You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Коркпогон коррупциянын шайлоодогу оркойгон чеңгели
Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу эң оркойгон жана эң көп жайылган мыйзам бузуу болгонун эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар да белгилеп жатышат.
Шайлоо өнөктүгү учурунда акча таратып, шайлоочуларды сатып алуу көрүнүштөрү болуп жатканын айтпаган эч ким калбады окшойт. Эч кимди көзгө илбей, акчаны сапыруу, таратуу добуш берүү күнү да көп болгонун социалдык медиага чыккан видео тасмалардан көрсө болот.
Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагында шайлоочуларга каратып туруп акча таратып жаткан "Мекеним Кыргызстан" партиясынын агитаторунун кармалышы эң кашкайган факты болуп калды. Кармалган кишинин жанынан беш конверттен 313 миң сом чыкты. "Мекеним Кыргызстан" партиясы өз кезегинде бул агитаторду тааныбай билишпей турганын билдирип, бул окуяны атайы жамантты кылуу аракети деп айтып чыкты.
Мындай ээнбаштыктар жөнүндө, албетте, эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардын отчетторунда айтылбай койгон жок.
Эң көп жаманатты болгондор
Шайлоого узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү көз каранды эмес байкоо салган жергиликтүү уюм "Жалпы иш" коомдук фондусу болду. Анын байкоочулары дагы шайлоочуларды сатып алуу фактыларын өздөрүнүн отчетунда көп белгилешкенин бүгүн фонддун жетекчиси Аида Сүйүндүева корутунду басма сөз жыйынында айта кетти.
"Узак мөөнөттүү байкоо учурунда биздин узак мөөнөттүү байкоочулардын отчетунда шайлоочуларды сатып алуу учурлары жөнүндө эң көп учураган партиялар "Мекеним Кыргызстан" болду, 90 отчетто айтылат, "Биримдик" жөнүндө 75 отчетто, "Кыргызстан" - 70 отчетто белгиленет. Бирок, байкоочулар өзүнүн көзү менен көргөн, далилдүү учурлар, албетте, аз",-деди Аида Сүйүндүева.
"Эң олуттуу көйгөй"
Шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө эл аралык байкоочулар дагы көп айтып жатышат. Бүгүн ЕККУнун миссиясынын отчетунда дагы добуштарды сатып алуу шайлоонун жүрүшүндөгү эң олуттуу көйгөй болуп калганы айтылат.
"Добуштарды сатып алуу өзүнчө бир көйгөй, ал маселени чечпесе болбойт",-деди бүгүн ЕККУнун миссия башчысы Томас Бозеруп басма сөз жыйында.
Акча таратуунун тыйылбай, шайлоо өнөктүгүндө да добуш берүү күнү да күчөгөнүнүн бир себеби катары аларды колго чапкан мамлекеттик көзөмөлдүн начар болгондугунда деп жатышат.
Шайлоочуларды сатып алуу аракеттери ачык да, тымызын да болуп жатканын эч ким жок дебейт, андай фактыларды укук коргоо органдары өздөрү дагы билдирип жатышат. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, добуш берүү күнү эле катталган 25 мыйзам бузуу фактысынын ичинен 13 шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө болду. Ал эми андан мурда өнөктүк учурунда дагы толтура мыйзам бузуулар, анын ичинде акча таратуу фактылары боюнча да кылмыш иштери козголду, бирок убагында оперативдүү тергөө болуп, капчыгына таянып аткан талапкерлерге тийиштүү чара көрүлгөн жок. Укук коргоо органдары тергөө жүрүп жатат деген негизде ишти создуктуруп отуруп алышты. Ал эми сотко чейинки териштирүү иштеринде так ошол акча сапырып жаткандар суудан кургак чыгып жатышты.
"Биримдик" партиясынын бир талапкеринин Нарын районундагы Чет-Нура айылындагы шайлоочуларга жарым миллион акча убада кылып, 300 добуш сурап жатканы жөнүндө айтылган видео сентябрдын башында эле элге жарыя болгон. Бирок аны тергөөчүлөр ары чоюп, бери чоюп убагында чара көрүшкөн жок. Ошондуктан БШКнын жыйынында мындай иштерди оперативдүү карабай, шалаакылык кылганы үчүн ИИМдин жетекчилигинин жоопкерчилигин кароо жөнүндө маселе коюлду. Бирок кайра эле эми шайлоодон кийин бул иштин мыйзамдуу чечилерине ким ишенете, айтуу кыйын. (КС)