You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
К. Токтогулов: "Америка тополоң чыгаргысы келип жатат деген жаңылыш түшүнүктөр болуп келди"
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
АКШнын жаңы президенти Жо Байден кызматына киришкен эле күнү эски бийликтин миграция боюнча чечимин жокко чыгарды. Бир катар өлкөлөрдүн катарында кыргызстандыктар эми АКШга виза ала алат. Мындан аркы АКШ-Кыргызстан, АКШ-Борбор Азия мамилеси тууралуу Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов менен маектештик.
Би-Би-Си: Адегенде эки мамлекеттин жокко чыгарылган негизги кызматташтык келишиминин тагдырынан кеп баштасак.
К. Токтогулов: Келишимдин тагдыры биздин жетекчилердин колунда. Кыргызстанда дагы жаңы президент ишин жакында баштайт. Жо Байдендин биринчи эле күнү Кыргызстан үчүн жакшы күн болду. Иммиграциялык визаларды чектөө бүгүн жокко чыгарылды. Карым-катнаштын мындан аркы өнүгүүсүн Американын жетекчилиги эмес, биздин дагы жетекчилик чечиш керек. Орусия, Кытай менен мамилени өнүктүрөбүз деп АКШга, Европага көңүл бурулбай калып жатат. Америка тополоң кылгысы келип жатат, бул жактагы кимдир бирөөнү колдобойт деген жаңылыш түшүнүктөр болуп келген. Мурда бейөкмөт уюмдары же "Азаттык" аркылуу бизге каршы иштеп жатат деген ойлор айтылчу, бул жаңылыштык. Мен жаңы жетекчилик жана өкмөт келгенде АКШга көз карашы башкача болот деп ойлойм.
Би-Би-Си: Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков АКШ менен Орусиянын мамилеси Байдендин аларга карата кадамдарынан көз каранды экенин айтты. Бул эки өлкөнүн карым-катнашы Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?
К. Токтогулов: АКШ, Кытай же Орусия менен мамилебиз кандай болоорун өзүбүз чечишибиз керек. АКШ же Орусия менен сүйлөшүп жатканда ал башка мамлекет менен байланышыбызды начарлатпаш керек. Мисалы, Америка менен сүйлөшүп жатканда Орусия бизди жаман көрүп калбайбы деп өзүбүз эле ойлой беребиз. АКШ биздин эгемендүүлүктү тааныган биринчи мамлекеттерден болчу. Отуз жылдан бери Кыргызстан эгемендүү болуш үчүн колдоп, жардам берип келди.
Мен элчи болуп Вашингтондо төрт жыл иштеп жүргөндө алар мындай, тигиндей кадамдарды жасайлы, Орусия менен байланышыңарды азайткыла деп бир да жолу айткан жок, негизи айтпайт деле. Анткени алар биз Борбор Азияда экенибизди, өз коңшуларыбыз бар экенин, тарыхый өнөктөшүбүз Орусия экенин жакшы түшүнөт. Орусиянын ордун да АКШ ала албайт, аны өздөрү да билет. Экономикалык, маданий байланышыбыз Орусия менен. Биз өзүбүз эле Орусия биздин чоң өнөктөшүбүз, алардын АКШ менен мамилеси жакшы эмес деп дипломатиялык алаканы жакшырткандан тартынабыз. Андай болбош керек. Бир эле учурда баары менен жөндөп кетсек болот.
Би-Би-Си: Ал эми АКШ менен Кытайдын мамилесин уйгурлардын маселеси чыңалтып жатат. Алар бүтүндөй Борбор Азияда бар. Ошол эле Кыргызстанда, Казакстанда мусулмандар басымдуу. Бул жагдайды эске алганда АКШ менен Борбор Азиянын алдыдагы алакасы кандай болот деп ойлойсуз?
К. Токтогулов:АКШнын Борбор Азияга жасаган буга чейинки мамилеси катуу өзгөрбөйт деп ойлойм. Негизи АКШнын тышкы саясаты туруктуу. Анын Борбор Азиядагы чоң өнөктөштөрү Казакстан менен Өзбекстан. Акыркы жылдары Кыргызстан менен мамилеси начарлап кетти. Биз кызматташтыкты өнүктүрүүгө аракет кылган жокпуз.
Би-Би-Си: АКШ тышкы саясатында Кыргызстанды бөлүп карайбы же Борбор Азиянын ичинде карайбы?
К. Токтогулов:Жаңы президент келгенден кийин Борбор Азияны Орусия портфелине кошуптур. Борбор Азияга карата кандай чечимдер алынаарын карап туралы.
Кыргызстан буга чейин Борбор Азияда демократиялык багытта өнүгүп бараткан өлкө саналып келсе, акыркы эки-үч жыл эл аралык коомчулук андай көз карашта эмес. Бизде газ жок, мунай жок, болгону элибиз, демократиябыз менен эркиндигибиз бар деп келчүбүз. Ошонубуз менен айырмаланып келчүбүз. Казакстанда, Өзбекстанда АКШнын экономикалык кызыкчылыгы бар. Алардын демократиялык аракеттеринде кемчиликтер болсо, кээде көз жумуп коюшат.
Би-Би-Си: Кыргызстан менен АКШнын ортосунда кандай реалдуу долбоорлорду, экономикалык кызматташтыкты түзүүгө болот?
К. Токтогулов:Мүмкүнчүлүктөр жок эмес. Адегенде өзүбүз аракет кылып, биз сунушташыбыз керек, анткени бул бизге керек. Инвестиция тартууга аракет кылса болот. Ал үчүн биз инвестициялык климатты оңдошубуз керек, сот адилеттүү болуш керек. Алардын инвестициялык компаниялары ири корпорациялар, коррупцияга аралашкысы келбейт. АКШ менен алакабызды Орусия менен мамилебизге зыян келтирбей эле алып бара алабыз деп ойлойм.