You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Арменияда саясий кризис курчуду: Пашиняндын буйругуна президент кол койгон жок
Армениядагы саясий кризис курчуп барууда. Дем алыш күндөрү президент өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын армиянын башчысын кызматтан алуу чечимине кол койгон жок.
Президент Саркисян өлкө башчынын буйругун аткаруу Конституцияга каршы келерин айтты. Оппозиция парламент алдында топтолуп, демонстрацияларын улантууда. Бирок премьер-министр буйругун эч өзгөртпөй туруп кайрадан президентке жолдоду. Армия генералы премьер-министр кызматтан кетиши керек деген декларацияга кол койгон, Пашинян муру аскердик төңкөрүш аракети катары мүнөздөгөн.
Өткөн аптада Еревандын борбордук аянтында миңдеген тарапташтарынын алдында сүйлөгөн премьер-министр Никол Пашинян бийликти алмаштырууга аскер жетекчилерине жол бербейбиз деп айтты. Ушул эле күнү куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Оник Гаспарянды кызматтан бошотконун жарыялаган.
Аскер жетекчилеринин сөзүнө шыктанган оппозициянын тарап кетүү ниети жок. Демонстранттар премьер-министрдин резиденциясы жана парламенттин имараты жайгашкан Маршал Баграмян проспектин бөгөп алышкан. Премьер-министр кызматтан кетмейинче тарабайбыз деп турушат. Алар парламент имаратынын алдындагы аянтка чатырларды тигишти. Негизги талап өкмөттүн отставкасы. Оппозиция лидерлери президент менен жолугушуу үчүн делегация даярдап, парламенттин кезексиз жыйынга чогулуусун талап кылды.
Парламенттеги көпчүлүк фракциялар жана депутаттар Пашинянга колдоо көрсөтөөрүн билдирди. Пашинян өлкө президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүп, талабын койду: Башкы штабдын жетекчиси Гаспарянды кызматтан алсын, болбосо өкмөт отставкасын жарыялайт.
Президент Саркисян билдирүү таратып, тараптарды, күч түзүмдөрүн сабырдуу болуп, терең ойлонууга чакырды.
"Республиканын президенти эч кандай саясий күчтү же кайсыл бир кишини колдобойт. Эч качан колдогон эмес жана андай ниети жок",-деген эле Саркисян.
Түркия сынга алды, Орусия кийлигишпейт
Орусия Еревандагы окуялар Армениянын ички иши деп айтты. Ал эми Түркия болсо аскер төңкөрүшү аракетин сынга алды. Түркиянын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, армян өкмөтү менен эч кандай мамилеси жок экенин, бирок төңкөрүш аракетине каршы туруктуу позициясы бардыгын билдирди.
"Сынга алып, өкмөттүн отставкасын талап кылган жөндүү. Бирок армиянын жардамы менен өкмөттү кетирүү жол берилгис аракет",-деп айтылат билдирүүдө.
Евробиримдик тараптарды сабырдуулукка үндөп, Армениянын конституциясы армиянын саясатка аралашпай бейтарап болушун талап кыларын эскертти.
Бейшембиде эрте менен өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Пашиняндын отставкасын талап кылды. Буга жооп кылып өкмөт башчы штабдын кол башчысы Гаспарянды жана анын орун басарларын кызматтан кетирип, "аскердик төңкөрүш" аракети болгонун айтты. Ошол эле күнү оппозиция дагы тарапташтарын митингге чакырды.
"Искандер" боюнча келишпестик
Аскер жетекчилеринин айтымында, Башкы штабдын жетекчи орун басары Тиран Хачатряндын кызматтан алынышы көптөрдү нааразы кылган. Мунун алдында айрым басылмалар Хачатрян орусиялык "Искандер" комплекси боюнча өкмөт башчынын сөзүнө каршы пикир айтканын жазышкан.
Никол Пашинян 1in.am басылмасына берген маегинде "Искандер" Тоолуу Карабактагы согуш учурунда анча пайдалуу болбогонун айткан эле.
Бейшембиде Орусиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасап, "Искандер" согушта колдонулбаганын айтты. Өкмөт башчыга туура эмес маалымат жетип калган болушу мүмкүн деп айтылат билдирүүдө. Бул боюнча Армениянын Коргоо министрлиги расмий жооп берген жок.
Айрым маалыматтарга ылайык, согуш маалында "Искандер" комплексинен бир гана ракета атылган болушу мүмкүн. Так маалыматтар айтылган эмес, бирок атылган ракеталар саны төрттөн ашпайт деген божомол бар. Куралды Армения 2016-жылы Орусиядан алган.
Аскер жетекчилеринин билдирүүсүнөн кийин өлкөдө каршылык маанайы күчөдү. Армениянын мурдакы президенти Роберт Кочарян жарандарды аскер жетекчилерине колдоо көрсөтүп, өкмөттүн отставкасын талап кылууга чакырды. Премьердин отставкасын мурдакы президент Серж Саргсян дагы талап кылууда. Ошондой эле Армения чиркөөсүнүн башында турган Гарегин II дагы өкмөттүн кетишин жактады. Пашинян болсо өзүнүн тарапташтарын Еревандын борбордук бөлүгүнө чогултту.
Тоолуу Карабактагы 44 күнгө уланган согушту токтоткон келишим армяндарды катуу ызаа кылган. Нааразылыктар күчөп, оппозиция ошондон бери митинг өткөрүүдө. Келишимге кол коюлган түнү эле Ереванда массалык тополоң болуп кеткен. Нааразылык билдирип чыккандар өкмөт жана парламент имаратын бүлүндүрүп, спикерди сабап салган.
"Никол чыккынчы! Никол, кетсин!" деген чакырык менен Армения баш калаасы Еревандын борбордук бөлүгүндө миңдеген кишилер чогулган эле.