You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Санкт-Петербург: жардыруу боюнча соттолгон кыргызстандыктар айыптоо менен макул эмес
Санкт-Петербургдун аскер соту 2017-жылы он беш кишинин өмүрүн алган метродо болгон жардыруу боюнча өкүм чыгарды. Терактты уюштурган деген айып менен Аброр Азимов өмүр бою эркинен ажыратылды.
Дагы он киши 19 жылдан 28 жылга чейин эркинен ажыратылып, 500дөн 800 миң рублга чейин айып салынды.
Адвокаттар өкүмдү өтө катаал болгонун айтып, жогорку инстанцияга кайрыла турганын билдиришти. Айыпталгандар күнөөсүн моюнуна алган жок. Сотто акыркы сөз берилгенде тергөө ката кетиргенин бир ооздон айтышты.
"Акыйкаттык болот, Юсуф! Баары жакшы болот уулум, кайгырба! Бул деген улуу өлкө эмеспи, акыйкаттык баары бир ордуна келет, буга ишенем! Президентке дагы ишенем",-деди Мирзалимовдун апасы сотто.
Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу эки жыл мурун 3-апрелде болгон. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч зат метродогу "Площадь восстания" станциясынан табылган. Орусиянын Тергөө комитети "теракт" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны ишке ашырган деп теги кыргызстандык Орусия жараны, 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду аташкан эле. Ал өзүн кошо жардырып жибергени айтылган.
Бул кылмыш иши бир жарым жыл иликтенди. Тергөө жардырууга шектүү катары Жалиловдон сырткары 11 кишинин катыштыгы болгонун айтты.
Терактан 15 киши мүрт кетип, алтымышы ар кандай жаракат алган. Иликтөө жүрүшүндө Орусиянын федаралдык коопсуздук кызматы "кылмышкерлер бири-бири менен байланышуу үчүн Telegram кызматын пайдаланганын" айтып чыккан эле. Жардыруудан кийин Москвада жана Санкт-Петербургда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген бир нече киши камакка алынды. Орусиянын атайын кызматы аларды террордук уюмдарга катыштыгы болгон жана метродогу жардырууга тиешеси бар деген шек менен кармаганын айткан.
Бул кылмыш иши боюнча террордук ишмердик жүргүзгөн, мыйзамсыз курал жасоо жана жардыруучу, ок атуучу куралдарды соодалаган деген беренелер менен айып тагылган.
Жалиловдон сырткары дагы эки киши негизги уюштуруучу катары сотто аталды. Ахмед каймана ысымдуу Бабуржан Махбубов жана Абу-Салах деп таанылган кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров. Буларга эл аралык издөө жарыяланып, өзүнчө карала турган болду.
Калган айыпталуучулар сот залына алып келинди. Алардын баары орто билимдүү жана буга чейин соттолгон эмес.
- Ага-ини Азимовдордун улуусу Акрам Азимов (Кыргызстанда төрөлгөн, Орусия жараны, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы) 28 жылга
- Кичүүсү Аброр Азимов өмүр бою эркинен ажыратылды (теги кыргызстандык Орусия жараны, үй-бүлөлүү, бир кызы бар)
- Содик Ортиков (Тажикстандан) 22 жылга
- Шохиста Каримова, (Өзбекстан) жараны 20 жыл
- Махаматюсуп Эрматов (Кыргызстандын жараны, үй-бүлөлүү, бир баласы бар, такси кызматында иштеген) 28 жылга
- Ибрагибжон Эрматов (кыргызстандык, Махаматюсуп Эрматовдун бир тууганы) 27 жылга
- Махамадюсуп Мирзаалимов (Ош шаарында төрөлгөн, Орусиянын жараны, 20 жылга эркинен ажыратылды)
- Азамжон Махмудов, (өзбекстандык) 20 жыл
- Сейфулла Хакимов (Ошто туулган, үй-бүлөлүү, үч баласы бар) 19 жылга
- Бахрам Эргашев (Ошто туулган, үй-бүлөлүү, үч баласы бар) 19 жыл
- Дилмурод Муидинов, (Ош шаарында туулган, Петербургда ашпоз болуп иштеп жүргөн) 20 жылга соттолду
Тергөө
Прокуратуранын өкүлү Надежда Тихонованын айтымында, кыргызстандык Сирожиддин Мухтаров Сириянын аймагында "Таухид ал-Жихад" аттуу террордук уюм түзгөн. Уюмдун башкы кеңсеси Алеппо шаарында жайгашкан.
Прокуратура Орусиянын Сириядагы аскердик аракеттеринен улам Санкт-Петербургда террордук чабуул уюштурулду деген пикирде. Жардырууну уюштургандар орус бийлиги коопсуздукту камсыйздай албасын көрсөткүсү келген. Андан тышкары коопсуздук кызматкерлери Мухтаровго Бобиржон Махбубов аттуу адам жардам бергенин да айтышууда.
Жан кечтинин жардыруусун уюштурган Акбаржон Жалилов Сирияда Мухтаров менен Махбубов түзгөн уюмда даярдалган деген божомолдор бар. Сириядагы машыгуусунан кийин Жалилов Петербург шаарына көчүп келип, кадыресе турмушун уланткан.
Соттук угууда бир тууган Азимовдор Сириядан келген маалыматтарды Жалиловго өткөрүп бергенин айтылды. Тергөөчүлөр Азимовдор 103 миң рублду Жалиловдун банк эсебине которгону да аныкталганын ырасташууда.
"Бул каражатты жардыргыч зат жасоо үчүн жумшаган. Бомбаны "Площадь Восстания" станциясында жардыруу чечими кабыл алынып, даярдык чаралары бир айга созулган",-деп айтылды тергөө маалыматтарында.
Ошондой эле прокуратура Шохиста Каримова менен Содик Ортиков Жалиловго телефон жана электрондук капчык ачып беришкенин айтты. Кийин Ортиков терродук чабуул уюштуруу үчүн Эрматовду чакырган. Ал Петербург шаарында батир таап берген. Батирде Махмудов, Эргашев, Мирзаалимов, Муидинов жана Хакимов жашап, станциядагы эң аялуу жерлерди чогуу аныкташкан.
План түзгөндөн кийин алар Аброр Азимов менен байланышып, террордук чабуулга даяр экенин айтышкан. Бир тууган Азимовдор болсо Сириядагы Бобиржон Махбубовго кабар беришкен.
Кыйноо боюнча арыздар
Террордук чабуулду уюштурду деп шектелгендер, жардыруучу заттарды, тапанчаны жана башка буюмдарды Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү атайын таштап кеткенин айтышууда. Ошондой эле алар кыйноого алынганы тууралуу дагы айтылган.
Коомдук байкоочу комиссиянын өкүлү Яна Теплицкая бир тууган Эрматовдор кыйноо боюнча арыз жазганын сот иштери башталган учурда маалымдаган эле.
"Ал [Мухаматюсуп] 2017-жылы 6-апрелден 11-майга чейин Москвадагы жашыруун абакта кармалганын айтты. Ал 2017-жылы 5-апрелде Петербургда кармалып, Москвага жеткирилген (документ боюнча Мухаматюсуп 2017-жылы11-майда Москва шаарында кармалган)".
Теплицкая Эрматов кармалган учурунда колдору, буттары кишенделип, башына баштык кийгизилип, караңгы бөлмөдө кармалып турганын айткан деди. Ошондой эле Эрматов сурак учурунда кыйноого алынганын айттып берген.
Мухаматюсуп Эрматов - ФСБнын жашыруун түрмөсүндө кармалганы боюнча үн каткан үчүнчү фигурант. Буга чейин жашыруун түрмө тууралуу Акрам менен Аброр Азимов дагы айтышкан.
Мухаматюсуп Эрматов "жашыруун түрмө" бюнча арызын аскердик прокуратурага жолдогон экен. Ошондой эле адвокаты аркылуу дагы арызын прокуратурага жеткирүүнү өтүнгөн. Бирок Мухаматюсуп Эрматов арызы аскердик прокурорго жеткенби же жокпу азырынча билбейт.
Мухаматюсупдун агасы Ибрагибжон 5-апрелден бери дайынсыз кеткен бир тууганын издеп полицияга да кайрылганын айтты. Полиция арызын кабыл албай, эмдиги күнү кел деп койгонун да билдирди. Бир күндөн кийин полиция Эрматовдор жашаган батирге келип, тинтүү иштерин жүргүзгөн.
Ибрагибжондун айтымында, полиция кетип жатып "эртең келгиле, сүрөтүн ала келгиле, балким ал өлүп калган" деп айтышканын билдирди. Бирок кийинки күнү өздөрү кайтып келип, эшикти талкалап батирге киришкен экен. Ибрагибжон полициянын айтканына көнүп, ордунан жылбай жерде жатканын айтты. Тинтүү иштеринен кийин бир киши баштык көтөрүп келип, оролгон кара буюмду көрсөткөн экен.
- Бул эмне экенин билесиңби?
- Жок.
- Билип ал, бул сенин үйүңдө табылган бомба.
Ушундай сүйлөшүү болгон. (AbA)