Үй-бүлөдө канчанчы болуп төрөлгөнүң мүнөзгө таасир этеби?

Published

Айрымдар үй-бүлөдө канчанчы болуп төрөлгөнүң мүнөзгө, эстутумга, турмуштагы ийгиликке таасир этет деп ишенет. Би-Би-Синин алып баруучусу жана дарыгер Радха Моджил мында чындык барбы деген суроого жооп издеди.

Ким экениңди издөө

Жаш кезден бери ар түрдүү стереотиптерди сиңирип алган болосуз, анын арасында үй-бүлөдө канчанчы болуп төрөлгөнүң мүнөзгө таасир этет деген теория дагы бар.

Бул идеяны биринчилерден болуп австриялык психолог Алфред Адлер айтып чыккан. Адлер аны 20-кылымдын башында айткан эле.

Адлер жети бир тууганы менен бир үй-бүлөдө чоңойгон. Өзү ортончу болуп төрөлгөн бала эле. Психолог бир үй-бүлөдө чоңойсо дагы, ар биринин өзүнүн мүнөзү бар экенине таң калып, ушул маселени иликтеген.

Үй-бүлөдө канчанчы болуп төрөлгөнүң мүнөзгө таасир этет деген теориясын Адлер 1927-жылы жарыялаган. Окумуштуу ата-эне улуу жана кичүү баласына башкача мамиле жасагандыктан, балдардын мүнөзү дагы өзгөчөлөнүп турат деген тыянак чыгарган.

Тун бала

Адлер үй-бүлөнүн улуусун жоопкерчиликтүү, этият, башкарууну жактырган адам катары мүнөздөйт. Ата-эне улуу баласына башында көп көңүл буруп, кийин төрөлгөн башка балдарына көп карагандыктан, ал өзүн кароосуз калгандай сезет.

Атактуулардан Британиянын мурдагы премьер-министри Уинстон Черчилл же Гарри Поттер китептеринин автору Ж.К. Роулинг үй-бүлөнүн улуусу.

Ортончу бала

Адлердин айтымында, ортончу балага көп көңүл бурулбай калгандыктан, ал үй-бүлөдө тынчтыкты орнотуучу ролду аткарат. Анын мүнөзүн улуусуна карап карап калыптанат.

Атактуулардан "Microsoft" компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири Билл Гейтс менен ырчы Мадонна үй-бүлөдө ортончу болуп төрөлгөн.

Көкүрөк күчүк - кенжеси

Үй-бүлөнүн кичүүсү биринчи кезекте өзүн ойлоп, манипуляция, көңүл ачуу жана ажардуу болору айтылат. Адлер үй-бүлөнүн кенжесине өзгөчөлөнүүгө же өз чечимдерин өзү кабыл алуу оор болорун белгилейт.

Атактуулардан Индиянын мурдагы лидери Махатма Ганди менен актер Кэмерон Диаз үй-бүлөнүн кенжеси.

Жалгыз бала болсочу?

Адлер үй-бүлөдөгү жалгыз балага дагы мүнөздөмө берген. Жалгыз бала өзүмчүл, чечимдерди өзүнө ылайыктуу болгондой кабыл алган жана эстүү болору айтылат. Жалгыз бала үй-бүлөдөгү улуунун же кичүүнүн мүнөзүн алат.

Атактуулардан актер Дэниел Рэдклифф менен италиялык улуу сүрөтчү Леонардо да Винчи үй-бүлөдөгү жалгыз бала.

Эмнеге бир туугандардын мүнөзү башкача?

1996-жылы америкалык психолог Фракн Сулловэй үй-бүлөдөгү атаандаштыктан улам бир туугандардын мүнөзү өзгөчөлөнүп турат деген теория менен чыккан. Дарвиндин эволюция боюнча теориясына ылайык, атаандаштык ар бир тирүү жандыкта бар жана эң күчтүүлөр гана аман калат.

Үй-бүлөнү эске алганда, балдар ата-энесинин көңүлүн буруу үчүн атаандашат. Маселен, үй-бүлөнүн улуусу кичүүлөргө камкордук көрсөтүп ата-энесинин көңүлүн өзүнө бурат. Кичүү бала болсо тобокелчил же өзүмчүл болушу ыктымал.

Изилдөөлөр жыйынтык чыгара алган эмес

Бирок бала бойго жеткен сайын, психологдордун теориясы туура келбей калат. Айрым окумуштуулар Адлердин теориясын колдогону менен, көптөр аны четке кагып келишет.

Соңку изилдөөлөр баланын мүнөзүнө бир гана улуу, кенжеси же ортончусу эмес, ата-эненин жашы, билими, экономикалык абалы же бир туугандарынын жашындагы ажырым дагы таасир этери айтылат.

Үй-бүлөдө канчанчы болуп төрөлгөнүң мүнөзгө таасир этет деген теория абдан кызык, бирок ал мүнөзгө таасир эткен жалгыз фактор деп айтуу катачылык болот.

Макаланын түпкү нускасын BBC Ideas аркылуу англис тилинде окуңуз.