"Флешмоб акциялар менен алдабагыла": экологдордун саясий партияларга эскертүүсү

Сүрөттүн булагы, Social media
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Шайлоону утурлай кыргызстандык эко-активисттер Ак үй алдына акцияга чыгышты. Алар кезинде депутат болуп туруп, экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун четке каккан талапкерлерди бойкот кылууга чакырды.
Ошондой эле эки негизги мыйзам долбоорун кабыл алуу керектигин айтууда.
"Биз "жаратылышты сактайлы" деген абстрактуу талап менен чыккан жерибиз жок. Эки мыйзам долбоорун адвокация кылып жатабыз. Булар аңчылыкка каршы жана мөңгүлөрдү сактоо мыйзам долбоорлору",- деди иш-чаранын демилгечиси Назикбек Кыдырымышев.
Акциянын уюштуруучулары шайлоого карата ар бир партиянын программасында экологиялык маселелер көтөрүлүп жатканын, бирок бул жөн эле формалдуулук экенин айтышты.
Былтыр Жогорку Кеңеште аркар-кулжага аңчылыкка каршы мораторий сунушталып, бирок 82 депутат каршы чыккан. Ошолордун 62си кайра быйыл депутаттыкка талапкер болуда.
MoveGreen эко-кыймылы, ал депутаттар бул жолу кайсы партиядан шайлоого бара жатышат, аты-жөндөрү менен тизме да түзгөн.
"Ата Мекен" -1, "Бир Бол" -1, "Кыргызстан" - 15, "Замандаш" - 3, "Биримдик" -26, "Мекеним Кыргызстан" -12, "Республика" -4.

Сүрөттүн булагы, Social media
"Үгүт маалында партиялар экологиялык акцияларды көп өткөрүп жатышат. Шаардын айланасындагы коктуларда, желектин жанында таштанды чогултуп жатышпайбы. Бул шайлоо алдында экологияны эстеп, упай топтоочу бир эле жолу өткөрүүчү иш-чара болуп атат. Болбосо, буга чейин экологияны коргоо мыйзамына каршы чуркап кнопка басып жүргөн депутаттарды көрбөдүкпү. Анда аз эле депутат бизди колдобосо, көпчүлүгү каршы болбоду беле",-деп эстейт эко-активист Гульбара Оморова.
Ал парламенттин жаңы курамынан жаратылыш, тоо-кен байлыктары, токой чарбачылыгы жана биоартүрдүүлүк үчүн күйгөн эл өкүлдөрүн көргүсү келет.
Чет элдик жарандарга жапайы жаныбарларга ууга чыгып, аңчылык кылууга уруксаат берүү - Кыргызстан үчүн киреше булагы болуп жатат.
2018-жылы казынага мындай ишкерликтен 57 миллион сом түшкөн болсо, былтыр 87 миллион сомдон кем эмес пайда түшкөнү тууралуу маалыматтар бар.
Мындан тышкары жылына казынага четтен келген мергенчилерди тейлөөдөн эле 60 миллион сомдой кошумча акча түшөт.
Бирок эко-активисттер Кыргызстандын символу болгон ак илбирс тоо-теке менен азыктанат, азыркы кетиш менен өлкөдө био ар түрдүүлүккө доо кетет деп тынчсызданып жатышат.
Андыктан алар аңчылыкка каршы мыйзамды жаңы Жогорку Кеңеште кайрадан сүрөгөнү жатышат.
"Мыйзамдын өтпөй калышына кызыкдар күчтөр болду. Бирок жарым жылдан кийин активисттер аңчылыкка каршы долбоорго сегиз миң адамдын добушу менен петиция алып келип, мыйзам кайра сүрөлсүн деп суранышты. Андыктан биз ал долбоорду кайра коомдук талкууга койдук", -деди тийиштүү мыйзам долбоорунун автору депутат Экмат Байпакбаев.
Экология маселесинде дагы бир олуттуу көйгөй - мөңгүлөр. 2017-жылы Суу кодексинде өзгөртүүлөр киргизилип, Кумтөрдөгү Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан козгоп, которуштурууга уруксат берилген. Азыр бул мөңгүлөр кыйрап, дагы үч мөңгү коркунучта экени айтылып жатат.
Кыргызстандын жалпы аянтынын 4% мөңгүлөр түзөт. Бирок алар күн сайын ээрип, жок болууда. Анын себеби, бир гана глобалдык жылуулануу эмес, чарбалык аракеттер да өз салымын кошууда.
"Барсбек" аттуу демилгелүү тобу 2050-жылга барып Кыргызстан мөңгүлөр жок болуп кетет деп тынчсызданып, жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Анда Аргентинанын тажрыйбасын үлгү кылып, муздарды бузгандыгы үчүн айып пул киргизүүнү сунушталып жатат.
Ошентсе, мөөнөтү бүтүп бара жаткан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында эко-активисттердин купулуна толгон чечимдер да болду. Былтыр Кызыл-Опмполдогу уран кенин чалгындоого каршы ири акциялар өтүп, парламентте тийиштүү мыйзам сунушталып, өлкөдө уранды чалгындамак түгүл, өндүрүү, иштетүү иштерине расмий тыюу салынды.































