Түтүндөн думуккан Бишкек

    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Соңку жылдары Бишкекте абанын булганышы нормадан бир нече эсе жогорулап кеткенин экологдор байма-бай айтып келишет. Суук түшөөрү менен шаарды түтүн каптап, абанын кескин булганганып кеткени тургундарды бир топ кабатыр кылды.

Бишкек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Ал ортодо Кыргызстандын өкмөтү борбор калаадагы экологиялык абалга тынчсыздануусун билдирди.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматта: "Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү жана Бишкек шаарынын чегинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирүүнү камсыздоону тапшырды.Мындан тышкары Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө газ мотордук отунду колдонууну кеңейтүү жана коомдук унаа паркын газга өткөрүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү милдеттендирди. Премьер-министр ошондой эле шаардын «желдетүүсүн» камсыздаган аймактарда бийик курулуштарды курууга толук тыюу салуу мүмкүндүгүн изилдөөнү туура деп эсептейт",-деп айтылды.

Мындан алдын Айлана-чөйрөнү жана токтой чарбасын коргоо агенттиги Бишкекте абанын булганышы белгиленген чектен ашпагандыгы тууралуу билдирүү таратты. Алардын маалыматына ылайык, шаарда абадагы зыяндуу заттар атайын орнотулган 7 байкоочу жабдыктар аркылуу аныкталып турат. Би-Би-Си аталган темада эколог Нурзат Абдырасулова менен маектешип, баш калаанын азыркы экологоялык абалы тууралуу сурады.

Нурзат Абдырасулова: Ар бир чоң шаардын экологиялык абалы байкоого алынып, коомго байма-бай маалымат берилип турушу керек. Учурда Бишкекте экологиялык абал өтө начар. Буга барыбыз тең эле күбө болуп жатабыз. Андан тышкары айрым бейөкмөт уюмдар атайын аппараттар менен ченеп, абанын булганганын тастыктап жатышат. Шаардын абасынын булгануу себептери абдан көп. Биринчиден, жылуулук системалары жана ишканалар бөлүп чыгарып жаткан түтүндөр. Экинчиден, эски авто унаалардан бөлүнүп чыгып жаткан уулу заттар. Бирок бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Энергияны колдонуу кыш мезгилинде үч эсеге көбөйүп кетет. Күн сууктап, температуранын ылдыйлашы менен түтүндүн абада көбөйүшү көбүрөөк байкалат.

Би-Би-Си: Жогоруда Бишкектин абасынын булганып жатышынын бир нече себептерин санап өттүңүз. Шаардын экологиялык абалын жакшыртып, маселени чечүүдө биринчи кезекте эмнеге көңүл буруу керек?

Нурзат Абдырасулова: Бирден-бир жолу энергияны эффективдүү пайдалануу. Көмүрдүн ордуна башка альтернативдүү булактарды колдонуу, үйлөрдү жылуулоо. Эски авто унаалардын санын азайтып, сапаттуу коомдук транспортту өнүктүрүү. Учурда бүткүл дүйнө энергияны кайра калыбына келтирүү аракеттерин көрүп жатат. Андыктан биз жаңы энергиянын булактарын колдонуучу заманбап технологияларды иштетишибиз керек. Бул абанын жакшырышына, экологиянын тазарышына, ден-соолуктун бекем болуусуна шарт түзөт.

Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги абага жылына 240 миң тонна булганыч заттар тарайт

Би-Би-Си: Тагыраагы кайсыл жаңы энергия булактары тууралуу айтып жатасыз жана Кыргызстандын ошолордун ичинен кайсыл булактарды иштетүүгө мүмкүнчүлүгү жогору?

Нурзат Абдырасулова: Жаңы энергия булактары- бул күндүн нуру, шамал, суу. Азыркы тапта мындай энергия булактарын иштетүүчү технологиялар арзандап, Кыргызстанга окшогон экономикасы чабал мамлекеттердин колдонуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатат. Бишкекте айрым бизнес тармактары же жеке үйлөр күн нурунан кубат алган панелдерди колдонуп, көмүрдүн ордуна газ менен жылытуу ыкмаларын пайдаланып жатышат. Эгер артыкчылык берип, өкмөт жакшы көңүл бура турган болсо, Кыргызстанга ыңгайлуу жолун тандап алсак болот.

Унааңыз канчалык аз зат бөлүп чыгарса, айлана-чөйрөгө ошончолук жакшы болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Унааңыз канчалык аз зат бөлүп чыгарса, айлана-чөйрөгө ошончолук жакшы болот

Би-Би-Си: Экологияга адам баласынын тийгизген таасири чоң эмеспи. Бишкектин экологиясын сактоодо шаар тургундарынын жоопкерчилигин кантип жогорулатса болот?

Нурзат Абдырасулова: Алгач экология боюнча жакшы план болушу керек. Бул боюнча мэрия иш алып баруусу шарт. Иш-чаралардын планында шаар тургундарынын экология боюнча сабаттуулугун жогорулатуу жагы биринчи кезекте камтылышы керек. Маселен, үйлөрдү жылуулоо программасы же энергиянын жаңы булактарын орнотуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилиши шарт.

Би-Би-Си: Мына, коңшулаш Казакстан "Жашыл алкак" деген долбоордун негизинде 1997-жылдан тартып Астананын тегерегине 70 миң гектардан ашык бак-дарактарды отургузуп, 2021-жылга чейин аянтын 100 миң гектарга чейин жеткирүүнү пландап жатат. Ал эми Бишкектин экологиясын жакшыртуу үчүн ушул сыяктуу кандай долбоорлор иштеп жатат?

Нурзат Абдырасулова: Кыргызстанда экология өтө тар тармак катары каралат. Олуттуу деле долбоорлор жок. Көптөгөн иш-чаралар өкмөттүн эмес, донорлордун демилгеси менен өткөрүлөт. Биз экологиялык абалдан адам ресурстары, мамлекеттин экономикасы көз каранды экенин түшүнүшүбүз керек. Эл аралык уюмдар климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр. Бирок ошол каражатты туура пайдалануу башка маселе.

Видеонун түшүндүрмөсү, "Сапар": Глобалдык климаттын өзгөрүүсү