Индия: коронавирус алып келген апаат

Индиянын расмийлери коронавирустан көз жумгандар саны 215 миңдин тегерегинде дейт. Бирок чыныгы сандар мындан бир топ эле көп болушу мүмкүн

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Индиянын расмийлери коронавирустан көз жумгандар саны 215 миңдин тегерегинде дейт. Бирок чыныгы сандар мындан бир топ эле көп болушу мүмкүн
Published

Дүйнө коомчулугу Индиядагы кырдаалга кабатырлануу менен көз салууда. Covid-19 илдетинен каза тапкандар саны күн сайын жаңы чекке жетүүдө. Соңку суткада 3689 киши вирустан көз жумду.

Бир күн мурун Индияда 24 сааттын ичинде 400 миңден ашуун кишиден вирус аныкталган эле. Өлкөдөгү абал өтө оор. Ооруканаларда орун жетишпей, оор абалдагы бейтаптарга кычкылтек табылбай калууда. Крематорийлер дагы үлгүрбөй жатат.

Жалпы өлкө боюнча коронавирус менен ооругандар 19 млн. киши болду. Бул дүйнө жүзү боюнча АКШдан кийинки эле экинчи орун. Бирок АКШдан айырмаланып Индияда эмдөө өтө жай жүрүүдө. Дүйшөмбүгө карата алсак, 85 миң чамалуу киши гана вакцинанын биринчи дозасын алды.

Крематорийде орун жок болгондуктан сөөктөрдү талаада жана башка жайларда элде өрттөп жатышат

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Крематорийде орун жок болгондуктан сөөктөрдү талаада жана башка жайларда элде өрттөп жатышат

Индиянын расмийлери коронавирустан көз жумгандар саны 215 миңдин тегерегинде дейт. Бирок чыныгы сандар мындан бир топ эле көп болушу мүмкүн.

Абал өтө оор экенине карабай бийлик улуттук локдаун жарыялоодон баш тартты. Анткени экономикалык жоготуудан чочулап жатат. Өткөн жылдагы апрелден июнга чейинки локдаундан улам индиялык экономика 24 пайызга кыскарган.