You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ Ормуз кысыгындагы жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулдан кийин Иранга сокку урду
АКШнын аскердик күчтөрү Ормуз кысыгында жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулдан кийин Иранга сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, ракеталар жана дрондор сакталган кампалар, ошондой эле кысыктын жээгиндеги радарлар бутага алынган. Кийинчерээк Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) аймактагы америкалык позицияларга сокку урганын маалымдады.
"Иран күчтөрүнүн соода кемелерине каршы негизсиз агрессиясы ок атышууну токтотуу режимин ачык эле бузду",- деп билдирди АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.
"Ирандын мындай кооптуу аракеттери деңизде эркин жүрүү принцибине доо кетирүүдө. Бул эл аралык маанидеги соода жолу аркылуу барган сайын көбүрөөк жүк ташылууда",- деп айтылат маалыматта.
Командачылык АКШнын куралдуу күчтөрү Ормуз кысыгы аркылуу өтүп жаткан соода кемелеринин коопсуз өтүшүн камсыздоо үчүн координация иштерин улантарын жана аларга колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.
Өз кезегинде КСИР америкалык соккуга жооп катары АКШнын аскердик күчтөрүнө чабуул койгонун билдирген. Бирок анын чоо-жайын түшүндүргөн жок.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеран ок атышууну токтотуу режимин бузганын билдирген. Анын айтымында, мындай билдирүүгө Ормуз кысыгы аркылуу Сингапурдун желеги алдында сүзүп бара жаткан жана Evergreen компаниясына таандык Ever Lovely контейнер ташуучу кемесине жасалган чабуул себеп болгон.
"Иран Ислам Республикасы Ормуз кысыгы аркылуу өтүп бара жаткан кемелерге кеминде төрт камикадзе-дрон учурду. Алардын бири өтө кымбат ири жүк ташуучу кемеге тийди. Кеме жабыркаганы менен сапарын уланта алды. Калган үч дронду биз атып түшүрдүк. Бул биздин ок атышууну токтотуу боюнча келишимди ачык бузуу болуп эсептелет",- деп жазды Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.
Кемеге жасалган чабуулдан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык деңиз уюму (IMO) АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу башталгандан бери Ормуз кысыгында калып калган 11 миңден ашуун кемечини эвакуациялоо иштерин убактылуу токтотту.
Чабуул болгонуна карабастан, Ever Lovely кемеси Ормуз кысыгынан коопсуз чыгып кеткенин Evergreen Marine ишканасы жума күнү жарыялады.
Кемелердин кыймылын көзөмөлдөгөн MarineTraffic кызматынын маалыматына ылайык, кеме Ормуз кысыгы аркылуу Омандын жээгине жакыныраак жайгашкан түштүк багыттагы маршрутту пайдаланган.
Ирандын талаптары
Бул окуянын алдында Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Эл аралык деңиз уюму белгилеген маршрут аркылуу Ормуз кысыгынан өтүү аракеттерин "кабыл алынгыс жана өтө кооптуу" деп атаган. Ошондой эле кеме ээлери өз аракеттерин Тегеран менен макулдашууга тийиш экенин билдирген.
Жума күнү Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары КСИРге шилтеме берүү менен Ормуз кысыгы Ирандын аймагы болуп эсептелерин жазышкан.
IMOнун маалыматына ылайык, эвакуация убактылуу токтотулганга чейин Ормуз кысыгы аркылуу 115ке жакын кеме жана 2 миң 500 кемечи коопсуз өткөн.