Саат 16:00гө карата 1 296 978 шайлоочу добушун берди
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, саат 16:00гө карата 1 296 978 шайлоочу же 36,81 пайызы добушун берди.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер таңга жуук Ак үйгө кирип барышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, саат 16:00гө карата 1 296 978 шайлоочу же 36,81 пайызы добушун берди.
Премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында өз добушун берди.
"Республика боюнча 2430 шайлоо участкасы ачылды. Бул шайлоо тилкелери коронавирус инфекциясы пандемиясын эске алуу менен, Кыргыз Респуликасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессин өткөрүүгө даяр. Шайлоо тынч маанайда өтөт деп ишенем. Өз кезегинде Өкмөт ачык, таза жана атаандаш шайлоо өткөрүүгө бардык шарттарды түзүп берет",- деди Кубатбек Боронов.

Сүрөттүн булагы, gov.kg
Ош шаарында “Клооп” интернет-басылмасынын кабарчысына кол салуу болгон. Шаардык милицияга арыз жазылды. Окуяга болгон учурда ошол жердеги милиция кызматкерлери чара көргөн жок, деди журналист.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, саат 14:00гө карата 990 492 шайлоочу же 28,11 пайызы добушун берди.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров саат 14:00гө карата маалыматтар менен бөлүштү.
“Уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү басым көрсөтүп жатканы тууралуу маалымат болсо, ИИМ сөзсүз чара көрөт. Ага жол берилбеши керек”,-деди Шайназаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Буга чейин айрым партия өкүлдөрү добуш берүү тилкелеринде белгисиз кишилер тарабынан коркутуп-үркүтүү болуп жатканы тууралуу кабарлашкан. Өлкө боюнча 10 миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздук камсыздап жатат. Андан сырткары элдик кошуундар тартылган.
�
Парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат?
"Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Искендер Матраимов Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

Добуш берүү тилкелеринин биринде бюлетенди сүрөткө тарткан жаранды байкап калышкан. Эмне максатта тартып алганын түшүндүргөн эмес. Бирок добушту сатып алуу болушу мүмкүн деген күмөндүү ойлорду жаратты. Бул боюнча териштирүү болору кабарланды.
Парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат? "Республика" партиясынын лидери Мирлан Жээнчороев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
“Арыздардын басымдуу бөлүгү шайлоо тилкелеринде жабдыктар иштебей жатканы, жымжырттык күнүндө айрым телеканалдар партиялардын үгүт видеолорун ойноткону, белгисиз адамдар шайлоочулардын тизмесин чогултуп жүргөнү, партиялардын шайлоого байкоо жүргүзгөн өкүлдөрү добуш берүүчүлөрдү шайлоо кабинасына чейин коштоп барганы боюнча арыздар түштү”,-деди БШКнын өкүлү Тынчтык Шайназаров.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова соңку маалыматтар боюнча маалымат берди. Жалпы 624 598 шайлоочу добушун берди.
Бишкек шаары боюнча – 84 106 шайлоочу добуш берди (16,9 пайызы)
Ош шаары -37 860 (21,04%)
Жалал-Абад облусу – 125 225 (19,45%)
Ысык-Көл облусу – 47 971 (16,5%)
Нарын облусу – 32 260 (18,31%)
Ош облусу боюнча – 120 423 (17, 64%)
Талас облусу – 28 130 (18,88%)
Чүй облусу -99 013 (16,88%)
Баткен облусу – 49 610 (17,45%)

Аталган фонддун маалыматына караганда, көпчүлүк шайлоо участкаларында (91%) COVID-19га байланыштуу алдын-алуу эрежелери толугу менен аткарылды, 8% толук аткарылган жок.
Бул фонд тарабынан жалпы өлкө боюнча 300 стационардык байкоочу, 58 мобилдүү команда жана сегиз регионалдык юрист дайындалган.

Сүрөттүн булагы, commoncause.kg
Айрым шайлоо тилкелеринде узун кезектер жаралып жатканы айтылууда. Ошол эле маалда беткапка белги басылганы же партиянын туусуна окшогон түстө беткап кийгендер тууралуу шайлоочулар сүрөттөрдү жарыялап жатат. БШК ар бир аракеттер боюнча баа берилет деп айтты.
Парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат? "Бир бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди
Айрым байкоочулар беткабы белгиленген адамдарга мурда даярдалган бюллетендер берилип жатканы боюча дооматтарын айтууда. БШКнын өкүлү Тынчтык Шайназаров бул маалыматты текшерип жатышканын белгиледи.
Төмөндөгү сүрөттөгү беткаптан ошондой белгилерди көрүүгө болот. Сүрөт Ош шаарында тартылган.




Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, саат онго карата 236 921 шайлоочу же 6.7 пайызы добушун берди.
Парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат? "Aта Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
“Бул жолку шайлоо келишкис катаал атаандаштыкта өтүп жатат. Мурда болуп көрбөгөндөй атаандаштык жана каржылык ресурс чоң ролду ойноп жатат”,-деди Ө.Текебаев.