Олимпиаданын жаңы эрежелери: кыйкырып сүрөөнгө алганга болбойт, кол чапкыла

Published

Эл аралык олимпиада жана паралимпиада комитети, Токио оюндарын уюштуруу комитети техникалык кызматкерлер жана спорт бирикмелеринин өкүлдөрү үчүн биринчи сунуштамасын жарыялады. Анда пандемия шартындагы санитардык чаралар тууралуу маалымат берилген.

Маселен, уюштуруучулар күйөрмандардан жана катышуучулардан ырдап, кыйкырып сүрөөнгө албоону өтүндү. Анын ордуна өзүнүн улуттук курам командасын колдоо үчүн кол чапса болот.

Кийинки көрсөтмөлөр оюндардын катышуучуларына жана журналисттерге багытталат. Биз азырынча биринчи көрсөтмөдөгү негизги эрежелерге токтололу.

Коронавирустан улам бир жылга артка жылдырылган Олимпиада-2020 ушул жылдын 23-июлунда башталышы керек. Ал эми Паралимпиада оюндары 24-августта болот. Уюштуруучулар оюндарды мүмкүн болушунча коопсуз өткөрүү жагын белгиледи. Азыркы маалда Токиодо коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал абалы жарыяланган.

Кыйкырып сүрөө жана ырдоого болойт деген көрсөтмөдөгү "гигиена" тууралуу бөлүмдө. "Спортчуларды ыр менен эмес, кол чабуулар менен колдоп тургула",-деп айтылган анда.

Мындан сырткары оюнга келген коноктордун баары жеке "иш чарларынын планын" 14 күн мурун толтуруп берет. Анда эки апта ичинде кайда барат, кандай иш-чараларга катышаарын алдын ала пландоо каралган.

Көрсөтмөлөрдү карап көрүп спортчулар өздөрү катышпай турган мелдештерге барууга тыюу салынат деп бүтүм чыгарганга болот. "Сиз мелдештерге көрөрман катары бара албайсыз",-деп жазылган анда.

Токиого учуп келген күндөн баштап 14 күн ичинде дүкөнгө, ресторанга жана башка коомдук жайларга барууга болбойт.

"Жайгашкан жериңизден мелдештер өткөрүлүп жаткан расмий жайларга жана тизмеде берилген башка жерлерге баруу үчүн гана чыга аласыз",-деп айтылат "плейбукта".

Уюштуруучулар бардык санитардык эрежелер сакталган күндө дагы вирустун жугуу коркунучу жок болуп кетпесин белгиледи.

Оюндарга келүү үчүн техникалык кызматкерлер менен спорт чиновниктерине сөзсүз эмдөөдөн өтүүнүн кереги жок. Бирок коронавируска тест тапшырышы керек. Спортчуларды болсо вируска каршы тынымсыз текшерип турушат.

Эрежелерде жабык жайлардан мүмкүн болушунча оолак болууга кеңеш берилди. Ошондой эле конокторго коомдук транспортту колдонуу сунушталбайт.

Эгерде спортчулар же башка курама команда мүчөлөрү эрежелерди бузса, анда оюндарга катышуу укугун алып коюшат.

"Бул оюндар мурункулардан кескин айырмалана турганын жакшы билебиз. Бардык катышуучуларга чектөөлөр жана шарттар каралат. Алар ийкемдүү болуп, түшүнүү менен түтүмдүү мамиле кылышын каалайт элек",-деди биринчи сунуштамага пикирин айткан Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруучу директору Кристофер Дуби.

"Өзүңөр коргөндөй биз конокторго пландарын алдын ала берүүнү сурадык. Эмне үчүн? Албетте, алардын эркиндигин чектөө үчүн эмес, бардык иш-чаралар коопсуз өтүп жатканын билип турушубуз керек. Эгер бир нерсе болуп кетсе, биз байланыштарды көзөмөлдөп, баарына маалымат беришибиз керек", - деп кошумчалады ал.