Коронавирус: Орусияда бир суткада беш жүздөн ашуун бейтап каза тапты

Published

Орусияда соңку бир суткада Covid-19 илдетинен 507 бейтап каза тапты. Буга чейин мындай көп сандагы өлүм-житим катталган эмес эле. Бул пандемия башталгандан берки эң оор күндөрдүн бири болуп калды.

Өткөн аптанын ишембисинде бир суткада 491 бейтаптын каза тапканы айтылган. Штаб менен Росстат берген көрсөткүчтөр бири биринен айырмалуу. Бир сутка ичинде вирусту жуктуруп алган 23 675 учурду аныкташты. Дүйшөмбүдө бул көрсөткүч дагы эң жогорку чекти ашып өтүп, жаңы учурлар 25 173 болгон.

Коронавирус боюнча кырдаал "өтө курчуп, абал оор" деди шейшембиде вице-премьер Татьяна Голикова. Анын айтымында, алты региондогу ооруканалардагы орундардын 90 пайызы Covid-19 бейтаптарына толду.

Өлкөдөгү абал оор экенин Кремль дагы моюнуна алып жатат. Коронавирустун активдүү жайылышы саламаттыкты сактоо системасынын чабалдыгынан улам болуп жаткан жокпу? Бул суроого президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: "Мунун өзү эпидемиялык кырдаал татаалдашып баратканын көрсөтөт. Бул бүтүндөй дүйнө кабылган эпидемиялык чакырык болуп жатат",-деп жооп берди.

Орусиянын Гамалея атындагы улуттук изилдөө борборунун окумуштуулары өздөрү иштеп чыккан "Спутник V" 92 пайыз вирустан коргой турганын айтууда. Бирок жапырт эмдөө качан башталаары тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Кыргызстан

Республикалык штабдын маалыматына таянсак, соңку суткада Кыргызстанда Covid-19 илдетинен төрт бейтап каза тапты.

Пандемия башталгандан берки жоготуулар саны 1245 кишиге жетти. Сутка ичинде жаңы аныкталган учурлар 378 болду. Ошону менен өлкө боюнча жалпы коронавируска кабылгандардын саны - 70 744 .

Анын ичинен 2851 бейтап ооруканада болсо, 3832 киши үй шартында дарыланууда. Октябрдын башынан тарта өлкөдө кайрадан коронавируска байланышкан абал курчуй баштады.