You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Бороондон буюккан АКШ: 20 киши каза таап, миллиондогон тургундар электр жарыгы жок калды
АКШнын Түштүк штаттарындагы табигый кырсыктан кеминде 21 киши каза тапты. Аймактагы миллиондогон кишилер электр жарыгы жок калган. Эң көп жабыр тарткан Техаста энергосистема оор жагдайга туш болду.
Аймакка мүнөздүү болбогон аба ырайынан улам Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штатында кишилей чыгымдар бар. Көпчүлүгү кокустуктан улам ажал тапканы айтылды. Автоунаа кырсыгы, жылынам деп ууланып калуу сыяктуу кырсыктар.
Америкалык метеорологдор шаршембиде кечинде бороон басаңдай баштаганын билдирди. Бирок 100 млн. калк жашаган аймакта аба ырайынын кескин өзгөрүп кеткенине байланыштуу тынымсыз эскертүүлөр берилүүдө.
Өлкөнүн түштүк региондорундагы рекорддук суук аба ырайы бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Азыркы маалда АКШнын 71 пайыз аймагына кар жаады.
Бороон-чапкын Мексиканын дагы түштүк жана борбордук бөлүгүнө чоң түйшүк алып келип, электр энергиясы үзгүлтүккө учурады.
"Мен Хьюстондомун, өтө катуу суук, тоңуп калдым,-деп жазды "Твиттер" баракчасына жергиликтүү тургундардын бири Крис Принс. - Электр жарыгы жок, жылытуу жок, суу дагы жок. Менин жаш балдарым бар. Ушул кантип болсун?".
Дагы бир "Твиттер" колдонуучусу Жош Моргерман досу үйүн жылытуу үчүн мешке эмеректерин жакканын жазды.
Техастагы энергетикалык түйүндү тейлеген компаниялардын биринин жетекчиси Си-эн-энге берген интервьюсунда электр жарыгы бейшембиге чейин болбошу мүмкүн деп айткан.
Окумуштуулар адаттан тышкары болгон аба ырайынын көп катталып жатышын, анын ичинде бороон-чапкын, суу ташкыны, кургакчылыкты глобалдык жылуулануунун кесепети катары түшүндүрүүдө.
Техаска өзгөчө кырдаал абалы киргизилди. Аймакта 30 жылдан бери мындай суук боло элек болчу. Жекшембиде айрым райондордо суук Цельсия боюнча минус 18 градуска жетти. Учурда эки миллион чамалуу тургун электр жарыгы жок олтурат. Үйүндө электр жарыгы жок калган тургундардын айрымдарын мейманканага жайгаштырышууда.