Коронавирус очогунда: Ухандын ээн калган көчөлөрүндөгү майрам

Published

Бир учурда коронавирустун очогу саналган Ухань шаарындагы музыка фестивалына миңдегендер топтолду. Бассейндин четинде тургандардын беткабы жок жана социалдык аралык сакталган эмес.

Бул сүрөт 2020-жылы тартылган эмес деп шекшигендер болушу мүмкүн. Ага карабастан өткөн дем алыш күнү Ухандагы Maya Beach аквапаркында тартылган сүрөттөр дүйнөгө тарап, кызуу талкуу жаратты. Ухандагы көрүнүш дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү абалдан кескин айырмаланат. Жада калса алты ай мурун эле калаанын өзүндөгү жагдай кыйла башкача эле. Январь айында шаар толугу менен жабылып, көчөлөр ээн калган.

Ухандагы карантин чектөөлөрү апрель айында жеңилдетилген, май айынан тарта калаа жайгашкан Хубэй провинциясында вирусту аймак ичинен жуктурган бир дагы бейтап аныктала элек. Вируска кабылгандардын баары башка аймактардан келгендер жана алар изоляцияга алынган.

Акырындык менен мурдагы нукка кайтып баруу

23-январда Уханда катуу карантин чаралары ишке ашырылган эле. Ошол учурда Уханда 400 киши вируска кабылып, 17 адам көз жумган. Январдын ортосунда Кытайдын бийлиги коронавирус адамдан адамга жугуп жатканын тастыктаган. Ага чейин вирус жайылып жатканы боюнча далил жок болчу.

11 миллион калкы бар шаар толугу менен жабылып, Кытайдын башка аймактары менен байланышын үзгөн. Андан соң тургундар жапырт вируска анализ тапшырып, элдин топтошуусуна тыюу салынган.

Март айында карантин чектөөлөрү жеңилдетилип, батирде жашаган бир адамга көчөгө эки саатка чыгып келүүгө уруксат берилген. Соода борборлору акырындык менен ачылып, коомдук транспорт иштеп баштаганы менен социалдык аралыкты сактоо эрежелери бекем көзөмөлдөндү.

8-апрелде карантин чектөөлөрү толугу менен алынды.

Бир нече ай бою той өткөрө албай жаткан жаштар үйлөндү.

Мектептер ачылып, коомдук турмуш өз нугуна кайтып бара жатканда, 12-майда Уханда алты кишиден вирус аныкталды.

Шаар бийлиги ыкчам чара көрүп, 11 миллион тургундардын көпчүлүгү кайрадан вирусту аныктоочу тест тапшырды. Бул кадамы менен вирустун жайылышы тез токтотулду.

Июнь айында шаардагы көңүл ачуучу жайлар ачылып, июль айында тиричилик акырындык менен мурдагы нукка кайтып барды. Кытайдын башка аймактары дагы мурдагы нукка кайтып баргандай. Учурда өлкөдө кинотеатрлар, парктар, китепканалар, музейлер жана соода борборлору эшигин ачты.

Эми Ухандагы бизнестер жоготууларын толуктоо менен алектенүүдө. Мисалы, бассейндеги фестивалдын уюштуруучулары көп сандагы элди тартуу үчүн билеттердин баасын 50 пайызга төмөндөткөн.

Wuhan Happy Valley көңүл ачуучу паркынын ээси (музыкалык фестиваль өткөн аквапарк жайгашкан жай) кишилер август айында гана коркпой келе баштаганын айтат. Азыр дем алыш күндөрү 15 миңге чукул киши көңүл ачуучу паркка келет. Бул өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе аз.

Бирок социалдык аралыкты сактоо сыяктуу эрежелерге көңүл бурбай кече уюштурулганына кытайлыктардын өздөрү дагы таң калууда. "Твиттер" менен "Фейсбуктун" колдонуучулары уюштуруучуларды кескин сынга алды.

Уханда 9,9 миллион киши вирусту аныктоочу тесттен өттү жана май айынан бери бир дагы учур каттала элек. Ошондуктан уюштуруучулар эч коркпой бул кечени өткөргөнүн айтууда.

Ал тапта дүйнөнүн башка мамлекеттеринде вирус дагы деле тынбай жайылып жатат. Дүйнөдө 21 миллиондон ашуун кишиге вирус жукту. Учурда Түштүк Корея менен Жаңы Зеландияда Covid-19 вирусунун жаңы учурлары катталууда. Эки мамлекет вирус менен натыйжалуу күрөшкөн өлкө катары аталып келген. Ошол эле учурда айрым мамлекеттер көп сандагы элдин топтошуусуна уруксат берүүдөн тартынып турат. Себеби коркунуч толугу менен кете элек.

Сүрөттөрдүн автордук укугу корголгон.