Коронавирустан коргогон молекуланы тапкан 14 жаштагы окуучу

    • Author, Аналия Лоренте
    • Role, BBC News Mundo
  • Published

14 жашка эми чыкканына карабастан Аника Чебролу Covid-19 вирусуна каршы даба табууга аракет кылууда. Техаста жашаган окуучу адам клеткаларына коронавирустан коргонууга жардам берген молекуланы тапты. Молекула вирустун адамга жугууга жөндөмүн жокко чыгарат.

"2020-жылдагы мыкты жаш окумуштуу" сыйлыгын менен бирге 25 миң доллар алган Аника молекуланы кантип аныктады?

Тажы жана протеин

"2020-жылдагы мыкты жаш окумуштуу" мелдеши 10-14 жаштагы окуучулардан дүйнөдөгү орчундуу көйгөйлөрдү чечүүгө сунуштарын жана изилдөөсүн талап кылат. Миллиондон ашуун адамдын өмүрүн алган Covid-19 вирусу дүйнөлүк коомчулуктун алдында турган эң чоң көйгөй.

SARS-CoV-2 вирусу Covid-19га түрткү болот. Бул инфекциянын айланасында тажы сыяктуу көрүнгөн тикенектер бар. Латын сөзүнөн алганда "корона" тажы деп которулат.

Ошол тикенектерде S аттуу протеинди тапса болот. Дал ушул тикенектер аркылуу вирус адамдын клеткаларына жабышып, денеге тарайт.

Азыр вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан окумуштуулар S протеинди алсыздаган же толугу менен жок кылган ыкмаларды караштырууда. Аника Чебролу дагы ушул протеинди изилдеди.

"S протеинине жабышып, анын көрүнүшүн жана функциясын өзгөртө алган молекуланы таптым",-деп түшүндүрдү Аника.

Демек вирус адамдын клеткаларына жабыша албай калса, организмге болгон коркунуч төмөндөйт жана инфекция көбөйө албай калат.

Жаш окумуштуу молекуланы компьютердик симуляция аркылуу тапкан. Аника миллиондогон молекуланы текшерип, анын коронавируска карата таасирин карап чыккан. Андан соң SARS-CoV-2 вирусунун S протеинине таасир эткен молекуланын фармацевтикалык жана биологиялык жагдайы дагы текшерилген. Себеби бул молекуладан дары чыгаруу мүмкүнчүлүгү болушу керек.

Аника вирус жана алар менен күрөшкөн дарыларга бала кезинен эле кызыгат. Буга чейин эле ал "Испан тумоосун" изилдеген экен.

Кошумча изилдөө

Окумуштуулар Аниканын изилдөөсүн жылуу кабыл алышты. Бирок молекула чынында эле Covid-19 менен күрөшө аларын аныктоо үчүн кошумча изилдөөлөр керек экенин белгилешти.

"Аника Чебролунун анализи жана изилдөөсү таң калтырат. Ал абдан татаал ыкма менен мыкты изилдөө жасады. Келечекте ал мыкты окумуштуу болот деп айта алам. Аника туура стратегияны колдонуп, молекуланы дарыга айлантуу мүмкүнчүлүктөрдү дагы карады. Бирок бул маалыматты далилдөө үчүн лабораториялык сыноолор керек. Молекула теорияда эле эмес, чынында S протеинге жабышып, аны алсыздандыра алары сыналышы зарыл",-деди вирусология боюнча профессор Ангела Расмуссен.

Би-Би-Сиге маек курган башка окумуштуулар дагы Аниканын изилдөөсү лабораториялык сыноолор менен коштолушу керек экенин айтууда. Эгерде сыноолор ийгиликтүү болсо, анда бул ыкма менен вирус денеге тарай электе эле аны алдын ала жок кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Келечектеги үмүттөр

Аника утуп алган 25 миң долларын эмнеге короторун так билет.

"Каражатты өзүмдүн бейөкмөт уюмума котором. AcademyAid аттуу уюмум жарды балдарга окуу китептерин жана башка каражаттарды жеткирет. Бул аркылуу жарды балдардын дагы билим алып, бийиктикке чыгууга мүмкүнчүлүгү болот",-дейт ал.

Андан тышкары Аника университетте билим алуу үчүн дагы акчанын бир бөлүгүн сактап турарын айтты.

Башка окуучуларга кеңеш жөнүндө суроого, Аника эмнеге кызыксаңар ошону терең изилдегиле деп белгиледи.

"Ар дайым суроо берип тургула, өзүңөргө ишенип, суроонун артынан суроо бере бергиле. Колдо бар мүмкүнчүлүктү кое бербей, аракет жасай бергиле. Себеби келечекте эмне болорун эч ким билбейт".