Аборигендер же түпкүлүктүү эл коронавирустан катуу жапа чегүүдө

    • Author, Терри Хансен
    • Role, BBC Future
  • Published

Виктория Таули-Корпус февралда аборигендердин укуктары жөнүндө БУУга атайын доклад жасоо үчүн узак сапарга аттанган. Ал көп өлкөлөрдү кыдырып, маалыматтарды жыйнамак. Бирок анын бул сапары жаңы коронавирустан улам башталбай туруп аягына чыкты. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү чектөө чараларын киргизип, аба каттамдарын убактылуу токтотту.

Таули-Корпус Филиппинден кайра үйүнө учуп келип, Covid-19 илдетине байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө кол кабыш кылууга өттү. Көп өтпөй жаңы вирус айрым түпкүлүктүү элди тукум-курут кылышы мүмкүн экенин түшүндү.

Дүйнө жүзү боюнча инфекциялардан, өзгөчө белгисиз болгон вирустардан көп жабыр тарткан бул - түпкүлүктүү эл болот. Канадада "чочко тумоосу" аталган H1N вирусунун эпидемиясы маалында ооруканага кабылгандардын 16 пайызы аборигендер эле. Болбосо, алар өлкө калкынын 3,4 пайызын гана түзөт.

Азыркы маалда дагы Covid-19 илдетинин кесепети ушундай болууда. АКШда коронавирустан ак ыраңдуу америкалыктардын үч миң алты жүзүнөн бирөө каза тапты, ал эми континенттин түпкүлүктүү элинин урпактарынын көрсөткүчү - бир кишиге эки миң үч жүз. Мындан дагы оор абалга кабылгандар - афроамерикалыктар.

Майдын орто ченинде навахо эли катуу жабыр тартканы белгилүү болду. Коронавирустун көрсөткүчү боюнча эң алдыга чыкты. Алар АКШнын түштүк-батыш бөлүгүн байырлайт.

"Бизде [түпкүлүктүү элде] кризисти жашап кетүүгө зарыл болгон оорукана, дарыгерлер, өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар аз, - дейт Виктория Таули-Корпус. - Түпкүлүктүү элдин арасында өнөкөт оорулардан жапа чеккендер көп. Ошол эле маалда чала-чарпыт тамактануудан улам дагы ооруга туруштук бере албай калышат".

Амазондун түпкүлүктүү калкы өзгөчө аялуу деп саналууда. Анткени алар кесипкөй медициналык жардамдан өтө эле алыс жашайт. Бразилияда эпидемия 38 уруунун баарына жетти.

"Анысыз деле алар токойдогу өрт, өндүрүш жана айыл чарбасынан улам жерлери тарып, өлбөстүн күнүн көрүп жашап жатышкан. Эми болсо пандемия дагы бир кризиске кептеп, алардын тукум-курут болуп кетүү коркунучу күчөдү",-дейт Amazon Watch уюмунун аткаруучу директору Лейла Салазар-Лопес.

Түпкүлүктүү эл дагы өзүн изоляцияга алган учурлар бар. Эквадордо секойя уруусунун 45 өкүлү бүлөсү менен токойдун тээ түпкүрүнө кирип кеткен. Тагыраагы мурда бабалары жашаган Лагарто-Коча аймагына. Бул жер Перу менен чек арага жакын жайгашкан. Алардын уруусунан бир карыя вирустан көз жумган экен. Башка эч ким оору жуктурган эмес, деди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

1918-19-жылдары "испан тумоосу" алаамат салган маалда Аляскада түпкүлүктүү калктын 200дөй коому сырткы дүйнө менен байланышын үзүп салганы көптөрдүн эсинде.

Тынч океандын түштүк бөлүгүндөгү Кука аралынын түпкүлүктүү калкы дагы ушундай кадамга барды. Алар чек арасын жаап, коменданттык саат киргизип, 40 миңден ашуун кишиден коронавируска каршы тест алды.

"Бул биздин жашоочулардын 20 пайызы. Биз АКШ штаттарына, дүйнөдөгү көп өлкөлөргө салыштырганда калктын көп бөлүгүн тесттен өткөрдүк",-деди Навахо коомунун президенти Жонатан Нез.

АКШнын Улуттук парктар кызматы 15-майдан тарта Гранд-Каньонду туристтер үчүн кайрадан ачык деп жарыялаган. Бул навахо эли жашаган аймакта. Алар менен эч кандай макулдашуу болгон эмес. Аймакта Хавасупай конушу бар жана анын 15 пайыздайы кары-картаңдар. Көпчүлүгү диабет, астма сыяктуу оорулардан жапа чегет. Ошол эле маалда туризм алардын негизги кирешеси эле. Хавасупайдагы укмуш кооз шаркыратмаларга барчу жолдор дагы деле жабык. Уруу башчылары кайрымдуулук уюмдарынан жардам сурады.

"Бразилия менен Индонезияда айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдарын жумшартып жатышат. Кения менен Угандада түпкүлүктүү уруулардын жерин басып алган учурлар көбөйдү",-дейт Виктория Таули-Корпус. Эгерде карантин чараларын киргизип, ресурстарды бөлүштүрүп, алардын жерге ээлик кылуу укугун сактаса, түпкүлүктүү калк деле вирустан сактана алмак дейт ал.

Covid-19 түпкүлүктүү элдин жашоо образы үчүн дагы өзгөчө кооптуу абалды түздү.

"Биздин аксакалдар жаш муунга өздөрүнүн табигый медицина жана эмчи-домчулук боюнча билген сырларын толук өткөрүп берүүгө үлгүрбөй жатат",-дейт Эквадордогу ваорани элинин өкүлү Немонте Неткимо.

Мындай салттуу илимдер оозеки эле атадан-балага өтүп келген. Карылар арасындагы өлүм-житим жаштарды мындан да кур жалак калтырууда.

"Мындай илим жашоо тажрыйбадан жыйылган. Бардык тирүү нерселер бизди гармонияга үйрөтөт. Биз ансыз өзүбүздүн иденттүүлүгүбүздү, дүйнөнү кабылдообузду жана маданиятыбызды жоготобуз",-деди секойя уруусунун бакшысы, 80 жаштагы Делфин Пьягаже.

Узак жылдан бери ар кандай коркунучтар менен кагылышып келе жаткан түпкүлүктүү эл үчүн коронавирус катуу сокку болду окшойт. (AbA)