Паралимпиадачы Жалалдин: өжөрлүк, дух жана эрк

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Кыргызстанда паралимпиада боюнча машыккан спортчулардын саны аз. 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн паралимпиада оюндарына Кыргызстандан үч гана спортчу катышкан.

Бул жолу 2020-жылы Токиодо болчу паралимпиадага жолдомо алууга аракет кылып жаткандардын бири - паратриатлончу Жалалдин Абдувалиев.

Паралипиада оюндары болжолу август-сентябрь айларында Токиодо өтөт. Кыргызстандын атынан катышууга лицензия алуу максаттында, паратриатлончу Жалалдин Абдувалиев тер төгүп машыгууда. Ал Кыргызстандын тарыхындагы биринчи көзү азиз паратриатлончу катары белгилүү.

Жалалдин 2011-жылы көзүнөн травма алып, үч жылдан кийин көзү көрбөй калган. Ошондон кийин таптакыр башка жашоо башталганын айтып берди.

"Көрбөй калгандан кийин жаңы жашоо башталды десем болот. Жаңы жашоо менен спорт дагы башталды. Триатлон менен үч жылдан бери машыгамын, профессионалдык деңгээлде машыгабыз",-дейт Жалалдин.

Паратриатлондо спортчунун жанында ар дайым анын жардамчысы болушу керек. Жардамчы менен спортчу сексен сантиметр аралыкта болгон жип менен байлынып, сууда сүзүшөт, чуркап баратканда да жипти кармап алып, чуркашат жана тандемдик велосипедди тебишет.

Кыргызстанда көзү азиз спортчуларга машыктыруучу табуу абдан кыйын. Себеби, мындай спортчулар менен иштешкен адамдар жокко эсе. Абдувалиевдин айтымында, анын дагы машыктыруучусу башында кыйналган, бирок убакыт өткөндөн кийин көнүп калган.

"Кыргыз Республикасынын тарыхында көзү азиз спортчу болгон эмес экен. Ошого байланыштуу машыктыруучуларды табуу кыйынга турган. Машыктыруучуларга барганда эле, мен көзү көрбөгөн адамдар менен иштешип көргөн эмесмин, иштей албаймын деп, эшикти жаап салышчу".

Триатлондун федерациясы Кыргызстанда 2016-жылдын декабрь айларында ачылган. Бассейн "Дельфиндин" карамагында. Ошол жактан, азыркы менин машыктыруучум, коштоочум Андрей Канадеев мага биринчи машыгууларды өткөргөн. Башында абдан кыйналган. Кийин кандай иштешти түшүнүп алгандан кийин оңой эле болду ага деле. Үч жылдын ичинде көп ийгиликтерге жеттик".

Паратриатлончу үч жылдын ичинде эки жолу Азия чемпионунун коло медалын, Кыргызстандын эл аралык спорт чеберинин наамын алган.

"Биринчи жеңишим 2017-жылы болгон. Филипинде Азия чемпионатты болуп, ошондо чемпионаттын коло медалын утуп алганмын".

Кыргызстанда паралимпиада спортчулар көп деле эмес. Себеби алар машыгуу үчүн мүмкүнчүлүктөр жок. Андан тышкары мышыктыруучулар дагы аз.

Өжөрлүк, дух жана өзүн-өзү курмандыкка чалуу...

Паралимпиадалык оюндар олимпиададан кийин эле башталат. Көптөр адамдын өжөрлүгү, духу салтка айланган Пьера де Кубертенанын оюндарында эмес, Людвиг Гуттманндын паралимпиада оюндарында көрүнөт деп эсептешет. Чыдамкайлык, чечкиндүүлүк, өзүн-өзү курмандыкка чалуу духу, бийик сапаттардын көбү паралимпиадачыларга мүнөздүү.

Паралимпиада оюндары алгач 1948-жылы Лондондо өткөрүлгөн. Людвиг Гуттман деген немис дарыгери 1939-жылы Германиядан Лондогон келип, Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлеринин омурткасын, жүлүнүн дарылоо менен революция жасаган. Майыптарга терапия жүргүзүү учурунда ал спорттук көнүгүүлөрдү жасатып, араң жан ардагерлерди акырындык менен спортко түрткөн.

Ал оорукчан кишилердин азабын, кыйналуусун жеңилдетүү үчүн жашоодо өзүнүн булчуңадарын ишететүү, физикалык алсыздыгы менен күрөшүүгө багыттаган. Майып кишилер өздөрүн алсыз, керексиз сезбеш үчүн ал алардын алдына максат койуп, ал үчүн күрөшүп, кыйынчылыктарга чакырык таштап, бой урууга, аны жеңип чыгууга шыктандырган.

Дарыгер майыптык коляскада олтурган кишилер ортосунда мелдештерди өткөрүү иштерин уюштурууга да көп убактын сарптаган. Алгачкы спорттук мелдеш 1948-жылы өтүп, ар кайсыл госпиталдардагы кары-картаңдар, согуш ардагерлери жана майыптар катышкан. Алгач, майыптардын ортосунда баскетбол, найза ыргытуу боюнча мелдештерди өткөргөн. Ошондон тарта мелдеш жыл сайын өтө баштап, ал Stoke Mandeville Games (өзү иштеген аскер госпиталынын аталышы менен) деп аталып, өзүнчө уюум катары таанылган.

1960-жылы Stoke Mandeville Games мелдеши Римде өткөн Олимпиада оюндары менен удаа өткөрүлгөн. 1984-жылкы Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен ушул оюндар расмий түрдө биринчи жолку Паралимпиада оюндары деп таанылган.

Ушул окуядан төрт жыл өткөндөн кийин майып спортчулардын Эл аралык спорттук уюму түзүлүп, ага 16 өлкө мүчө болуп кирген. 1964-жылы Жапония башкалаасы Токиодо паралимпиадалык оюндары расмий түрдө өткөрүлүп, оюндардын эн белгиси пайда болгон. 1976-жылдан тарта кышкы жана жайкы оюндары өтүп келе жатат.

Гутманндын методдорунун өзгөчөлүгү анын пациенттерине жасаган мамилесинде болгон. Ал аларды өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү, өзүнүн ишенимдерине ээ болуп, өз жетишкендиктерин алты саны аман кишилер менен салыштырбоого үйрөткөн.

Бул биринчи кезекте Stoke Mandeville Games уюмунун өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Кийинчерээк бул паралимпиада оюндары болуп чыга келди.

Паралимпиада оюндары азыр эволюциянын жарылуучу этабында турат. Майыптар башка кишилердин боор ооруу, кейүү, алсыз көрүү сезимдерин жокко чыгарып жатышат.

Паралимпиада оюндары азыр эволюциянын жарылуучу этабында турат. Майыптар башка кишилердин боор ооруу, кейүү, алсыз көрүү сезимдерин жокко чыгарып жатышат.

Оюндардын тарыхында калган эр жүрөк жана баш ийип таазим кылууга татыктуу ондогон атлеттердин ысымы жазылып калды.

Айбек Абдылдаев, Айгерим Акылбекова