You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Менин кызым асынмак эмес". Жаш келиндердин өлүмүнө эмне себеп?
Кыргызстанда жаш келиндердин өмүрүн алган трагедиялуу окуялардын артында эмне турат? Май айынын аягында эле Кара-Суу районунда эки күндүн ичинде эки жаш келин өз жанын кыйганы кабарланган. 27 жаштагы Гүлдана Алишер кызынын артында үч баласы калды. 21 жаштагы Анара Абдуллаеванын болсо 1,5 жаштагы эгиз уулдары энесиз жашап жатат. Ага чейин Ноокатта 21 жаштагы Айжаңыл Аликараеванын өлүмү катталган. Анын жакындары расмий версияга ишенбей, Айжаңылдын өлүмүнүн себебин кайра карап чыгууну талап кылууда. Би-Би-Си Кыргыз кызматы маркумдардын жакындары менен жолугуп, бул окуялардын чоо-жайын иликтеди.
"Артында эгиз уулдары калган"
Артында эгиз уулдары калган Анара Абдуллаева Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мамажан айылында жашачу. Жеңелеринин айтымында, ал өзүнүн алысыраак тууганына турмушка чыккан. Бирок эки жаш үйлөнгөндөн бир ай өтпөй, Анаранын жолдошу Орусияга иштегени кеткен. Ошондон кийин Анара ата-энесинин үйүнө келип-кетип жүрүп, турмушу жакшы болбогонун, эгиз уулдарын Анара төркүнүндө жүрүп төрөп, чоңойтуп келгенин жеңелери айтып берди. Алар ушул күнгө чейин болгон окуяга ишене албай турат. Анара ата-энесинин үйүндө өз жанын кыйган дейт бир тууган жеңелери.
"Азыр ушул жөнүндө сүйлөштүк эле. "Эмнеге ушундай болду, ушуга жетти?" деп өзүбүз да сүйлөшүп отурдук эле. Өткөнүнө кыйла болду, бирок эч түшүнүп жете албайбыз. Үчөөбүз тең ушул жерде жашачубуз — эки келин, бир кыз болуп. Бири-бирибизге катуу сүйлөбөйт элек. Мен ошол күнү эртең менен бала бакчага бардым. Эки баламды бала бакчага таштап, анан кичинекей кызымдын эмдөөсүн алып келдик. Балдарын ойнотуп отурган. Күйөөм кечки саат тогуздарда келген. Келип булар менен отуруп, балдарын эркелетип, анан үйгө кирип кеткен. Балдарды уктатып коюп, чыгып иш кылам деген боюнча өзүм дагы уктап калыптырмын. Саат 11лерде бир ойгонсом, тынч эле болчу. Кайра көзүм илинип кеткен экен, жүгүргөн, тапыраган үндөн ойгондум. Абысынымдын «кыз» деген үнү чыкты. Шашып эле туруп чыктым. Чыксам, бул жакка алып кирип, үстүнө суу куюп, үчөө кармап отурушкан экен. Чыгып эмне кылышты билбей, эмне болду дегиче, кайнимдин досу машинасы менен келди. Анан ооруканага алып кетишти. Кийин эки саатка жетпей кайним чалды. "Жалгызымдан айрылып калдым, Анашымдан айрылып калдым", — деп ыйлап, кайра-кайра айтты. Ошол боюнча бизге сөз деле сүйлөгөн жок".
Эми гана 21 жашка толгон Анара эки уулдан кийин туулган жалгыз кыз болгон. Жеңесинин айтымында, ал жолдошунун Орусиядан келбешине көзү жеткен соң, алиментке тапшырууга аракет кылган. Бирок жубайлардын нике күбөлүгү жок болгондуктан алимент чыгара албай жүргөн экен.
"Кийин "Төрөгөнүмдө (жолдошум) келет экен, жеңе" деп жатты эле. Бирок төрөгөндө келбеди" - дейт маркум Анара Абдуллаеванын жеңеси.
Азыр маркум Анара Абдуллаеванын эгиз уулдарын чоң энеси алып кетиптир. Алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбсара Рыскулова Кыргызстанда оор турмуштук кырдаалга дуушар болгондор үчүн дасыккан кыргыз тилдүү психологдор жокко эсе экенин, көйгөй менен күрөшпөсө мындай окуялар кайталана берерин айтууда.
"Үй-бүлөдөгү суицидге барган адамдын өзүнүн ички көйгөйү сырткы үй-бүлөлүк алакага такыр келишпей калат, эмне кылаарын билбей калат. Ал түздөн-түз өзүнүн жанын кыйгысы келген жок, жардам сурап жатат. Ошол убакта жардам берип калыш керек. Тилекке каршы, «"сихологсуз эле жашайбыз" дешет. Бизде практик, кыргыз тилдүү психологдор аз болуп жатат. Түбүнөн билген, психоанализ жасаган кесипкөй адистер аз болуп жатат. "Мен психологмун, коучмун" деп эле чыгышат, бирок алардын баасы кымбат, колунда жоктор ага бара албайт. Куру дегенде ички көйгөйүн айтып, өзүнүн бугун чыгарып алышы керек да. Адамдын ички дүйнөсү кайнап жатса, эч жактан бугун чыгара албаса, чыгара турган жардам болбосо, өзү дагы психологиялык жактан сабатсыз болсо, көп жактан жардам болбосо — мына ушинтип жарылат, ушундай окуялар көп болот да".
"Ал муунуп алгандай мойнунда жиптин изи деле жок"
Маркум Гүлдананын жакындары ал ур-токмоктон улам каза болгон деп болжоп отурушат. Себеби анын денесинде көгала болгон издер калганын айтышууда. Апасы Анаркан Пазылова кызым муунуп өлбөйт болчу деп отурат.
"Муунуп өлүп алды дейт. Ал муунуп алгандай мойнунда жиптин изи деле жок. Эми байлаптыр, бирок мойнуна кирбептир деле. Мен өзүм медицина тармагында эмгектенем. Мойнуна жип батпаптыр. Батса, беттери көгөрүп, башкача болуп калат го. Ал (жолдошу) мыналарына тепкен. Кызым тамакты сонун эле жасайт эле. Үч баласы бар болчу. Жолдошу аябай кызганчаак эле, телефонун өзүнө улап жүрөт эле. Мына үйүбүзгө келсе да: "Ким менен жатасың? Жаныңда ким бар?" — деп сурайт эле. Анан: "Кой, балам, бул болбойт, ажырашып эле алгын, эркин жүр", — дейт элем. Достору же туугандары менен деле сүйлөшө албайт эле. Ошолорго чыдап жүрдү. Үч айлык баласын таштап, байер болуп базарга чыгып жүрдү. Бирок менин кызым асына турган кыз эмес. Мен эч качан ишенбейм. Акыл-эстүү, ушундай шадыраңдаган кызым бар эле. Ошондо келе берсе болбойт беле, ичиме баткан сыртыма деле батат эле. Мына жерине тепкендей - ушул жери чуңкур болуп турат. Анан ушул жактары көгала дейт. Үч баласын үйүнө да таштап келбейт эле. Ээрчитип келип, ээрчитип кетет эле" - деди Анаркан Пазылова.
Ал эми маркумдун жеңеси кайын сиңдиси зомбулукка кабылып жүргөнүн айтты.
"4-апрелде мага чалган: "Кызганып эле жүрөгүмдү сыгып бүттү", — деген. Анан мен айттым эле: "Катуу эле жаңжал болуп жатат окшойт, үйгө келе бериңиз", — дедим. "Ооба, үйгө барам, эч кимге айтпай туруңуз", — деди. Ошондо жиберген аудиосу да бар. "Апама дагы, акеме дагы айтпаңыз, мен кичинекей баламды алып барам", — деген. "Макул", — дедим. Анан кечинде жаздым: "Жоксуз го, мен манты жасап, сизди күтүп жатам го", — дедим. "Жеңе, үйгө келдим, барбай калдым", — деди. Үйүнө барганда эле кеткиси келбей калат эле. "Нургазы бирдеме десе, айтыңыз, барып сүйлөшөлү", — дедим. "Жок, жеңе, акелериме билдирбеңиз, кыжаалат болот", — деп эле акелерин этияттай берчү. Кайын сиңдимди аябай коркок кылып койгон экен. Көздөрү алаңдап, "бул жакка тур" десе, бул жакка өтөт, "бул жакка тур" десе, баласын көтөрүп алып бул жакка басат. Анан биз болбой, баласы менен алып келе бергенбиз. Алып келе берсек, түндө келип алып, күйөөмдү жакалайт: "Чыгарып кой менин катынымды! Ал менин махрамымдагы катыным, сенин алып кеткенге акың жок", — деп. Анан көңүл бурбай эле, «мас окшойт» деп, күйөөм телефонду өчүрүп койгон. Эртең сүйлөшөбүз деген. Күйөөм ооруп жатты эле, эртеси эле Бишкекке алып кеттим. Ошентип кайын сиңдим калган. "Кетпейсиң" деди эле. Жогору жактагы үйгө алып келип койгонбуз бул жакка, биздин үйүбүз ылдый тарапта. "Алып келип коюп кетпе2 деди эле. Мен "келип өзүм сүйлөшөм" деген. Келсек, кетип калыптыр. Анан кайын сиңдим: "Менин турмушума аралашпай эле койгула, бул ушинтип тынчтык бербейт, ортодо эле жаман көрүнүп каласыңар, бекер айтыптырмын", — деп эле, ошондон кийин айтпай калды урушун. Ошентип эле өзү ортодо сыгылып жүрө берген да, урушун угуп эле. "Айтсам, минтип акелерим менен мушташат экен" деп кыжаалат болгон да".
Азыр Гүлдана Алишер кызынын иши боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалган. Биз анын кайын сиңдиси менен байланыша алдык. Маркумдун жолдошу телефон чалууларыбызга жооп берген жок.
"Ал үч баласы менен тамак ичип жакшына эле отурган. Кайненеси базарга кеткен. Акем туруп эле Гүлү кана, Гүлү кана деп балдарынан сураган. Алар билбейм деген. Анан ал жак бул жакты карап, малкана жакка барып эле терезеден чачын көрүп калыптыр. Анан барып эле түшүрүп ооруканага алып барган да" -дейт маркумдун кайын сиңдиси.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан жогорудагы эки факты боюнча ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки иштерди башташкан.
"Бул эки факты боюнча ыкчам тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки иштерди башташкан. Ал эми маркумдарга карата соттук медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө иштери уланууда. Бүгүнкү күндө ошол экспертизанын жыйынтыгы менен эки факты боюнча дагы юридикалык баа берилет".
"Бир бөйрөгү менен жатыны жок"
"4-5 ай болуп жатат. Ошондон бери бут тосуп келишти. Биз: "Биринчи экспертизанын жыйынтыгына ишенбейбиз", — деп кайра арыз жазып, экинчи жолу экспертизага бердик. Бүгүн көрдү ачтырдык. Бардык, ачтырсак — бир бөйрөгү жок, жатыны жок, мына. Ошолорду өз көзүм менен көрдүм. Ошолорду айтты, жазып алышты. Өздөрүнө ынсап берсин. Акыйкат чыгарып берсин. Мага акыйкаттык эле керек. Мендей боздошпосун. Өлөөр кызым өлдү, макул, менден кийинки балдарым, кыздарым, неберелерим, туугандарым мага окшоп боздоп калбасын. Менден кийинкилерге да сабак болсун деп, алты айдан бери акыйкаттык издеп жүрөм. Бөйрөгүндөгү көгаласын ошол жерден экспертизага алып кетип жатканда сүрөткө тартып алдым эле. Ошол тартып алган сүрөттөрүм бар десем, тергөөчүлөр: "Жатып калганда кан уюп калат", — дейт. Бул жатпай атпайбы? Асынды деп бизге кабар бергенде, биз жетип бардык да. Мына, бөйрөгүндө ошондо эле көгү бар эле. Ошондо тартып алдым эле. Муну эксперттерге, тергөөчүгө көрсөтсөм: "Бул жатканда кан уюп калат", — дейт. Бул бир же эки сутка жатпады да. Мага жазгандан кийин үч сааттын ичинде эле өлүп жатпайбы. Төрт сааттан кийин өлдү, мен бешинчи саатта бардым. Алтынчы саатта алып чыгып кетип жатканда ушундай болуп жатпайбы, көгаласы бар. Ушул көгаланы жашырган булар. Ушул ургандагы көгүн жашыруу үчүн бөйрөгүн алып койгон. Боюнда жок деп чыгарып берип жатат, жатынын алып койгон. Мына, азыр биз барып ачтырдык. Кыйналсам да макул, «мага акыйкаттык керек" деп ачтырдым. Жолдошум экөөбүз макул болуп ачтырдык".
"Апа, ушинтип уруп жатат мени, келип алып кетиңиз", — деп жазып, үлгүрүп калып жатпайбы. Ошол деле факт да. Төрт эли эмес, бир кагаз болсо да — факт. Эгерде ушул кыз чоңдордун кызы болгондо, эмдигиче күнөөлүүлөр камалып, иш жабылат эле. Мага окшогон карапайым элдики жабылбай жатпайбы. Акыйкат издеп жүрөм минтип, кайра-кайра каздырып. Мага кайра-кайра каздыруунун кереги жок. Бул жерде мен акыйкаттык издеп жүрөм. Кызым өзүн-өзү асып өлө турган кыз эмес. Мурун да кызым күйөө баладан токмок жеп жүргөн.
"Дин жактан алып караганда, жин-шайтан дагы азгырык кылган"
Ал эми маркум Айжаңыл Аликараеванын жолдошу Улан Абдыманнап уулу келинчегинин сөөгүн үйүнөн чыгарып жатканда анын денеси бүтүн болгонун, жатыны менен бир бөйрөгү эмне болуп жок болуп калганын билбей турганын айтты. Ал кайын журту айткандын баарын четке кагып, жубайынын мындай кадамга барганын түшүнбөй турганын, окуядан бир күн мурда эле аны УЗИге алып барып келгенин айтууда.
"18-февраль күнү саат 12де УЗИге киргенбиз. Мен машинада отурдум эле. "Бар бекен?" деп жазгам. Ал "Кезек көп экен" деген. "Канча адам бар экен?" десем, "Он адам", — деди. Анан мен бул мемди жөнөттүм. Бир аздан соң, 12:13тө жазгам: "Эмне болду, жаным?" деп. Эмне себептен бул ишке барды? Менин жеке оюмда, жуунуп-таранып, ички кийимин эки жолу жууп, жуунуучу бөлмөгө коюп жатат. Анан өзү тазаланып туруп, өзүнө кол салып жатат. Менин жеке оюм ушул. Биз ооз ачарга кеткенден кийин, карындаштарым менен бир жакшына чай ичишкен. Анан "Сиздер отуруп туруңуздар" деп эшикке чыккан. Ошол эшикке чыкканда, кандайдыр бир боюнан түшкөн же чочуп, анан ошол жерде кыжалат болуп баштаганбы дейм. "Мындан кийин мен балалуу болбой калат окшойм, андан көрө ушундай кылайын" дедиби? Дин жактан алып караганда, жин-шайтан дагы азгырык кылган. Бул жерде таза адам өзүнө кол салуусу өтө кыйын" - дейт Улан Абдыманнап уулу.
Улан Абдыманнап уулу буга чейин Орусияда жүргөндө да жубайынын курсактагы баласы өспөй калып, аны операция жолу менен алдырганын кошумчалады. Айжаңылдын мал сарайда асынып турганын алгач жеңеси көргөнүн айтты. Биз Айжаңылдын абысынынан окуя боюнча сурадык. Ал укол алуу үчүн абысынын издеп келип таппай, анан мал сарайдын жарыгын өчүрүү үчүн барганда ошол жерде маркумдун асынып турганын көргөнүн айтууда.
"Бул жердин жарыгы өчүк эле. Бул жактыкы жанып турган болчу. Кирсем эле мал сарайда асылып туруптур. Анан кайним экөөбүз келип алдык. Андан кийин кошуналар келип калды. Жиптин изи турат азыр деле".
"Балам анын өлгөнүнө ишенбеди"
"Мен келсем, коридорго жаткырышкан экен, ошол жерден бетин сыйпалап, "жаны бар бекен?" деп, колтугуна колумду салдым. Ошол маалда балам аябай: "Айжаңыл эле, Айжаңыл!" — деп чыйпылыктап жатыптыр. Балам деле өлгөнүнө ишенбеди. Тирилип кете тургандай эле улам бетине-бетин коюп, "Айжаңыл эле, Айжаңыл!" — деп жатыптыр. Көкүрөгүн басып жаткан экен. Анан бирөөсү: "Тамырын кармап текшерип кой", — деп баламды алышты. Ошондо деле өлөт деп ойлободук эле. Келиним деле жаман эмес эле. Үйлөнгөн соң эки айдан кийин Москвага кетишкен. Окуумду бүтүрөм деп, баламдан бир жарым ай мурун келген".
Милициянын маалыматына ылайык, маркумдун жолдошуна карата соттук психиатриялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен баарына юридикалык баа берилет. Ошондой эле Айжаңыл Аликараеванын иши учурда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин милициядан кошумчалашты.
"Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбсара Рыскулова мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн мамлекет менен коомдук уюмдар жапа тырмак иштөөсү зарыл экенин, акыркы учурда адамдардын аң-сезими өзгөрүп өткөөл куракты башынан өткөрүп жатканын баса белгиледи.
"Эгерде үй-бүлөдөгү чыр-чатактан улам жанын кыйган болсо, анда биринчи кезекте коомдогу, үй-бүлөдөгү ургаачы менен эркектин орду, ролу маанилүү орунда турат. Эгерде коомдо эркек-аял дебей эле, адам деп кабыл алган саясат болсо, мындай көрүнүштөр азыраак болот. "Силер 30 жылдан бери иштеп жатып эмнени токтоттуңар?" — дейт. Биз токтото албайбыз дечи, бир-эки уюм. Мындай уюмдар көп болушу керек. Мамлекет тарабынан ушундай уюмдар ачылышы керек. Ачылды, бирок аз. Бир же экөө эле бар. Азыр коомдо кыйын мезгил, өткөөл мезгил созулуп кетти. Анан адамдардын аң-сезими, психологиясы өзгөрүп жаткан мезгилде, бул биринчи кезекте үй-бүлөгө таасирин берет экен. Анан муну токтотуш үчүн мыйзамдардын баары бар. Бирок ошол мыйзамдардын иштеши жалаң эле үй-бүлөгө багытталган эмес, дегеле бизде мыйзамдын иштеши начар" - дейт "Сезим" борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскулова.
Кыргызстанда акыркы жылдары үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өскөнү айтылууда. Расмий статистикага ылайык, 2025-жылы Кыргызстанда 22 миң 152 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 28% же 4836 фактыга көп. 2025-жылы 25-декабрда ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан 31 адам ажал тапканын билдирген. Адам укугун коргоочулардын жана кризистик борборлордун пикири боюнча, жабырлануучулардын көбү уялганынан, коркконунан же үй-бүлөсүнөн ажырап калуудан чочулагандыктан, органдарга кайрылбай, маалыматтар көмүскөдө калган учурлар да арбын. Бириккен Улуттар уюмунун акыркы баяндамасында 2023-жылы жер шарында 85 миң кыз-келин өлтүрүлгөнү айтылат. Кылмыштын 60% интимдик өнөктөшү же үй-бүлөдөгү жакын адамы жасаган. Баяндамада дүйнөдө ар бир он мүнөт сайын бир аял же кыз фемициддин курмандыгы болору, күн сайын 140 аял жакын адамынын колунан жан берери белгиленген.