You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Миллион доллардын чыры: Умрадан кайткан Сооронбай Жээнбеков сот сурагына барабы?
Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жубайы менен Сауд Аравияга умралык сапардан Бишкекке кайтып келди. Бирок анын санаасы тынч эмес. Бишкекте аны абактагы Зилалиевдин иши боюнча сотко суракка чакырып жатышат. Ошондой эле "Үмүт" кыймылы" аны жоопко тартууну талап кылууда.
Экс-президентти камактагы Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча шаардык сотко чакырып жатышкан себеби, аны банктын ячейкасында табылган миллион доллардын тек жайы жөнүндө көрсөтмө берсин деп жатышат.
Камактагы саясатчынын адвокатынын айтымында, Зилалиев тергөө убагында банктан алынган акчалар Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган деп көрсөтмө берген. Бирок Жээнбеков президент болуп турганда аны суракка чакыра алышкан эмес.
«Миллион долларды Дүйшөнбек Зилалиевдики деп бергенге моралдык да укугуңар жок деп атабыз. Чындыгында бул шайлоого каралган акча болчу. Президенттикке талапкер болуп турганда алып атса. Бул сөздү тетиги премьер-министр болуп турган учурда сүйлөшүшөт экен. Ошондо жардам деп сурайт. Анан бул элден акча чогултуп, ошол бир миллион долларды Сооронбай Жээнбековдун өзүнө берет. УКМКда сурак жүрүп атканда эле айтылган бул. Зилалиев бул акчаны төкпөй-чачпай Сооронбай Жээнбековдун өзүнө бергем деп айткан. Аны ошол сүйлөшүүгө күбө болгон Сапар Исаков тастыктап бере алат деп. Анткени Сапар Исаков жанында болгон экен бул сөз болуп атканда. Бирок ал кезде сот Жээнбековду чакырганга макул болгон эмес",-деген Би-Би-Сиге адвокат Таалайгүл Токтакунова.
Бул маалымат жарыялангандан кийин экс-президенттин адвокаты Жыргал Бабаев Би-Би-Сиге жооп кайтарган. Анда ал Зилалиевдин банктагы ячейкасы Жээнбеков премьер-министр кезинде эле ачылганын жана Зилалиев бул ишке саясий боек бергенге аракет кылууда деп билдирген.
"Ушунча жыл өткөндөн кийин, жаңы бийлик түзүлүп, Жээнбеков экс-президент статусун алган учурда Зилалиев бул ишке саясий боек бергенге аракет кылууда. Бул жалаа. Зилалиевдин өзүнө карата кылмыш ишине саясий боек берүүгө болгон далалаты. Экинчиден, Сооронбай Жээнбековдун бул ишке карата эч бир тиешеси жок, фигурант да эмес, күбө да эмес. Ошондуктан, сотко барууга да милдеттүү эмес. Экс-президент деген статусун айтпаганда да сотко барууга эч бир жүйө жок. Ошондуктан биз расмий билдиребиз - Зилалиевдин банктан алынган акчалар Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнө камдалып, анын өзүнө тапшырылган дегени - курулай жалаа, ишке саясий боек берүүгө жасаган далалаты",-деп айтылат Жээнбековдун адвокатынын билдирүүсүндө.
Ошол эле учурда баш прокурор Курманкул Зулушев 5-февралда басма сөз жыйынында Зилалиевдин иши боюнча экс-президент күбө катары сотко барып көрсөтмө бериши керек деп билдирген.
Мындан сырткары 5-октябрда тополоң окуяларда жабыркагандардын "Үмүт" кыймылы Жээнбеков президент болуп турганда тынч митингге чыккандарды ур-соккуга алып, ашыкча күч колдонгон деп айыптап, аны экс-президент макамынан ажыратып, жоопко тартууну талап кылып жатканы белгилүү. Башкы прокуратура аталган кыймылдын арызы УКМК менен ИИМдеги иштердин алкагында каралып жатканын кабарлаган болчу. (КС)