You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Кар күрөгөнгө киши керек, күнүнө 3500 рубль": 48 жыл ичиндеги Москвадагы эң оор кыш
Өткөн апта соңунда Орусиянын баш калаасы Москвага оор кар түшүп, 1973-жылдагы рекордду жаңылады.
Москваны кардан тазалаш үчүн сегиз сутка талап кылынат деди мэрия. "Кар күрөгөнгө күнүнө 3500 рублдан төлөп беребиз" деген жарыялар чыгууда дейт мигранттар.
"Москвада ушунча жыл жашап, кардын мындай калың түшкөнүн биринчи көрүшүм. Жөө жүргөнгө да, автоунааларга дагы оорчулук жаралды",-деди Москвада эмгектенген кыргызстандык Аскар. Анын айтымында курулуш тармагындагы иши убактылуу токтоп калган экен. Эки күндөн бери кар күрөп жатышат.
"3 миң рублдан төлөп жатышат, ортомчулар пайда болду",-деди ал.
"Буга чейин мындай жогору айлыкты бир дагы жолу сунушташкан эмес эле",-деди өзбекстандык мигранттардын бири.
Негизги унаа жолдору техниканын жардамы менен тазаланууда. Ал эми тротуарларга жумушчу күчү жетишпей жатат. Ошондуктан Telegram каналдарында жумушка чакырган жарыялар жайнап чыкты.
Бир жыл мурун эле короо тазалагычтын айлык акысы күнүнө 1200дөн-2000 рублга чейин эле деди мигранттардын бири.
Кар калың түшкөн күндөрү Москванын көчөлөрүндө бир нече чакырымга созулган тыгындар пайда болду. Тазалангандан кийин жол жээктеринде адам боюндай бийиктикте үйүлгөн карды көрүүгө болот. Шаар бийлиги коомдук транспорт жанданган соң шаардыктарга кайрылып, жеке унааларын мүмкүн болсо колдонбой турууга чакырды.
Шаарды тазалооого 70 миңдей жумушчу жана 14 миң даана техника тартылды деди мэрия. (AbA)