You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Оникжан, сен чоң ката кетирдиң". Пашинян армия башчысын чыккынчылык үчүн айыптады
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еревандын борборуна тарапкерлерин топтоп, кетирген каталары үчүн кечирим сурады. Бирок кызматтан өз ыктыяры менен кетпей турганын, оппозиция болсо бийликти элден тартып алууга аракеттенип жатканын белгиледи.
Андан тышкары Пашинян октябрда жаңы Баш мыйзам боюнча референдум өтөрүн кабарлады. Анда өлкөнү жарым-жартылай президенттик башкаруу формасына өткөрүү демилгеленди. Учурда Армения парламенттик республика, президенттин эч бийлиги жок.
Өткөн жылы Пашиняндын демилгеси менен Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум пландалган. Бирок андагы өзгөрүүлөрдүн максаты президенттин укуктарын андан ары дагы кыскартуу эле.
Армениянын лидери парламенттин оппозициясына мөөнөтүнөн эрте шайлоо өткөрүүнү сунуштады, бирок так күндү атаган жок.
Өлкөдөгү саясий крисиз курч бойдон. Буга армия башчысы генерал-полковник Оник Гаспаряндын жана башка армия расмийлердин премьер-министрге каршы аракеттерди себеп болду.
Пашинян тарапкерлеринин алдындагы кайрылуусунда армия башчысы Оник Гаспарян мурдагы президент Серж Саргсян менен бирикти деп айыптады.
"Оникжан, сен чоң ката кетирдиң",-деди Пашинян.
Премьер-министрди колдогон демонстрация менен бирге, парламенттин алдында оппозициянын нааразылык акциясы өттү. Оппозиция армия жетекчилерин колдоп, Пашинянды кызматтан кетүүсүн талап кылууда.
Арменияда эмне болуп жатат?
Өткөн бейшемби күнү армиянын башчысы генерал-полковник Оник Гаспарян жана кыркка чукул аскер офицерлери премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.
Армия расмийлеринин кайрылуусу Пашиняндын Орусия чыгарган "Искандер" ракетасынын натыйжалуулугу тууралуу суроо көтөргөндөн кийин жасалды. Никол Пашинян 1in.am басылмасына берген маегинде "Искандер" комплекси Тоолуу Карабактагы согушта анча пайдалуу болбогонун айткан эле.
Айрым маалыматтарга ылайык, согуш маалында "Искандер" комплексинен бир гана ракета атылган болушу мүмкүн. Так маалыматтар айтылган эмес, бирок атылган ракеталар саны төрттөн ашпайт деген божомол бар. Орусиянын Коргоо министрлиги "Искандер" согушта колдонулбаганын айтты. Куралды Армения 2016-жылы Орусиядан алган.
Пашинян армия жетекчилеринин кайрылуусуна жооп кылып Генералдык штабдын кол башчысы Гаспарянды жана анын орун басарларын кызматтан кетирип, "аскердик төңкөрүш" аракети болгонун билдирген. Бирок премьер-министрдин Гаспарянды кызматтан алуу буйругуна президент Конституцияга каршы келет деген жүйөө менен кол койбой койду. Дүйшөмбү күнү премьер-министр менен президент жолуккан, бирок сүйлөшүүлөр тууралуу эч маалымат таратылган жок.
Тоолуу Карабактагы 44 күнгө уланган согушту токтоткон келишим армяндарды катуу ызаа кылган. Нааразылыктар күчөп, оппозиция ошондон бери митинг өткөрүүдө. Келишимге кол коюлган түнү эле Ереванда массалык тополоң болуп кеткен. Нааразылык билдирип чыккандар өкмөт жана парламент имаратын бүлүндүрүп, спикерди сабап салган.
"Никол чыккынчы! Никол, кетсин!" деген чакырык менен Армения баш калаасы Еревандын борбордук бөлүгүндө миңдеген кишилер чогулган эле.