You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ Р.Матраимов менен жубайын "кара тизмеге" киргизди
АКШ Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан Тургунованы «кара тизмесине» киргизди.
"Магнитский акты" боюнча кара тизмени АКШнын Каржы министрлиги түзөт. Матраимовдун жубайы дагы бул тизмеге киргенин мамлекеттик катчы Майк Помпео "Твиттер" баракчасына жазып чыкты.
"Райым миллион" деп элге кеңири таанылган Райымбек Матраимов бажы кызматында көп жыл иштеген. Ал 2017-жылдын ноябрь соңунда кызматынан алынган. Анын ысымы коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөрдө аталган. Бирок ал бул дооматтарды четке кагып келүүдө. Аны жоопкерчиликке тартуу талабы менен Бишкекте митингдер өткөн эле.
Октябрдын соңунда Улуттук коопсуздук кызматы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жанында жүргөн жана бул тармактагы коррупциялык схемаларга аралашкан 40 киши аныкталганын маалымдаган. Көп өтпөй Р.Матраимов кармалып, бирок эки миллиард сом мамлекеттик казынага төлөп берүүгө милдеттендирилип кайра бошотулган.
Ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу болуп турган Садыр Жапаров жеке өзү саясий чечим кабыл алганын айтканы эле.
"Райымды азыр алып барып беш секундда камап койсок болот. Ал төрт дубалда жата берет. Бир тыйын келбейт, анткени ал камалган соң эсептеринин баары жабылат. Ал өзү болмоюн акчалары которулуп келбейт. Мындайча айтканда кустура албайбыз. Сот иши жылдап уланат. Мына азыр конфискация кылабыз, камап жатып алып ишин тергейбиз десек анда макул бир үйүн, машинесин алат экенбиз, дагы бир имараттын алат экенбиз. Ал 24 миллион эмес, эки миллионго да чыкпаган мүлк болот да. Бир эле Райымбек эмес, башка коррупционердин баарын кустурабыз. Антпейби анда камайбыз. Мына ал камалганда эле дароо 80 миллион сом төктү, эми тергөө менен кызматташып, ноябрдын аягына чейин 2 миллиард сөм төгүп берет. Бул башталышы эле",-деген С.Жапаров.
Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова тууралуу буга чейин Factcheck.kg сайты иликтөөсүн жарыялап, коомдук сайттарда жарыяланаган сүрөттөр аркылуу өтө кымбат жана асемдүү буюмдарын, мүлктөрүн эсептеп чыкканы бар. Маселен, иликтөөдө кол саатынын баасы эле 2,6 млн. сомго бааланганы айтылган. Иликтөөчүлөр сүрөттөр аркылуу талдоого алынган буюмдардын жалпы баасын 24 миллион сомдун тегерегинде болушу мүмкүн деп белгилешкен. Бирок Матраимовдун жакындары коррупция боюнча айтылган айыптоолордун баарын кескин четке кагып келүүдө.
"Магнитский акты"
Биринчи жолу "Магнитский акты" АКШда 2012-жылы кабыл алынган. Бул 2009-жылы абакта өлгөн орусиялык Сергей Магнитскийдин урматына кабыл алынганы маалым.
Магнитскийдин жумуш берүүчүсү британдык-америкалык финансист Уильям Браудердин айтымында, ал орусиялык күч түзүмдөрүнүн жана жогорку бийлик өкүлдөрүнүн миллиондогон долларларды жымырып алганы тууралуу коррупциялык иштерин чубай баштаганда абакта өлтүрүлгөн. Орус бийлиги мындай айыптоолорду четке кагат. Тескерисинче, Браудер жанан анын орусиялык кызматкерлери, анын ичинде Магнитскийди салык кылмыштары боюнча айыптап жүрөт.
"Магнитский актына" киргендердин АКШдагы активдери болсо, дароо тоңдурулат жана тизмеге кирген киши менен кызматташууга тыюу салынат. (AbA)