Демократтар импичмент боюнча ишти Сенатка берүүдөн баш тартты

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Президент Трампка карата импичмент жараяны токтотулду. Демократтар президентке тагылган айыптар боюнча ишти Сенатка берүүдөн баш тартты. Ансыз сенаторлор президентти бийликтен кетирүү боюнча маселени карай албайт.

Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси сенаторлор импичмент жарыялоо үчүн коюлган айыптар боюнча соттук жараянды өткөрүү тартибин бекитмейинче, бул иш Сенатка берилбей турганын айтты.

Мындай чечимди конгресстеги демократтардын лидерлери колдоого алып, Вашингтондо пат абалындагы кырдаал түзүлдү.

Трамп жана анын тарапташтары жараянды тездетүүнү талап кылууда. Соттук угууларда Ак үйдүн жетекчиси акталып, ага карата коюлган айыптар куру доомат экени аныкталат дейт алар. Бирок соттук угуу болушу үчүн Өкүлдөр палатасындагы демократтар расмий түрдө импичмент боюнча ишти Сенатка бериши керек эле.

Өкүлдөр палатасы жарыялаган импичмент

Дональд Трамп АКШ тарыхындагы Өкүлдөр палатасы тарабынан импичмент жарыяланган үчүнчү президент болуп калды.

Өкүлдөр палатасы президент жеке саясий кызыкчылыгы үчүн Украина өкмөтүнө басым кылып, Конгресстеги иликтөөгө тоскоолдук жаратты деп айыптады.

Демократтар импичментти жактап добуш беришти. Ал эми республикачылардын баары каршы болгон.

Эми президентке коюлган айыптар Сенатта каралышы керек. Теориялык жактан алганда, Сенат өз чечими менен Трампты бийликтен кетире алат. Бирок мындай болушу күмөн. Анткени Сенаторлордун көпчүлүгүн президентке ыктаган республикачылар түзөт.

Президентти кызматтан кетирүү үчүн 100 сенатордун 67 добушу керек. Республикачылар 53 орунду ээлеп турушат. Ошондуктан демократтарга 20 республикачынын колдоосун алышы зарыл.

Азыркы кырдаалда окуянын мындай өнүгүшү күмөндүү деди Би-Би-Си менен интервьюсунда Ричмонд университетинин юриспруденция боюнча профессору Карл Тобайас.

Сенаторлор эч кимге жан тартпай калыс болушу керектигине карабастан, республикачылардын лидери Митч Макконнелл импичмент жараянын ашкере саясаташканын айтып, угуу маалында бейтарап боло албайм деди.

Тобокелчил кадам

АКШнын тарыхында эки президентке импичмент жарыяланган - 1868-жылы Эндрю Жонсонго, 1998-жылы Билл Клинтонго. Бирок экөө тең Сенаттан акталышкан.

Шайлоо өтө турган жылда демократтар импичмент аркылуу чоң тобокелчиликке барды.

Бирок ошол эле маалда импичмент президенттик шайлоо өнөктүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул жараян Конгресске демократтардын кайра шайланып келишин кыйындатат дейт эксперттер. Өзгөчө Трамп популярдуу болгон округдардан добуш алуу татаал.

Импичмент боюнча жараян 24-сентябрда башталган эле. "Эч ким мыйзамдан жогору турбайт",-деген Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пэлоси.

Трамп кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды дегенди кескин четке каккан. Дональд Трамп Украинанын лидери Зеленский менен 25-июлда телефон аркылуу сүйлөшкөнү айыптоолордун негизги бутасы болду. Баарлашуу учурунда Трамп украин кесиптешин мурдагы вице-президент Байденге каршы тергөө иштерин улантууга үндөгөн.

Трамп 250 миллион долларлык аскердик жардамды атайын кечиктирген деп дагы айыпталды. Украинага которуу боюнча чечим кабыл алган, бирок президенттин администрациясы акчаны белгисиз себептер менен создуктуруп, сентябрдын ортосунда гана которгон.

Сурамжылоого караганда, импичмент жана Трамптын бийликтен кетиши боюнча маселеде коомдук пикир дагы экиге бөлүндү. Электораттын жарымы импичментти колдосо, жарымы буга каршы.

Washington Post жана Эй-би-си сурамжылоонун акыркы тыянактарын жарыялады. Ага ылайык, респонденттердин 49% импичмент жана Трамптын кетишин жактаган, 46% ага каршы.

Рейтинги кескин түшүп кеткен абал 1974-жылы президент Ричард Никсонду отставкага кетирген. Анткени аны импичмент аркылуу кызматтан кетирүү коркунучу тооруп калган эле.

Трамптын тагдыры эми Сенаттын колунда

Өкүлдөр палатасындагы добуш берүүдө кызмат абалынан пайдаланган деген берене боюнча импичмент жарыялоого 230 конгрессмен добуш берди, 197 каршы болду.

Конгресстин ишине тоскоолдук кылуу боюнча берене менен импичментке 229 добуш "макул" деп, 198 добуш "каршы" берилди.

Импичмент үчүн эки берененин кайсынысы болсо деле 216 добуш алса, жетиштүү болмок. Эми Трамптын кийинки тагдыры Сенаттын колунда. Ал президенттиктен кетеби же бийлигин сактап калабы 2020-жылдын январында белгилүү болот.

"Алар менин Украина президенти менен болгон сонун эле телефон сүйлөшүүмдү угуп чыгып, мага каршы колдонуп жатышат. Ал сүйлөшүүдө туура эмес эч нерсе айтылган эмес. АКШнын президентине импичмент жарыялоо бул уят",-деди добуш берүү алдында билдирүү жасаган Дональд Трамп. (AbA)