Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер таңга жуук Ак үйгө кирип барышты.
Түз алып баруу
ЖК депутаты жаракат алды
Ала-Тоо аянтындагы митингди
таратуу маалында “Ата Мекен” партиясынан талапкер, ЖК депутаты Жанар Акаев жаракат
алды. “Фейсбукта” тараган тасмада анын аксап, жанындагылар жөлөп алып
баратканын көрүүгө болот. Акаевдин жанында жүргөн Орозбек
Муратовдун айтымында, желим ок экөөнө тең тийген. “Жанарбектин жоон сан жагына,
менин согончогума тийди. Азыр ооруканага барабыз”,-деди Орозбек.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында кырдаал курчуду
Айрым митингчилер Ак үйдү көздөй жөнөгөн учурда, милиция эскертүү жасады. Шайлоо
тыянагына нааразы болгон партиялар бүгүн кечке нааразылык акциясын өткөрүп, шайлоо
тыянагын жокко чыгарууну талап кылды. Милиция элди таратууга киришти.
Ала-Тоо аянтындагы каршылык акциясы
Ала-Тоо аянтындагы демонстранттар экиге бөлүнүп, айрымдары Ак үйдүн дарбазасын талкалап кирүүгө аракеттенди. Учурда Ак үйдү көздөй таш ыргытышууда.
Ак үй тараптан коопсуздук кызматкерлери үн чыгаруучу курал менен эскертүү берди.
"Эң олуттуу көйгөй"
Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу эң оркойгон жана эң көп жайылган мыйзам бузуу болгонун эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар да белгилеп жатышат.
Бүгүн ЕККУнун миссиясынын отчетунда дагы добуштарды сатып алуу шайлоонун жүрүшүндөгү эң олуттуу көйгөй болуп калганы айтылат.
"Добуштарды сатып алуу өзүнчө бир көйгөй, ал маселени чечпесе болбойт",-деди бүгүн ЕККУнун миссия башчысы Томас Бозеруп басма сөз жыйында.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы шайлоого байкоо салган ЕККУнун миссиясы
Акрам Мадумаров: өкмөт шайлоо боюнча алдын ала тыянак чыгаруудан алыс
Вице-премьер-министр Акрам
Мадумаров Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
Митинг күч менен таратылабы?
Айрым шаар тургундары Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында күч кызматкерлери, техникалар
топтолуп жатканын жазууда.Бишкектин Ала-Тоо аянтында
шайлоо тыянагын нааразы болгон партиялардын каршылык акциясы өтүүдө. Алар
шайлоо мыйзамсыз өттү деген пикирде. Шайлоого катышкан партиялардын ону шайлоо
тыянагын жокко чыгарууну талап кылууда.
“Өкмөт үйүнүн алдында бардык
укук коргоо органдарынын өкүлдөрү топтолууда. Элди
суу чачып тарката турчу эки машина Тарых музейинин артында эки тарапта турат.
Андан сырткары атайын кийим кийип, колунда калкан жана дубинка көтөргөндөр да
көп”,-деп
жазды “Фейсбук” колдонуучусу.
Шайлоо тыянагын жокко чыгаруу талабы
Ала-Тоо аянтындагы шайлоо тыянагын жокко
чыгаруу
талабы менен чыккан партиялардын митинги.
Ала-Тоо аянтындагы каршылык акциясы
Бишкектин Ала-Тоо
аянтында шайлоо тыянагын нааразы болгон партиялардын каршылык акциясы өтүүдө. Алар
шайлоо мыйзамсыз өттү деген пикирде. Шайлоого катышкан партиялардын ону шайлоо
тыянагын жокко чыгарууну талап кылууда.
А. Ашуров: Шайлоочу өзүнүн калемсабы менен белги койсо, электрондук үкөктө жараксыз болот
Бириккен
Улуттар Уюмунун эң абройлуу Нансен
сыйлыгынын лауреаты, кыргызстандык укук коргоочу активист Азизбек Ашуров
Би-Би-Сиге берген маегинде парламенттик шайлоодогу өзү күбө болгон негизги
мыйзам бузуулар тууралуу айтып берди. Ал парламенттик шайлоого байкоочу катары
катышкан.
А.Ашуров: Добуш сатып алуу,
“Форма-2” менен шайлоо дарегин которуу жана автобус менен ташып келүү сыяктуу
мыйзам бузуулар катталды. Андан сырткары шайлоо тилкесинин ичинде көпчүлүк
учурда УШК мүчөлөрүнүн функцияларынын чучукулак менен туура бөлүнбөгөнү болду.
Үкөктүн жанында атайын партиялардын кызыкчылыгын коргогон адамдар шайлоонун купуялуулугун
бузду. Бизде дагы көп фактылар бар, акт түздүк, сүрөткө тарттык. Бул фактор
жарандардын ишенимин жоготкон себептердин бири.
Би-Би-Си: Кандай учурда бюллетень жараксыз болот? Мына, шайлоо алдында
“бюллетенге жазганды өчүрүп салса болот экен”, “өзүңөр алып баргыла” дегендей
видеолор тарап кетти эле.
А.Ашуров: Эл арасында ушундай
түшүнүксүз маалымат жүрдү. Ооба,сыясы өчүп кетет, башкага өзгөртөт деген.
Ушундан улам кээ бирөө өздөрүнүн калемин көтөрө келди. Бул маалыматтын кеңири
жетишпегенинен болуп калды. Анткени электрондук үкөк жалаң гана атайын УШКда
коюлган калем менен гана белгиленген бюллетенди тааныйт. Эгерде жаран өзүнүн калеми менен белги койсо,
автоматтык үкөктүн жараксыз деген чөнтөкчөсүнө түшүп калат. Туура эмес
маалыматтан улам ушундай жараксыз болуп калды. Маселен, биз байкоо жүргүзгөн
УШКда мындайларды карап, колго салып жарактуу деп тааныдык. Андан сырткары
кайсыл бир партияны шайлаган белгинин дагы квадраттан чыгып кеткендерин дагы
колго салуу шарт.
13:00гө карата шайлоонун алдын ала жыйынтыгы
Учурда кол менен саноо жүрүмү дагы деле
уланып жатат. Саат 13:00гө карата 1558 шайлоо тилкесинен же 62,95 пайызындагы
добуштар кол менен саналып бүттү.
Ага ылайык, төрт партия жети пайыздык
чектен ашып Жогорку Кеңешке өттү.
“Биримдик” – 24,5% - болжолу менен 46
мандат
“Мекеним Кыргызстан” – 23,88% болжолу менен 45 мандат
“Кыргызстан” – 8,76% болжолу менен 16 мандат
“Бүтүн Кыргызстан” – 7,13% болжолу менен 13 мандат
Ал эми “Мекенчил” партиясы 6.85% пайыз
менен жети пайыздык чекке жетүүнүн алдында турат. Добуштарды кол менен санап
бүткөндөн кийин “Мекенчил” партиясы дагы Жогорку Кеңешке өтүп калышы ыктымал.
Ала-Тоо аянтындагы акция
Бишкектин Ала-Тоо
аянтында шайлоо тыянагын нааразы болгон партиялардын каршылык акциясы өтүүдө.
Чогулгандар шайлоодо добуштар акчага сатылганын, коркутуп-үркүтүү, мажбуролоо
болгонун айтып, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылууда.
“Бүтүн Кыргызстан”: Биз күрөштү улантабыз
Беш партиянын биригүүсү: шайлоо тыянагына каршы нааразылык акциясы
“Реформа”, “Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат”,
“Ыйман нуру” жана “Ордо” партиялары бириккенин жарыялашты. Алардагы шайлоо тыянагына каршы нааразылык
акциясына чыгарын билдирди.
Кимдер депутат болуп келет?
Шайлоонун
алдын ала тыянактары боюнча “Биримдик” партиясы болжолу менен 45 же 46 мандат, “Мекеним Кыргызстан” –44 же 45, “Кыргызстан”
– 16, “Бүтүн Кыргызстанга” 13 мандат
тийиши мүмкүн деп күтүлүүдө.
“Мекеним
Кыргызстандан” кимдерге мандат тийши мүмкүн? Тизмени карап көрөлү:
1. Мирлан
Бакиров
2. Улан
Садалиев
3. Ибрагим
Жунусов
4. Татьяна
Кузнецова
5. Бакытбек
Дүйшөмбиев
6. Улан
Сырдыбаев
7. Марлен
Маматалиев
8. Элнура
Алканова
9. Жыргалбек
Турускулов
10. Искендер
Матраимов
11. Таабылды
Тиллаев
12. Гүлкан
Молдобекова
13. Канат
Аманкулов
14. Акматбек
Келдибеков
15. Канатбек
Азиз
16. Бактыгүл
Молдогазиева
17. Талантбек
Сарбагышев
18. Дилшоджон
Моминов
19. Кылычбек
Исамамбетов
20. Гүлмира
Шакирова
21. Урматбек
Самаев
22. Бактыбек
Сыдыков
23. Данияр
Абдыкаров
24. Гүлшаркан
Култаева
25. Бактыбек
Райымкулов
26. Иса
Өмүркулов
27. Алиярбек
Абжалиев
28. Бөдөш
Мамырова
29. Тууганбек
Чолпонбаев
30. Жанарбек
Алымов
31. Канатбек
Маматов
32. Кызжибек
Атабекова
33. Бакытбек
Адылов
34. Эрнист
Акунбеков
35. Мария
Исанова
36. Мирлан
Назарбеков
37. Абдиталип
Акимов
38. Бакытбек
Каналиев
39. Татьяна
Карыжинская
40. Мирлан
Амантуров
41. Шайлообек
Атазов
42. Жапарбек
Ормонов
43. Жылдаз
Мусабекова
44. Эрлан
Базарбаев.
“Кыргызстан”
партиясынын тизмеси:
1. Канатбек
Исаев
2. Талант
Мамытов
3. Нурбек
Алимбеков
4. Наталья
Кулматова
5. Азизбек
Турсунбаев
6. Руслан
Чойбеков
7. Дастанбек
Жумабеков
8. Чолпон
Султанбекова
9. Шаршенбек
Абдыкеримов
10. Данияр
Төлөнов
11. Ахрор
Иминов
12. Майрамкүл
Байтерекова
13. Салайдин
Айдаров
14. Алтынбек
Исмаилов
15. Талайбек
Масабиров
16. Дамира
Дөөлөталиева.
“Бүтүн
Кыргызстан” партиясы дагы 13 мандат алышы мүмкүн. Тизмени карап көрөлү:
1. Адахан
Мадумаров
2. Өмүрбек
Суваналиев
3. Исхак Масалиев
4. Айгүл
Саттарова
5. Темирлан
Сманбеков
6. Улукбек
Тилектешов
7. Курсан
Асанов
8. Орозайым
Нарматова
9. Саматбек
Ибраев
10. Медербек
Малабаев
11. Зиядин
Жамалдинов
12. Чыныгүл
Шеркулова
13. Олег
Домшенко
КМШ байкоочулары: шайлоо атаандаштык негизде өттү
Шериктеш
мамлекеттердин байкоочулары Кыргызстандагы парламенттик шайлоо ачык жана
атаандаштык негизде өткөнүн билдирди. Ошондой эле үгүт
иштери учурунда бардык партияларга бирдей шарт түзүлгөнүн жана маалымат
каражаттарында программаларын тааныштырууга бирдей мүмкүнчүлүк берилгенин
кошумчалашты.
Орусия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Тажикстан жана Өзбекстандан 151 байкоочусу келген.
Сүрөттүн булагы, Getty Images
Партиялардын көпчүлүгү шайлоо жыйынтыгын тааныбайт
Шайлоонун алдын ала тыянактары боюнча 16
партиянын ичинен эки партия - "Биримдик" менен “Мекеним
Кыргызстан" 24 пайыздан көбүрөөк добуш алды. Дагы эки партия-
"Кыргызстан", “Бүтүн Кыргызстан” босого чектен өттү.
Саясат талдоочулар негизги күрөш биринчи
орунга чыккан эки партиянын ортосунда жүргөнүн айтууда. “Биримдик” партиясын
бийлик менен түздөн-түз байланыштырып келишти. Президент Сооронбай Жээнбеков
бир дагы партияга жан тартпасын айтып, калыс турганы менен партияда анын бир
тууган иниси бар. "Мекеним Кыргызстан" партиясын болсо коррупция
боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Бажы кызматынын мурдагы
төрага орун басары Раимбек Матраимовдун ысымы менен байланыштырып келишти. Эки
партияда тең мурдагы чиновниктер, депутаттар басымдуулук кылат. Ушул эки
партияда каражат жана административдик ресурс жетиштүү эле.
Булардын ичинен “Бүтүн Кыргызстан” гана
бийликке келишкис оппозиция экенин айтып келүүдө. “Кыргызстан” партиясы дагы
олигархтар жана мурдагы төрага, депутаттардан туруп, бийликке ыктаган партия
катары репутатцияга ээ.
Шайлоо жарышына катышкан партиялардын көбү
бул жолу добуш сатып алуу жана мажбурлоо көрүнүшү мурдагыдан да ыплас жол менен
ачык жүргөнүн айтып чыгышты.
Бүгүн Ала-Тоо аянтында “Мекен ынтымагы”
жана “Чоң казат” партиялары митингге чогулат. “Ата Мекен”, “Республика”
партиялары дагы шайлоочуларын Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана
балет театрынын алдына тынчтык акциясына чакырды.
“Бир бол”, “Реформа”, “Замандаш”, “Ыйман
Нуру” партиялары шайлоо тыянагына кескин нааразы пикирин билдирген. Азырынча
бийлик тарабынан эч кандай реакциялар боло элек. БШК бюллетендерди кол менен
толук эсептеп бүткөндөн кийин гана расмий тыянакты чыгарат.
"Биримдик": шайлоо өтө курч өттү
Парламентке өткөн партиялар болжолу менен канча мандат алышат?
“Биримдик”
– болжолу менен 46 мандат
“Мекеним
Кыргызстан” – болжолу менен 45 мандат
“Кыргызстан”
– болжолу менен 16 мандат
“Бүтүн
Кыргызстан” - болжолу менен 13 мандат
Сүрөттүн булагы, TASS via Getty Images
"Бир Бол": Шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз
“Республика”: Мыйзам бузуулар боюнча фактыларды далилдейбиз
Шайлоонун жүрүшү жана алдын ала жыйынтыгы боюнча "Республика" партиясынын расмий пикири.