You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Сооронбай Жээнбеков: Мени эч ким коркуткан эмес, кызматымды өз чечимим менен тапшыргам
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков "Кабар" улуттук маалымат агенттигинин суроосуна жооп берип, 2020-жылы октябрда президенттик кызматынан кандай жагдайда баш тартканын тактады. Жээнбеков анда ал кызматтан кетүү чечимин Садыр Жапаров менен он күндүк сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кабыл алганын айтты.
"Мени эч ким коркуткан эмес. Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен он күн бою сүйлөшүп жатып, экөөбүздүн ошол сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет.Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу, "Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган" десе, ал болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты мага түшүнүксүз".
Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаровдун ал президенттик кызматын кантип тапшыргандыгы тууралуу айткандарына ушундай комментарий берди. Бекназаров буга чейин саясий подкасттардын бирине берген маегинде Сооронбай Жээнбековду 2020-жылы октябрда "президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырган" деп билдирген эле.
"Беш жылдан бери эч кимге комментарий бербей келем аны жакшы билесиңер. Мен муну ошол кездеги окуяларды ар ким ар кандай бурмалабасын деп гана айтып жатам", - деди Жээнбеков.
2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп көчөгө чыккан демонстранттардын нааразылыктарынан соң өлкөдө күч менен бийлик алмашкан. 4-15-октябрда өлкөдө өткөөл абал жаралган. Андан соң Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматын тапшырган. Парламенттин чукул жыйынында Жээнбековдун ордуна октябрь окуялары учурунда абактан чыгып, премьер-министр болуп иштеп жаткан Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруу жүктөлгөн.
Андан соң 2021-жыл январда президенттик шайлоо өтүп Жапаров көпчүлүк добушу менен президент болуп шайланган.
Сооронбай Жээнбековдун бүгүнкү билдирүүсү өлкөдө 2020-жылы тандемдеш болгон Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин арасы сууп, Камчыбек Ташиев кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан маалга туш келди. Бүгүн Ташиев баштаган «75лердин иши» боюнча сот кайрадан жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.