You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары кийинки жылга калды
IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары коронавирустан улам кийинки жылга жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын расмий булактары билдирди.
Кыргызстандын демилгеси менен ар эки жылда өтүп келе жаткан бул оюндарды быйыл Түркия өткөрмөк. Биринчи жолу Көчмөндөр оюндары 2014-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында өткөн. Андан кийинки 2016-2018-жылдардагы оюндарды дагы Кыргызстан өзү өткөрүп, анан кезекти Түркияга берген эле.
Өткөн жолку Көчмөндөр оюндарына 80ге жакын өлкөдөн келген өкүлдөр катышып, мелдештер этноспорттун 37 түрү боюнча өткөн.
Коронавирус дүйнөлүк профессионалдык спортко чоң чыгым алып келүүдө.
Акча самандай сапырылган спорттук мелдештерге убактылуу тыюу салынды. Анын ичинде Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндары дагы быйыл өтпөй турган болгон.
Коронавируска байланыштуу Европанын футбол бирикмеси (УЕФА) футбол боюнча чемпионатты 2021-жылдын жай айына жылдырды.
Европа чемпионаты быйыл 12-июнда башталып, Европанын 12 шаарында өтмөк. Чемпионатты жылдыруу боюнча чечим уюмдун чукул жыйынында кабыл алынды. Видео байланыш аркылуу өткөн жыйынга 55 өлкөнүн футбол ассоциациялары катышты.
Өткөн аптада Германиянын Бундеслигасы кайрадан беттештерин баштаган Европадагы алгачкы футбол лигасы болуп калышы ыктымал деп айтылган эле.
Беларус коронавирустан улам футбол лигасын токтотпогон Европадагы жалгыз мамлекет. Күйөрмандар дагы беттешке келүүдө. Бирок алардын арасында кооптонуп жатканын айткандар бар.(AbA)