруму уланууда. Жараян жабык режимде өтүп жатат.
27-августтагы отурумда коомдук ишмер Токон Мамытов күбө катары суралды.
Мамытовдун айтымында, ал "75 кишинин катына" кол койгон эмес. Бирок ал сотто эмне суроолор берилгенин айтуудан баш тарты.
"Катка кол койгон эмесмин, билбейм. Чакырып бир суроолору болду окшойт. Сот бүтмөйүнчө айтууга болбойт, туура эмес болот", - деди Мамытов.
Сот отурумунда катка кол койгону айтылган башка адамдар да күбө катары суралууда.
"Азыр башыбыз бош"
24-августта айыпталуучулардын бири Бекболот Талгарбеков жүйөлүү себептерден улам сот отурумуна келбей калганы үчүн соттук териштирүү жылдырылган. Бирок ал ушул эле күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн "Ырыс Ордо" конгресс-борборунун ачылышына катышкан.
Ал иш-чарага сот жообуна тартылып жаткан Талгарбековдон башка да бир канча киши - мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаев да барган.
Талгарбеков журналисттердин "Ырыс Ордого" кандайча барып калдыңыз?" деген суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.
Ал эми Эмилбек Узакбаев чакыруу келип, ошон үчүн барганын айтты.
"Мага чакыруу келиптир, бардым. Мен мамлекеттик кызматта иштеген аттуу-баштуу аксакалдарды чакырган экен деп ойлодум. Азыр башыбыз бош. Биз боюнча сот гана чечим кабыл алат. Сот чечим кабыл алганда гана ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экени белгилүү болот", - деди Эмилбек Узакбаев.
"Ырыс Ордого" соттолуп жаткан УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев да чакырылып, бирок ден соолугуна байланыштуу барбай калганын анын тарапташы Мукай Керимбаев билдирди.
Кайрылуудан кийин козголгон кылмыш иши
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.
Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган. Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.
Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.
Соттолгон сегиз адамдын баары тең райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
Быйыл 9-февралда мурдагы преьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Ошондон кийин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.
Кийин кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.
Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.
































