You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Ар бир чиновникти декларациясы боюнча текшеребиз": УКМК төрагасынын басма сөз жыйыны
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал УКМК жетекчилигине октябрдагы бийлик алмашуудан кийин дайындалган.
К.Ташиев басма сөз жыйынында бир катар чуулгандуу кылмыш иштер боюнча маалымат берди. Алардын ичинде Жогорку Соттун төрайымына, парламент депутатына карата кылмыш иши козголо турганы айтылды. Башка дагы эмне сөз болду?
Р.Матраимовдун мүлкү
Камчыбек Ташиев басма сөз жыйынында Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун кайсыл мүлктөрү кандай баа менен коопсуздук кызматына өткөнү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, Матраимовго тиешелүү соода борбору мамлекетке өткөн. Бишкек шаарындагы бул мүлктү мамлекетке өткөрүп алууда бир чарчы метри 945 долларга (жалпы 6900,8 кв.м) бааланган. "Бирок азыркы учурда соода борборунун бир чарчы метри 1500 доллардан, ал өзү бул жайдын бир чарчы метрин 1500 доллардан алууну суранды. Биз арзан баада өткөрүп алдык",-деди К.Ташиев.
Ошондой эле анын тогуз батири мамлекетке өтүп, сегизи УКМК кызматкерлерине пайдаланууга берилген, бир батирин болсо балдар үйүнө же башка социалдык мекемеге берилмей болгон. Батирлердин жалпы баасы 56 млн 353 миң 202 сомду (долларга 682 миң 242) түзгөн.
Октябрдын соңунда Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын маалымдаган. Көп өтпөй Р.Матраимов кармалып, бирок эки миллиард сом мамлекеттик казынага төлөп берүүгө милдеттендирилип кайра бошотулган. Р.Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке аталган каражатты толук төлөп берди дейт УКМК төрагасы. Анын чет өлкөдөгү мүлкү дагы текшериле турганы айтылды.
Жогорку соттун төрайымына козголгон кылмыш иши
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соттор тууралуу кеңири сөз кылды. Ал айрым соттор кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, байып кеткенин жашырган жок. Бишкекте ондогон батирлери, кымбат унаалары бар жана чет өлкөгө эс алып келген соттор бар экенин билдирди.
Андан тышкары Ташиев Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун жар салды. УКМКнын төрагасынын айтымында, Калиеваны жоопко тартуу үчүн жетиштүү далилдер бар:
"Материалдардын Соттук кеңештин Тартиптик комиссиясына жолдодук. Эгерде комиссия Жогорку соттун төрайымын жоопко тартуу боюнча макулдугун берсе, аны эртең камакка алабыз жана жогорку кызматына карабай жоопко тартабыз. Ал мыйзамды бузду. Бул кадамы аркылуу мамлекетке чоң зыян келтирди. Бирок иштин чоо-жайын так айта албайм",-деди К.Ташиев.
Гүлбара Калиева 2018-жылдын сентябрында Жогорку Соттун төрайымы катары дайындалган. Азырынча Жогорку сот УКМКнын башчысынын билдирүүсү боюнча маалымат тарката элек.
Дыйканбаев менен Таировдун камалышы
УКМК төрагасы Жогорку Кеңештин кайсыл бир депутаты мындан сегиз жыл мурда жасаган кылмышы үчүн мамлекетке ири суммадагы каражат төгүп жатканын билдирди. Бирок депутаттын ысымын атаган жок. "Ар бир чиновникти, министрди, депутатты декларациясы боюнча текшеребиз",-дейт К.Ташиев.
Ошондой эле Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызматтын мурдагы башчысы Бакир Таиров менен президенттин парламенттеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди.
К.Дыйканбаев менен Б.Таиров өткөн парламенттик шайлоого деп, ишканалардан акча жыйнаган деп шектелген.
"Дыйканбаев боюнча ачык эле айтайын, бир мамлекеттик ишканадан 7 млн сомго чейин акча алган. Ошол ишканын башчысы жана башка күбөлөр муну толук тастыктаган. Экинчиден, Соцфонд боюнча мындай болгон, ар бир райондук башкармалыктардын жетекчилери 40-45 миң сомдон акча чогултуп, ошол бир партияны каржылашкан. Ошолор өздөрү арыз берип жатышат. Ушул эле маселе Мамлекеттик каттоо кызматында да болгон. Алар дагы кол астындагылардан акча чогултуп беришкен",-дейт Ташиев.
Ошондуктан каттоо кызматынын айрым жетекчилери кармалып, артынан Таиров камакка алынганы айтты.
УКМК Б.Таиров менен К.Дыйканбаевди камакка алган. Алар октябрдагы Жогорку Кеңештин шайлоосунда кайсыл бир партия үчүн каражат жыйнаган деп айыпталып жатканы айтылган эле.
"Чет элдик тыңчылар"
Айрым өлкөлөр биздин мамлекеттин ишине кийлигишкиси келип жатат, деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.
"Бизде көптөгөн маалыматтар жана фактылар бар. Айрым кишилерди бул иш боюнча кармадык. Биздин өлкөнүн ичиндеги диверсиялык иштери үчүн",-деп кабарлады ал.
Алар кайсыл өлкөдөн экенин жана кандай фактылар бар экени ачык айтылбай турганын белгиледи. (AbA)