You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Т.Сооронбаев: Пневмонияны пайда кылган бактерия күздө күчөйт
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргызстандын башкы пульмонологу Талант Сооронбаев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып коронавирустан айыккан адамга жакын арада вирус кайра жукпайт деп билдирди.
Би-Би-Си: Иммунитеттин пайда болушу, үч айдан көп сакталышы тууралуу дүйнөлүк көпчүлүк окумуштуулардын кайчы пикирлерине карабай, эмне себептен сиз иммунитет калат деген тыянакка келдиңиз?
Т.Сооронбаев: Менин сөздөрүмүн баары жогорку деңгээлде жасалган илимий жумуштардын негизинде айтылган. Көптөгөн илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында ооруп айыккан адамда иммунитетти пайда кылган нейтралдаштыруу антитулкусу деп коёт, ошол заттын бар экени далилденди. Бирок айрым адамдарда анын деңгээли төмөнүрөөк болуп жатат. Ошондуктан сакайган адам вирусту кайра жуктурушу мүмкүн деген пикирлер бар. Ал эмне үчүн төмөн экенин изилдеген изилдөөлөр катуу ооругандарда ушундай болот деп жатат. Өпкөсүнүн эки тарабы тең жабыркап, башка органдары да ооругандарда, өнөкөт илдеттери барларда антитулку төмөн болушу мүмкүн. Бирок иммунитет баары бир бар.
Дексаметазонду туура эмес, көп доза менен бергенде дагы жалпы иммунитетти алсыздандырат деген пикирлер айтылды. Коронавирус инфекциясы өзү дагы иммунитетти басаңдатат. Жыйынтыктап айтканда, ооругандардын баарында иммунитет болот. Иммунитет аз иштелип чыккандар өтө сейрек. Дүйнө жүзү боюнча саналуу адам кайра ооруду. Алардын негизинде жалпы жыйынтык чыгарганга болбойт. Кыргызстанда кайра ооруган адамды уга элекмин. Туруктуу иммунитетти пайда кылган G иммуноглобулини ооругандан кийин төртүнчү айда эң жогору болот. Адамдардын 89 пайызында эки жылга чейин сакталат деп илимий иштерде жазылып жатат. Бул мурунку SARS, MERS деген коронавирустарда далилденген. Кантсе да коронавирустардын баары бир топко кирет эмеспи. Иммунитет тубаса жана кийин калыптанган болот. Кайсы бир инфекцияга организм жолукканда ошого гана багытталган иммунитет пайда болот. Адамдын денеси азыр коронавируска туш болдубу, аны унутпайт, ал иммундук эс-тутумда калат. Коронавирус мутация болуп жаткандыктан, мисалы, бир жылдан кийин ооруса да жеңилирээк өтөт. Булар менин жеке оюм эмес, илимий эмгектерди окуп, жыйынтык чыгарып жатам. Ошондуктан кыргызстандыктар дагы ооруп калам деп сарсанаа болбосун. Бирок бул коопсуздук чараларын четке кагуу эмес. Мен дагы ооруп жакшы болдум, бирок дале беткапты чечпейм, колумду тез тез жууп турам, эл көп жерге барбайм.
Би-Би-Си: Демек, айтылып жаткандай эпидемия кайра күч алса вирусту ооруй электер жуктурат. Кыргызстанда чынында канча киши ооруду деп ойлойсуз?
Т.Сооронбаев: Ар түрдүү божомол айтылып жатат. Мисалы, АКШда бир ооруган адамга дагы онду кошуш керек деп жатышат. Үйүндө ооруп, жакшы болгондор бар. Менин жеке баамымда, расмий катталгандардан жок дегенде он эсе көп. Ошондо 500 миңдей болуп калат. Айрым анализ кылган топтор бир миллионго чейин жетти деп жатышат. Пандемия бир эле толкун менен кетет, бирок бир учурда көтөрүлүп, кайра түшүп турат. Күздө оорулардын саны көбөйүшү мүмкүн. Азыр даярдыктар жүрүп жатат. Биз адистер колдон келишинче даярдыкка салым кошуп жатабыз. Даярдыкка эмнеге көңүл бурушубуз керек? Анткени сезондук башка инфекциялар күч алат. Пневмонияны пайда кылган пневмококк деген бактерия да күздө келет. Орундуктарды, жабдыктарды, адистерди окутуп даярдаш керек. Адистер коронавирус барган сайын өзүнүн күчүн жоготот деп жатышат. Мен да ошого кошулам. Биологиялык жактан коронавирустун жашай турган жери адам. Ал бизге таасир этпей тургандай өзгөрүүгө жетет деп ойлойм.
Би-Би-Си: Кээ бир кишилер оорудан толук айыгып кетпегени тууралуу айтып жатышат. Жеңил же катуу ооруганына карабай вирустан кантип толук арылууга болот?
Т.Сооронбаев: Адегенде тактап алыш керек, ооруп айыккандардын организминде вирус жок.
Би-Би-Си: Канча күндө жоголот, туура дарыланбай калса канча күндө жок болот?
Т.Сооронбаев: Дүйнөлүк эрежелерге негиздеп Саламаттык сактоо министрлиги кабыл алган шартка жараша ооруканадан айыгып чыгарылган адам дагы эки апта үйдө обочодо болуш керек. Демек жакшы болгондон кийин дагы эки апта вирус болушу мүмкүн деп божомолдошот. Айыккандан кийин жөтөл уланып, дем алганы оорлоп калса эле вирус бар дегенди билдирбейт. Ал вирустан кийинки өзгөрүүлөр. Ал эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Азыр ушундай ооруларды дарылап жатабыз, бизде да жатат. Алар коронавирус менен катуу ооругандар. Абалы оорлорду деле биз реабилитация кылып күнүмдүк жашоого кайтарууга аракет кылып жатабыз. Биздин реабилитация программабыз эл аралык деңгээлди алганда сапаттуу. Реабилитация үй шартында жасала турган жумуш, эч кандай каражатты талап кылбайт, ага баарынын мүмкүнчүлүгү бар. Реабилитация программасын Саламаттык сактоо министрлиги жаңыртып, дагы улантабыз.
Би-Би-Си: Оорусу жеңил өткөндөргө реабилитация канчалык зарыл?
Т.Сооронбаев: Сөзсүз түрдө баарына керек. Программада беш кадам каралган. Биринде психологиялык колдоо каралган. Экинчисинде тамеки, насвай, спирт ичимдиктеринен баш тартуу бар. Үчүнчү кадам кыймыл-аракет тууралуу. Алы кеткен адамдар акырындан кыймылдап, булчүңдарын чыңдаш керек. Таза абада басыш керек. Төртүнчүсү дем алуу көнүгүүлөрү. Бешинчи кадам катуураак ооругандарга үй шартында кошумча дем алдыруу тууралуу.Бизде реабилитация боюнча топ түзүлүп, алты жылдан бери иштейт. Алар чет мамлекеттен окуп келишкен, англисче сүйлөгөн жаштар, арасында эмчи айымдар бар.
Би-Би-Си: Өлүмгө эң көп алып келген жүрөк-кан тамыр оорулары деген менен текшерилгенде жарандарда түрдүү өпкө оорулары бар экени да көрүнүп жатты. Кыргызстанда саналуу гана пульмонолог бар экен. Өпкө оорулары канчанчы орунда?
Т.Сооронбаев: Бир гана пульмонолог эмес, эпидемиолог, инфекционисттер жетпегени көрүнүп турат. Бир тармакка артыкчылык берүүгө болбойт, медицинада баары керек жана маанилүү. Негизги максат элдин ден соолугун сактоо жана өлүмдү азайтуу болуш керек. Эпидемия курчуганда бир да медкызматкер артка чегинген жок, ар бири тикесинен тик турду. Биз Кыргызстандагы дарыгерлер менен сыймыктансак болот. Аларга мамиле башкача болуш керек. Өпкө дарыгерлери жетишсиз, көп жылдан бери көңүл бурулбайт. Аларды эл аралык программа боюнча 7-8 жылдан бери даярдап жатабыз. Чет жерден окумуштуулар келип окутушат. Бирок кайсы жерлерде бөлүмдөр бар, кайсы жерге канча адис керек дегендей системалуу колдоо керек. Өмүрдү сактай турган ыкмаларды коронавирус учурунда биз ишке киргиздик, аны баары билишет. Дем алдырууга жаңы технологияларды колдондук. Пульмонологдор 30дун тегерегинде гана жана "иштегиле, силерге шарт түзүп бердик" десе биз көп нерсени жасаганга даярбыз, болгону мамлекеттик колдоо керек. Биз чоң чоң консорциумдардын, эл аралык тутумдун мүчөсүбүз. Биздин макалаларыбыз англис тилинде басылып чыгат.
Би-Би-Си: Жалпы оорулардын арасында өпкө оорулары канчалык көп?
Т.Сооронбаев: Көп. Өпкө оорулары балдардын да, чоңдордун да арасында көп. Ар бир адам жөтөлөт. Өпкөсү сезгенгендер, астма, аллергия, пневмония жана башка. Мурда кездешпеген жаңы оорулар да көбөйдү. Бул бардык жерде ушундай. Ошолорду тактап иштегенге аракет кылып жатабыз. Чынын айтканда өзүбүздүн күч аракетибиз менен кылабыз. Биздин сунуштарга, өтүнүчтөрүбүзгө көңүл бурулуш керек. Башкаруу адистердин кеңешине багытталган болуш керек. Адистерди укса жакшы өзгөрүүлөр болот. Мисалы, мен адис катары сунуштарды айтсам, өпкөнү билбеген бирөө келип мага акыл үйрөтүп, андай кылбаш керек десе кайдан өнүгөбүз?
Би-Би-Си: Коронавируска кабылгандар кантип өпкөдө калдык - фиброз калтырбай айыга алат?
Т.Сооронбаев: Фиброз калат экен деп чуу салуунун кереги жок. Коронавируска чалдыгып, пневмония болуп айыккандардан күнүнө 10-20 кишини көрүп жатам. Көбүнчө эки ай мурда ооругандар. Басымдуусунда фиброз жок. Ал өтө катуу ооругандарда гана, аз пайызда болот. Бирок фиброз такыр калбайт деп айта албайм. Ошондуктан мындан коркпошубуз керек. Бул көпчүлүктүн талкуусуна коюла турган маселе да эмес, адистер иштей турган маселе. Жөтөлүп жатам, тердеп жатам деп көп дары ичкендин кереги жок. Реабилитация эч дарысы жок өтөт. Өтө кыйналса дарыгерлерге кайрылыш керек. Өпкөсү көп жабыркап, катуу ооругандар дарыгердин көзөмөлүндө бир жыл болуш керек.
Би-Би-Си: Гриппке каршы алынып жаткан вакцина канчалык зарыл деп ойлойсуз?
Т.Сооронбаев: Вакцина жасалыш керек. Тобокел тобуна кирген дарыгерлерге, өнөкөт оорусу барларга зарыл. Аны дүйнө жүзү колдонот. Айтылып жаткан карама-каршы сөздөр адистердин ойлору эмес. Ал боюнча түшүнүгү жок адамдар да каршы чыгып жатат, коронавирус пайда болгону эксперт көйбөйүп кетти. Вакцина керек нерсе.