Митингчилер Ак үйгө кирип барышты

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер таңга жуук Ак үйгө кирип барышты.

Түз алып баруу

  1. Сүлүктүдө электрондук урналар иштебей калды

    Интернетте жергиликтүү агенттиктер тараткан маалыматка караганда, Сүлүктүдө үч шайлоо участогунда электрондук урналар иштебей калып, жөнөкөй урналар коюлду.

    Шайлоо алдында жарандык активист Токтайым Үмөталиева эки миңдей электрондук урнанын гана сапаттык сертификаттары бар экенин жана алардын иштөө мөөнөтү 2019-жылы эле бүткөнүн, ал эми калган 2950 электрондук урна тийиштүү текшерүүдөн өтпөгөнүн жазып чыккан эле.

    шайлоочу
  2. Чет өлкөлөрдөн 32 602 гана кыргызстандык добуш берет

    “Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат. Дипломатиялык миссия тарабынан чет өлкөдөгү кыргыз жарандарына кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык дипломатиялык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча чаралар каралды”, - деп билдирди КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков.

    Анын айтымында, жалпы шайлоочулардын саны 32 602 КР жаранын түздү. Быйыл биринчи добуш берүү шайлоо участогу Орусиянын Түштүк Сохалин шаарында ачылган. Азыркы учурда 20 участокто шайлоо окуругу иштеп жатат. Акыркы добуш берүү Вашингтонтогу элчиликтин участогунда жыйынтыкталат.

    “Бишкектеги эртең мененки саат 9:00гө карата чет өлкөдөгү шайлоочулардын катышуусу 535 адамды түздү. Биз жарандардын шайлоого толуккатышуусун күтөбүз”, - деп кошумчалады ал.

    Байкоочулар бул жылы дагы чет жерде иштеп жүргөн жүз миңдеген эмгек мигранттары добуш берүү укугунан ажырады деп белгилеп жатышат. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо биометрикалык каттоого турбай калган жарым миллионго жакын шайлоочу добуш берүү укугунан ажырап калды.

    Чынгыз Айдарбеков

    Сүрөттүн булагы, official

  3. Аймактарда добуш берүү кандай жүрүүдө?

    Он Арча айыл аймагынын Эчки-Башы айылында (Нарын району) добуш берүү тынч маанайда өтүп жатат. Жергиликтүү тургундар санитардык эрежелер сакталып жатканын айтышууда.

    шайлоо
    Шайлоо
    Шайлоо
  4. АШК: “Биз добуш берүү жайындагы абалга гана жооп беребиз”

    Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рысбек Нурдинов айрым добуш берүү жайында санитардык эрежелер сакталбай жатканы тууралуу дооматтар боюнча жооп берди. “Биз добуш берүү жайындагы гана абалга жооп бере алабыз. Сырттагы тартипти биз камсыздабайбыз”,-деди ал.Буга чейин Оштогу шайлоочулардын бири Би-Би-Сиге шайлоо тилкелеринде санитардык нормалар сакталбай жатканын көрсөткөн видеосун жөнөткөн эле.

    Видеонун түшүндүрмөсү, Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Рысбек Нурдинов
  5. “Форма-2” боюнча 496 239 жаран кайрылган

    Берилген арыздардын жалпы статистикасынан “Форма-2” боюнча айрым арыздар канааттандырылбай, натыйжала жер которгон шайлоочулардын саны 441 010 жаранды түздү.

    6629 арыз бири-бирин кайталагандыгына байланыштуу же шайлоо участкаларында шайлоочулардын белгиленген санынан ашыкча болгондугу үчүн четке кагылды.

    Кыргыз бийлиги шайлоочулардын укугун камсыздоо үчүн бир катар жеңилдиктерди киргизген. Алардын бири - "Форма-2" арызы. Бирок муну айрым эксперттер саясий ыкмага айланып калды деп сынга алууда.

    Форма-2
  6. Президент Жээнбеков: Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек

    Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

    Мамлекет башчысы өзүнүн жарандык милдетин Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы № 5 улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде жайгашкан № 1327 шайлоо участогунда аткарды.

    “Шайлоо өнөктүгү аяктап, добуш берчү күн да келди. Биз шайлоонун адилет өтүшү үчүн баарын жасадык. Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Жаңы партиялардын шайлоого тең ата катышуусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүлдү”,-деди президент добуш берип бүткөндөн кийин басма сөз өкүлдөрүнө жасаган билдирүүсүндө.

    Мамлекеттик телерадиоканалдарда партиялардын дебаттары кеңири берилип турганын, саясий көз карашын, программасын, сын пикирин айтуу боюнча эч кандай чектөө болбогонун, ошонун жыйынтыгында, үгүт өнөктүгү курч атаандаштык менен өткөнүн өзгөчө белгиледи.

    Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга дагы бир жолу кайрылып, бүгүн өлкөнүн жакынкы беш жылдыктагы эле тагдыры чечилбестигин белгиледи.

    “Мен мекендештериме дагы бир ирет, буга чейин айтып келген чакырыктарымды кайталап кетейин. Бүгүн баарын тең шайлоочунун добушу чечет. “Менин добушум эмнени чечет эле” деген кайдыгерлик менен кол шилтеп койбой, ар бирибиз үйдөн чыгып, өз добушубузду берели. Биздин шайлообузга өлкөбүздүн жарандары гана эмес, дүйнө коомчулугу назар салып турат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч кимдин шек саноосун жаратпашы керек. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү, элибиздин тынчтыгы — баарынан бийик. Жогорку саясий маданиятыбызды көрсөтөбүздеп үмүттөнөм. Ушул шайлоо — мекенибизге дагы бир, кошумча эл аралык аброй алып келет деп ишенем”-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

    президент Жээнбеков

    Сүрөттүн булагы, kabar.kg

  7. Эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар

    Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшүнө 43 өлкөдөн 33 уюмдан 277 эл аралык байкоочу көз салууда. Алардын арасында КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Шанхай Кызматташтык уюмунун миссиялары бар.

    Ошондой эле жарандык коомдун 77 уюмунун жана саясий жарышка түшкөн он алты партиянын өзүнүн байкоочулары да шайлоо участкаларында иш алып барууда.

    "Жалпы иш" коомдук фонду шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү баштады

    Аталган фонд жиберген маалыматка караганда, алардын телефон чалуу борборуна келип түшкөн маалыматтар камтылган инфографика маал-маалы менен таңкы саат жетиден баштап Facebook, “Инстаграм”, “Твиттерде”, Фонддун сайтында жарыяланып турат.

    Ошондой эле видеолор жана маанилүү маалыматтар, брифингдер “Ютуб” аркылуу түз эфирден көрсөтүлүүдө.

    шайлоочу
  8. Ошто шайлоо тилкелеринде санитардык нормалар сакталбай жатат

    Оштогу шайлоочулардын бири Би-Би-Сиге шайлоо тилкелеринде санитардык нормалар сакталбай жатканын көрсөткөн видеосун жөнөттү.

    Видеонун түшүндүрмөсү, Ошто шайлоо тилкелеринде санитардык нормалар сакталбай жатат
  9. Бул жолку шайлоонун көйгөйү – добуш сатып алуу

    Президент Сооронбай Жээнбеков жарандарды парламенттик шайлоодо добушун сатпоого чакырды. Добуш берүү күнүнө чейин эле добуш сатып алуу аракеттери тууралуу милиция тарабынан бир нече фактылар ачыкка чыккан.

    Кечээ күнү президент Сооронбай Жээнбеков “Биринчи радиого” берген кезектеги маегинде жарандарды парламенттик шайлоодо добуш сатпоого чакырды.

    “Эртең добуш берүү күнү, добуш сатпоого чакырат элем. Өзүнүн келечегин, балдардын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам буга барбайт. Добуш сатуу деген бул эмне? Бул балдардын келечегине, мамлекеттин келечегине, өз келечегине балта чабуу менен барабар. Ал эми бул парламент 5 жыл иштейт. Бул биздин мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасири бар да. Негизги чечимдин баары, мыйзамдар ошол жерде кабыл алынат. Бул мамлекеттин келечегинин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошон үчүн жалпы мекендештеримди добуштарын сатпоого дагы чакырат элем”,-деди президент.

    Президент ошондой эле өзүнүн аппаратынын уюштуруу иштерине кийлигишүүсү минималдуу болгонун белгиледи. Мамлекет башчысы баса белгилегендей, ал өзү баш болуп, бүт мамлекеттик органдар, шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдар, жергиликтүү бийлик шайлоого өзгөчө мамиле кылышты.

    “Эң негизгиси, биз шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге кийин элибиз барып добуш бергенге колдон келишинче шартты түздүк. Өкмөт өзү иш алып барып жатты. Биздин аппарат кайсы жерде кемчилик болуп жатса, ошол жерде „кемчилик бар экен“ деп айтып турду. Түздөн-түз аппарат киришкен жок. Бирок, экинчи жагы да бар. Шайлоо учурундагы, андан кийинки өлкөдөгү кырдаалга президент жооптуу. Бул максатта аппарат ошол өз милдетин мыйзам алкагында аткарды”,-дейт президент.

    Президент ошондой эле парламентте акыркы беш жылда алты партия отурганын, алардын баары кадрдык дайындоолорго таасир этишкенине токтолду.

    “Бул эми көрүнүп турду да, бардыгы тең. Азыр мына Өкмөт, министрликтерде, жергиликтүү бийликте ушул бардык партиялардын тарапташтары, ушулардын кадрлары жок эмес, бар да, дайындалды да. Беш жылда жок дегенде ар партия, ар депутат өзүнүкүн дайындаса, алар отурат да жер-жерлерде. Бирок административдик ресурсту колдонууга чараларды көрүү боюнча мыйзам кабыл алынгандан кийин мамлекеттик бийлик тарабынан административдик ресурс колдонуу кескин төмөндөдү, мурункудай жок. Муну массалык маалымат каражаттарынан карап жатабыз, кайсы жерде кандай кемчилик болсо, аппаратым берип жатат”.

    Мамлекет башчысы 6-чакырылыштагы депутаттардын көпчүлүгү, айрымдары мурдагы эле партиянын курамында, башкалары жаңы партиялык курамдарда кайра парламентке аттанышканын кошумчалады.

    “Мына ушундай шартта тигил же бул бир партиянын административдик ресурсту колдонууда үстөмдүк кылуусу мүмкүн эмес деп айтат элем. Ар кайсы облуста, шаарларда шайлоого аттанган 16 партиянын үстөмдүгү ар кыл болду. Мына ушунусу менен келе жаткан шайлоо жыйынтыгын алдын ала так кесе болжолдош мүмкүн эмес. Албетте, фавориттер болот, бирок ким жеңерин алдын ала болжолдоо мүмкүн эмес. Эртең урнаны ачканда билебиз. Мына мен айтып келе жатам, атаандаштык болгондо гана өнүгүү болот. Азыр саясий атаандаштыкка колдон келишинче шарт түзүп бердик. Бул жасалды десем болот. Буга чейин айткам, ушундай шартты экономикага дагы эркин атаандаштык болуусун түзүп бере алсак, анда бизде саясатта дагы жакшы, мыкты кадрлар келе баштайт. Экономикага атаандаштык түзүп берсек, экономикага дагы мыкты, билимдүү, тажрыйбалуу жана эң алдыңкы биздин ишкерлер чыга баштайт”.

    Ошентсе да башка өнүккөн өлкөлөрдүн баскан жолу көрсөтүп тургандай, дагы деле кыйынчылыктар бар экенин, дагы болорун белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков атаандаштык, ачык коом өлкөнү алдыга сүрөй турганына толук ишенерин, ошондуктан саясатта дагы, экономикада дагы атаандаштык болушу керектигин билдирди.

    президент Жээнбеков

    Сүрөттүн булагы, official

  10. Ош шаарындагы добуш берүү учуру

    Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматы боюнча шайлоого катышууга укуктуу жарандардын саны - 3 523 554.

    шайлоочулар

    Сүрөттүн булагы, bbc

    шайлоочулар

    Сүрөттүн булагы, bbc

    шайлоочулар

    Сүрөттүн булагы, bbc

  11. Дене табы көтөрүлгөн жарандар дагы шайлоого катыша алат

    Дене табы көтөрүлгөн жарандар саат алтыдан кийин шайлоо участогуна келип добуш бере алат. Аларга атайын шарт түзүлүп, добуш берүү кабинасы даярдалат.

    Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участогуна бүт үй-бүлѳ менен келбѳѳгө жана добуш берүү учурунда 1,5- 2 метр аралыкты сактоого үндөйт.

    Шайлоо учурунда добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен иштетилет. Желдетүү системасы жок болгон шайлоо тилкелеринде, ар бир 30 мүнѳт сайын 15 мүнөт желдетип туруу керек.

    Шайлоого даярдык

    Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images

  12. Пандемия шартында канча мамлекет шайлоо өткөрдү?

    2020-жылы коронавирус дүйнөгө тарап жатканына карабастан бир нече мамлекет шайлоо өткөрдү.

    Шайлоо өткөн өлкөлөрдө добуш берүүдөн кийин коронавируска кабылгандардын саны көбөйдү деп айтууга болбойт. Себеби вирустун жайылышына бир нече жагдай себеп. Анын ичинде беткап кийип жүрүү, социалдык аралык эрежелерине кайдыгер мамиле кылуу сыяктуу себептер бар.

    Ага карабастан айрым өлкөлөрдө коронавируска кабылгандардын саны өскөнүн шайлоо менен байланыштырышууда. Мисалы, Сербиядагы парламенттик шайлоодон кийин коронавируска кабылгандардын саны кескин жогорулаган. Андан улам өлкөнүн дарыгерлери коронавируска байланыштуу кризисти көзөмөлгө алууга жооптуу болгон расмийлерди кызматтан алууну талап кылышкан.

    Карта
  13. Добуш берүү учурунда коронавирустан кантип коргонуу керек?

    Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү маалындагы санитардык талаптар боюнча атайын алгоритм иштеп чыккан. Эгерде добуш берүү күнү шайлоочунун дене табы көтөрүлгөн болсо, ал шайлоого катыша албай калат. Бирок бул маселе укук коргоочулардын сынына кабылууда. Өлкөнүн Акыйкатчы институту дагы буга каршы пикирин билдирип, алар үчүн өзүнчө жайларды ачуу керектигин айтууда.

    Пандемия шартында шайлоо өткөрүүдө бир топ кыйынчылыктар бар. Добуш берүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн шайлоо участколору алдын ала даярдалганы айтылууда. Кандай шарттар эске алынышы керек?

    Коронавирустан коргонуу
  14. Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүүдө

    Ак үй

    Сүрөттүн булагы, TASS via Getty Images

    Кыргызстанда коронавирус пандемиясы шартында парламенттик шайлоо өтүп жатат. Жалпысы болуп шайлоого 16 партия катышууда.Cаат 8.00дөн тарта добуш берүү жайлары ачылды. Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат берип, өлкө боюнча 2475 добуш берүү жайы даярдалганын кабарлады. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн 45 шайлоо участогу ачылган.