Трамп ага кол салынса, Иранга катуу сокку уруларын эскертти

трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Жаңылыктар бөлүмү
    • Role, Би-би-си
  • Published
  • Окуу убактысы: 1 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп Иран анын өмүрүнө кол салууга аракет кылса, АКШ буга катуу жооп кайтарарын билдирди. Ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына мындай жагдай үчүн алдын ала көрсөтмөлөр берилгенин жазды.

"Эгер Иран азыркы АКШ президентин, бул учурда мени, өлтүрүүгө аракет кылса, Иранга багытталган миң ракета дароо колдонулат. Андан кийин дагы миңдеген ракеталар учурулат" - деп жазды Трамп.

Трамп буйруктар алдын ала берилгенин айтып, АКШнын аскерлери бир жылдын ичинде Ирандын бардык аймагын кыйратуучу сокку урууга даяр экенин билдирди. Анын сөзүнө караганда, зарыл болсо бул мөөнөт дагы узартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда Трамп Иран сүйлөшүүлөрдү улантууну өтүнгөндөн кийин Вашингтон буга макул болгонун да билдирди.

8-июлда АКШ менен Иран кайрадан бири-бирине сокку урган. Андан кийин Трамп июнь айынан бери сакталып келген ок атышууну токтотуу режими күчүн жоготконун айткан.

АКШ Оман аймактык сууларында үч соода кемесине жасалган чабуулдан кийин Иранга кайрадан сокку урган. Ошондой эле Вашингтон Тегеранга мунай сатууга уруксат берген лицензияны жокко чыгарган.

Буга жооп катары Иран АКШнын Кувейт менен Бахрейндеги аскердик базаларын аткылаган. Кийинчерээк Трамп өзүнө кол салуу болушу мүмкүн экенин айтып, бирок муну ырастай турган далил келтирген эмес.

"Мен көптөн бери алардын бута тизмесинде жүрөм. Эгер мага бир нерсе болсо, жооп буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу болушу керек" -деген ал The New York Post басылмасына берген маегинде дагы бир жолу бул тууралуу.

Ал эми The Wall Street Journal өз булактарына таянып, Израил Иран америкалык президентке каршы жаңы кол салууну даярдап жатышы мүмкүн деген чалгын маалыматын АКШга бөлүшкөнүн жазды.

Бирок Трамп бул маалыматты четке какты. "Жок, Израил андай маалымат тапкан жок. Мен көптөн бери алардын бута тизмесинде биринчи орундамын. Турмуш ушундай" - деди ал.