Мамлекеттик тил майрамы: үмүттөр жана кооптонуулар

Интернеттин өнүгүшү менен бaсма сөздөн тартып, интернет сайттардагы, теле-радио тармактарынан бери тилдин эрежелерин, нормаларын одоно бузуу көрүнүшү кеңири жайылды
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Интернеттин өнүгүшү менен бaсма сөздөн тартып, интернет сайттардагы, теле-радио тармактарынан бери тилдин эрежелерин, нормаларын одоно бузуу көрүнүшү кеңири жайылды
    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Бишкектик журналист
  • Published

Кыргызстанда мамлекеттик тил күнү белгиленүүдө. Буга байланыштуу өлкө аймагында расмий иш-чаралар өтүүдө. Өткөн жылы мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программа кабыл алынган. Адистер мамлекеттик тилге байланыштуу маселелер али көп экенин айтып келатат. Ал ортодо парламенттик шайлоонун үгүт иштеринде көпчүлүк партиялардын мамлекеттик тилдин нормаларын бузуп, сабатсыз ууран-чакырыктарды жазып жатканы коомчулуктун көңүлүн бурууда.

Бүгүнкү күнүм бир кызык окуя менен башталды. Эрте менен таң атпай уюлдук телефонума жакын эле курбу кызымдан билдирүү келиптир, анда мындай деп жазылуу: “Тил майрамың менен, детка. Элге кызмат кылып жүрө бер, не болей” деп турат. Же ыйларыңды, же күлөрүңдү билбейсиң. Сааттар өтүп жумушка келдим. Социалдык тармактарды ачаар менен бирин-бири майрамы менен куттуктаган эл. Баары таза кыргызча, кооз сөздөрдү жазууга аракет кылышыптыр. Бирок бул бир эле күн да, эртеңчи?

Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев: Социологдордун сурамжылоосуна караганда, он эки жаштан жыйырма беш жашка чейинки жаштар чет тилинде сүйлөгөндү мода катары көрүшөт экен. Алар эне тили үчүн тынчсызданышкан жок, алар тилди мода катары гана пайдаланып жатышат

Сүрөттүн булагы, f

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев: Социологдордун сурамжылоосуна караганда, он эки жаштан жыйырма беш жашка чейинки жаштар чет тилинде сүйлөгөндү мода катары көрүшөт экен. Алар эне тили үчүн тынчсызданышкан жок, алар тилди мода катары гана пайдаланып жатышат

Интернеттин өнүгүшү менен бaсма сөздөн тартып, интернет сайттардагы, теле-радио тармактарынан бери тилдин эрежелерин, нормаларын одоно бузуу көрүнүшү кеңири жайылды. Кыскартылган сөздөр, жарымы кыргызча, жарымы башка тилде жазылган сүйлөмдөр каалабасаң да көзгө урунат. Муну Кыргызстандын тилчи адистери да айтып, мындай жагдай тилдин өнүгүшүнө эмес, майдаланып, жардыланышына алып келүүдө деп кабатыр болууда.

“Адегенде орфографиялык эрежелерден баштасам, бул норманы президент беките албайт, жалгыз Жогорку Кеңеш бекитет. Алар бекитип жаткандан кийин, бул норма салык сыяктуу эле мыйзам. Аны аткарууга баарыбыз милдеттүүбүз. Эмне үчүн элдин көбү туура эмес жазып жатышат? Алар гезит-журналдарды, теле-радиолорду туурайт. Орфографиялык жактан да, пунктуациялык жактан да көп ката кетиришет. Бул кыргыз тилин артка тартып жатат”, - дейт филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев.

Султаналиев өз сөзүндө өзгөчө жаштардын тил сабаты начар экениндигин баса белгиледи:

“Социологдордун сурамжылоосуна караганда, он эки жаштан жыйырма беш жашка чейинки жаштар чет тилинде сүйлөгөндү мода катары көрүшөт экен. Мисалы, орусча аралаштырып сүйлөө мода экен. Алар эне тили үчүн тынчсызданышкан жок, алар тилди мода катары гана пайдаланып жатышат”.

Агайдын айткандарынын чындыгы бардай. Жаштардын кимисине суроо узатпа, көпчүлүгү тилди бурмалап колдонуп жатканы айкын болот.

Айчүрөк, 18 жашта: Мага телефондо орусча жазышкан аябай ыңгайлуу. Анын үстүнө досторум да так кыргызча сүйлөй албайт. Баарыбыз аралаш сүйлөйбүз. Интернеттин баары эле кыскартылган сөздөр болуп калбадыбы.

Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселеге кайра-кайра кайрылып, мамлекеттик саясат кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керектигин белгилеп келет

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин депутаттары бул маселеге кайра-кайра кайрылып, мамлекеттик саясат кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керектигин белгилеп келет

Чыңгыз, 22 жашта: Мен жакындарым менен интернет аркылуу саламдашканымда, “с.а.” деп эле коем. Алар муну жакшы түшүнүшөт. Не жаңылык дегенди болсо, “не ж-к?” дейбиз.

Ал ортодо активисттер жакында болчу шайлоонун үгүт иштеринде көпчүлүк партиялар мамлекеттик тилдин нормаларын одоно бузуп жатканын айтып чыкты. “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмесинин төрагасы Замирбек Көчөрбаев:

“Мамлекеттик тил мыйзамынын 27-беренесинде Кыргызстанда жашаган бардык жарандардын ортосунда байланыш тили - бул мамлекеттик тил деп жазылуу. Бүгүнкү күндө бул мыйзам одоно бузулуп жатат. Мисалы, шайлоо алдында түштүктө өзбекче, түндүктө орусча жазылган түркүн жарнамаларды көрүп жатабыз”.

Соңку мезгилде Кыргызстанда кыргыз тилинде сүйлөө керек деген чакырыктар кеңири тарай баштады. Айрыкча Жогорку Кеңеш депутаттары бул маселеге кайра-кайра кайрылып, мамлекеттик саясат кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керектигин белгилеп келет.

Кээ бир басылмалар муну ашынган улутчулдук катары сыпатташууда. Бирок байкоочулар муну улутчулдук катары кабылдоого негиз жок экенин айтып, тескерисинче мамлекеттик саясаттан тарта, коомдогу пикир алышууга чейин бир тилде жүрсө, бул өлкөдөгү улут аралык мамилени чыңдоого чоң себепчи болмок дешет.