You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Парламент референдум өткөрүү жөнүндө мыйзамды кабыл алды
Кыргызстандын Жогорку Кеңеши кызуу талкууланып жаткан мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорун ("Мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу", демилгечи - депутат Жапаров А.) парламент депутаттарынын көпчүлүгү колдоду.
"Мыйзам процедураларды бузуу жолу менен өттү. Зордук менен референдумга салып койгондо дагы анын жыйынтыгы мыйзамсыз деп, толук аткарбай койгонго негиз бар. Бул мыйзам бюджеттен чыгымдарды талап кылат. Өкмөт каржылык булактарды таап, макулдугун бергенден кийин анан каралышы керек. Баш мыйзамда: "Референдумду өткөрүү тартиби жана карала турган маселелердин тизмеси атайын конституциялык мыйзамда аныкталат" дейт. Бүгүнкү коюлуп жаткан маселе тизмеде жок",-деди депутат Өмүрбек Текебаев.
Өкмөттүн парламенттеги өкүлү референдум өткөрүүнүн каржылык чыгымдарын көтөрүүгө даярдык бар экенин билдирди.
Парламент жыйыны өтүп жатканда референдумга каршы чыккан бир нече активист митинг өткөрдү. Активисттер "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын мөөнөтү бүткөн жана мындай чоң саясий маселелер боюнча чечим чыгарууга укугу жок" экенин айтууда. Мындай нааразылык жүрүштөрү ар аптада өтүүдө.
Мыйзам долбоору Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү демилгелейт. Мындан он жыл мурун парламенттик башкаруу жолун тандаган Кыргызстан кайрадан бул жолдун тууралыгынан шектенип, президенттик башкаруу жолуна кайтып барууну референдумда элдин элегине койгону жатат.
Мамлекеттик башкаруу формасын тандоону элдин өзүнөн сурап референдум өткөрүү керектиги жөнүндө президенттикке талапкер Садыр Жапаров айтып чыкккан эле. Андан мурда мындай маанидеги мыйзам долбоорун азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев депутат болуп турганда даярдап, талкууга коюп кеткен эле. Ошол мыйзамды парламенттин кароосуна депутат Акылбек Жапаров алып чыкты.
"Биздин коомчулукта талаш-тартыш жаратып аткан мындан ары кандай мамлекеттик башкаруу принциптери болуш керек деген суроону саясий лидерлер, конституциялык кеңеш, парламент депутаттары чече албай турганына көзүбүз жеткенден кийин, муну президенттик шайлоо менен чогуу элден сураганбыз туура деген мыйзамды мен киргизип атам",-деген депутат.