Саат 23:00гө карата 1 965 211 шайлоочу добушун берди
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, саат 23:00гө карата 1 965 211 шайлоочу же 56 пайызы добушун берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чогулган митингчилер таңга жуук Ак үйгө кирип барышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, саат 23:00гө карата 1 965 211 шайлоочу же 56 пайызы добушун берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Биримдик” - 24.53%
“Мекенчил”- 6.85%
“Ыйман Нуру” - 3.35%
“Мекеним Кыргызстан” - 22.9%
“Реформа” – 1.64%
“Ата Мекен” - 4.4%
“Замандаш” - 2.15%
“Бүтүн Кыргызстан” - 7.9%
“Социал-демократтар” - 2.12%
“Мекен Ынтымагы” - 0.64%
"Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - 0.17%
“Ордо” - 0.22%
“Бир Бол” - 3.3%
“Республика” - 5.81%
“Кыргызстан” - 8.74%
“Чоң казат”- 2.33%
Баарына каршы - 1.79%
“Мекен Ынтымагы”, “Чоң Казат” партиялары бийликке кайрылуу жасап, шайлоо тыянагын тааныбай турганын билдиришти.
Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Биримдик" партиясы менен "Мекеним Кыргызстан" алдыда.
"Социал-демократтар" партиясы шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип Жогорку Кеңештин алдына чыкты.
“Биримдик” партиясы үчүн 468 977 шайлоочу добуш берген - 24.86%
“Мекенчил”- 131 190 шайлоочу добуш берген - 6.95%
“Ыйман Нуру” -64 455 шайлоочу добуш берген, 3.42%
“Мекеним Кыргызстан” - 459 461 шайлоочу добуш берген, 24.35%
“Реформа” - 31 104 шайлоочу добуш берген, -1.65%
“Ата Мекен” -77 251 шайлоочу добуш берген, 4.09%
“Замандаш” - 41 462 шайлоочу добуш берген, 2.2%
“Бүтүн Кыргызстан” -135 649 шайлоочу добуш берген, 7.19%
“Социал-демократтар” - 40 499 добуш, 2.15%
“Мекен Ынтымагы” - 12 077 добуш , 0.64%
"Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" - 3 334 добуш, 0.18%
“Ордо” - 4 184 добуш, 0.22%
“Бир Бол” - 58 033 добуш, 3.08%
“Республика” - 111 744 добуш, 5.92%
“Кыргызстан” - 168 113 добуш, 8.91%
“Чоң казат”- 44 798 добуш, 2.37%
Баарына каршы - 34 379 добуш берилген,1.82%
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, саат 20:00гө карата 1 604 562шайлоочу же 45,54 пайызы добушун берди.

Сүрөттүн булагы, Getty Image
Добуш берүүнүн алдын ала маалыматтары боюнча "Биримдик" партиясы шайлоочулардын 20% добушун алып алдыга чыкты. "Мекеним Кыргызстан" 15%. "Ата Мекен" 13% добуш топтоп кийинки орунда баратат. Ошондой эле "Кыргызстан", "Республика", "Бүтүн Кыргызстан" партиялары жети пайыздык чектен өттү. Бул азырынча БШКга келип түшкөн маалыматтардын гана алгачкы эсептелгени. Улам жаңы маалыматтар түшкөн сайын бул көрсөткүч өзгөрүп жатат. Добуштардын баары эсептелип бүткүчө көп бар, бирок шайлоочулардын добушунун канчасы эсептелип чыкканын БШК так айта албай жатат.
БШК төрайымы Шайылдабекова 2109 шайлоо участкасынын добуштарды эсептелип бүткөнүн билдирди.
Ош шаарынан эң көп добушту 51% "Биримдик алды,
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 2475 добуш берүү жайы даярдалган. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн 45 шайлоо участогу ачылган.
Борбордук шайлооо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, 20:00дөн кийин гана кайсыл партия канча добуш алганы боюнча маалымат БШКнын серверине түшө баштайт.
Азыркы учурда партиялар канча добуш алганы боюнча эч маалымат жок.
Борбордук шайлооо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун айтымында, саат 18:00гө карата 1 млн 594 миңден ашуун шайлоочу же 45,25 пайызы добушун берди.
Шайлоого эң активдүү Ош шаарынын тургундары катышып жатат. Калаада катталган шайлоочулардын 56,27 пайызы добуш берди.

Сүрөттүн булагы, http://ess.shailoo.gov.kg
Коомдук тармактарга шайлоо тилкелеринде түрдүү мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөр тарап жатат. Би-Би-Си Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаровдон кандай чара көрүлөт деп сурады.
Ош шаарындагы №5316 шайлоо участогунда “Клооп” интернет-басылмасынын оператору Хамидулло Узаковго белгисиз кишилер кол салып, түз эфир чыгарып жаткан маалда телефонун тартып алышкан. “Бул окуяга күбө болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлери оператор сабалып жатканда эч кандай реакция кылышкан эмес”,-деп жазды аталган басылма. Хамидулло Узаков окуя тууралуу буларды айтып берди.
ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында ИИМге мыйзам бузуу боюнча 53 маалымат катталды. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Макилов ИИМ добуш сатып алуу боюнча 6 факты каттаганын билдирди.

Оштун Он-Адыр аймагындагы № 5904 шайлоо тилкесинде бир сааттан бери электрондук үкөк иштебей жатат, деп кабарланууда. Шайлоочулар колунда бюллетени менен турушат, дейт окуянын күбөсү. Шайлоо тилкесиндегиле техникалык себептен улам иштебей жатканын айтышты.
Парламенттик шайлоо кандай өтүп жатат? "Замандаш" партиясынын мүчөсү Мелис Турганбаев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
16:00гө карата 5 283 кыргызстандык же чет өлкөдө катталган шайлоочулардын 16,2 пайызы добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Парламенттик шайлоодо 28 өлкөдө жашап жаткан кыргызстандыктар добуш берүүдө. Аларга 45 шайлоо участогу уюштурулган.
Шайлоо участоктору алгач Орусиянын Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалин, Якутск шаарларында, ошондой эле Италия менен Францияда ачылды. Учурда Түштүк-Сахалин шаарындагы шайлоо тилкеси жабылды.
Убакыт боюнча акыркы болуп шайлоо участогу Вашингтон (АКШ) шаарында иштей баштайт.
"Шайлоо участкаларында медпункттар уюштурулуп, 5728 медициналык кызматкер иштеп жатат. Андан сырткары, тез жардам кызматынын унаалары дагы уюштурулуп, ооруканаларда орундар даярдалган. Бардык медкызматкерлерге жеке коргонуу каражаттары, беткаптар, санитайзерлер жана башка коргонуу каражаттары толук жетиштүү. Эгерде шайлоочулардын арасында дене табы көтөрүлүп же оорунун белгилери бар болгон жарандар болсо, алар кечки саат 18.00дөн кийин келип, атайын даярдалган кабиналарда өз добушун берүүгө укугу бар",- деп билдирди Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Сүрөттүн булагы, official