You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Вьетнам вирус чыккан шаардан 80 миңдей туристти чыгарып кетүүдө
Вьетнамдын бийликтери эң чоң курорт шаары болгон Данангда коронавирустин он беш учуру катталганына байланыштуу шашылыш түрдө туристтерди алып чыга баштаганына экинчи күн кетти. Төрт күндүн ичинде баардыгы 80 миңдей турист эвакуация болууга тийиш.
Айтмакчы, калкы дээрлик 100 млнго чукул бул өлкөдө COVID-19дан өлүм-житим жок. Ал эми инфекцияга чалдыккандар төрт жүздөн ашуун эле.
Телевизиондук жаңылыктарга караганда, Данангдан туристтерди салган учактар ар бир он мүнөттө бирден асманга көтөрүлүүдө. Вьетнам мамлекеттик авиапарктагы учактарынын көбүн бул жакка шашылыш жиберди.
Бул аптанын башында туристтик шаарда коронавирустун жаңы он бир учуру катталып, андан кийин ал көрсөткүч он бешке жетти.
Бул өлкө үчүн абдан эле чоң көрсөткүч. Шаарды сыртынан жаап, ичинде армиянын атайын химиялык багыттагы аскерлери дезинфекция жана башка санитардык чаралар көрүлө баштады. Элдин баарына беткап кийүү талабы кобюлду, массалык иш чараларга таптакыр тыюу салынды.
"Шаардык өкмөттүн буйругу менен шаар жабылганына бир нече күн болду. Шаарда эс алып жүргөн меймандарды, туристтерди чыгарып жатышат. Чет өлкөлүктөргө өзүнчө эле аңчылык башталды. Полиция кызматкерлери көчөдө жүргөн туристтерди баарын смартфонго тартып алып жатат. Көңүл ачуучу жайлар, салондор бүт, бир катар дүкөндөр жабылды. Үйдө отурабыз. Дүрбөлөңгө түшкөн эч ким жок, кырдаал локалдашты",-деди Дананг шаарынын тургуну Ильяс Маматов.
Коронавирустун жайылган жаңы учуру 27-июлда катталды. Вирустун кимден, кайдан чыкканын аныкташа элек, анын үстүнө бул вирустун агрессивдүү, бат жайылган түрү жана ал оор илдеттерге алып келет деп жатышат.
Адегенде бул вирус төрт оорулуудан аныкталган. Ошондой эле ооруканада ооруп калган төрт дарыгери жөнүндө дагы айтылып жатат.
Расмий маалыматтарга караганда, вирус жеткен үч оорукананы жаап, эч кимди киргизбей жатышат.
Коронавирустун биринчи учурлары Вьетнамда январда эле катталган. Ошондон кийин мектептерде сабактарды токтотуп, социалдык аралык, обочолонуу эрежелери киргизилип, чек ара жабылган. Натыйжада чектөө чаралары эффективдүү болуп, вирусту ооздуктаганга мүмкүн болгон эле.
Вирус жуккандар өлкөдө баардыгы төрт жүздөн ашуун, бирок калкы жүз миллионго чамалаган коммунисттик өкмөт башкарган өлкөдө бир дагы өлүм каттала элек.