Коронавирус жуктургандар жыйырма күндө беш миллионго өстү

Published

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар жекшембиде 25 миллиондон ашты.

Изилдөөчүлөр 20 күн ичинде коронавирус беш миллионго өскөнүнө көңүл бурууда. Май жана июнь айларында 38 күн ичинде бештен он миллионго жеткен эле. Демек, жайылуу темпи күчөгөн.

Пандемия 188 өлкөнүн аймагына жетип, 851 миң кишинин өмүрүн алды. Вирустун жайылышы боюнча эң жогорку көрсөткүч - Түндүк Америкага туура келет. Бул жерде 7,3 млн киши коронавирус жуктуруп алган. Андан кийин Азия - 7 млн чукул, Түштүк Америка - 6,25 млн, Европа - 3,5 млн жана Африка - 1,25 млн.

Венесуэла орусиялык вакцинаны сыноодон өткөрөт

Президент Николас Мадуро Covid-19га каршы орусиялык вакцина Венесуэлада сыноодон өтөрүн жарыялады.

Дүйшөмбүдөн тарта Венесуэлага кайрадан карантин чаралары киргизилди. Өлкөдө вирус жуктуруп алгандар саны 50 миңге чамалады. Пандемия башталгандан бери Covid-19 диагнозу коюлган 381 киши каза тапкан. Бирок эксперттер реалдуу сандар мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн дейт. Анткени саналуу гана бейтаптан тест алынган. Мадуро коронавирусту жайылтып жатат деп, чет жакка чыккан жарандарды айыптап келүүдө.

Орусиялык вакцинанын натыйжасы

11-августта дүйнөдө биринчилерден болуп Орусия Covid-19га каршы вакцинасын расмий каттоодон өткөргөн эле. Бирок иммунологдор анын натыйжалуулугунан жана коопсуздугунан күмөнсүп турат. Вакцина өтө тездик менен иштелип чыкты. Адистер кытайлык жана орусиялык вакцина баарына эле таасир этпейт деп эскертүүдө.

Кытайлык CanSino Biologics компаниясы дагы вакцинасын иштеп чыгып, аны өкмөт бекиткен эле. Орусиянын Гамалея атындагы улуттук изилдөө борбору иштеп чыккан коронавируска каршы вакцина 11-августта каттоодон өттү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы вакциналарды колдонууга уруксат берүү маселесине өтө олуттуу мамиле зарыл деп айтты. Уюмдун өкүлү Сумия Сваминатан белгилегендей, толук масштабдуу сыноо өткөрбөй туруп деле жаңы препаратты бекитүүгө ар бир өлкөнүн укугу бар. Бирок ага жеңил мамиле кылган жарабайт дейт.

ДССУ маалыматына караганда, азыркы маалда дүйнөдө 33 вакцина клиникалык сыноо баскычында турат. Дагы 143 вакцина ага чейинки баскычта.