You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШда вируска кабылгандардын саны өсүүдө, Кыргызстанда дарыгерлер жетишсиз
Флорида штатында бир сутка ичинде вирусту жуктурган 15,299 жаңы учур катталып, рекорд жаңырды.
Флорида май айында карантин чектөөлөрүн жеңилдеткен. Бирок ички туризмдин айынан вирус кайрадан тарай баштады. Штаттагы кыркка чукул оорукана кайра жандандыруу бөлүмдөрү толуп калганын кабарлашты.
Жалпы АКШ боюнча абал курч бойдон, вируска кабылгандардын саны тынбай өсүп жатат. Өлкөдө үч миллион эки жүз миңден ашуун кишиге вирус жугуп, өлүм-житим дээрлик 135 миңге жетти.
Ал тапта АКШнын президенти Трамп пандемия башталгандан бери биринчи жолу коом алдына беткап кийип чыкты. Президент Вашингтондун четиндеги аскердик госпиталга барып, согушта жаракат алган жана Covid-19 вирусун жуктурган медицина кызматкерлери менен жолукту.
"Беткап кийип жүрүүдөн эч намыстанбоо керек, бул сонун нерсе. Беткапка эч качан каршы чыккан эмесмин. Бир гана бардык нерсенин өз орду жана убактысы болот деп айткам",-деди Трамп.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Трамптын жардамчылары аны беткап кийүүгө үндөп жатышканын кабарлашкан. Ага карабастан Трамп чоң чогулуштарга жана басма сөз жыйындарга беткап кийбей барып турган эле.
Израилдеги өкмөткө каршы демонстрация
Дем алыш күндөрү Израилде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, өкмөт пандемия түзгөн кризисти жайгара албай жатканына нааразык билдиришти.
Тель-Авив шаарында негизинен чакан бизнестердин ээлери, ишкерлер жана маданият кызматкерлери көчөгө чыкты. Пандемия кризиси коомдун дал ушул катмарына катуу тийди. Өкмөт төлөп беребиз деген жардам кечигип, чакан жана орто бизнестер каржылык кыйынчылыкка туш болду.
Индияда болсо коронавируска кабылгандардын саны 900 миңге жакындап калды. Өлкө вирусту жуктургандар саны боюнча АКШ менен Бразилиядан (1,8 млн) кийин эле турат.
Кыргызстанда коронавируска байланыштуу рекорд жаңырды
Кыргызстанда 13-июлга карата 488 жаңы учур катталды, алардын арасында 125 медицина кызматкери бар. Өлкөдө 11 117 киши Covid-19 вирусун жуктурган болсо, алардын ичинде 1781 дарыгер.
Республикалык штаб бир сутка ичинде 15 бейтап коронавирустан, 29 киши пневмониядан көз жумганын кабарлады. Катардагы дарыгерлер статистиканы коронавирус менен пневмонияга бөлүү катачылык экенин айтып келатышат.
Жекшемби күнү бир сутка ичинде 719 кишиден коронавирус аныкталып, өлкөдө рекорд жаңырды. Бишкек шаары менен Чүй облусу вирустун очогу бойдон калууда.
Коомдук тармактардын колдонуучулары дарыгерлер жетишсиз болуп, ооруканалар жык толуп калганына нааразы болуп жатышат. Айласы кеткен өкмөт эмгек өргүүдө жүргөн медициналык кызматкерлерин ишке чакыртууну тездетүү зарыл экенин билдирди.
"Учурда коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400дөн ашуун кошумча орун даярдоонун үстүндө иштер жүрүп жатат. Бирок медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси курч турат. Аймактардан бери медкызматкерлерди тартып жатабыз. Өлкө аймагынан тышкары иштеген кыргызстандык дарыгерлер да жардамга тартылышты. Ушундай шартта биз эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлердин жардамына муктажбыз. Аларды ишке чакыртуу кажет. Бул өтө зарыл",-деди премьер-министри Кубатбек Боронов.