You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ойрон болгон операция же Атамбаевдин кечиккен билдирүүсү
Кыргызстанда камактагы экс-президент Алмазбек Атамбаев мыйзамдагы уурунун түрмөдөн бошотулган окуясы боюнча билдирүү таратты. Анда 2013-жылы Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу Жаныш Бакиевди Кыргызстанга экстрадиция кылуу боюнча атайын операциянын бир бөлүгү болгону, бирок бул операция ишке ашпай калганы айтылат.
«Президент катары 2011-жылдан тартып мен сексенден ашуун киши каза таап, жүздөгөн адам жарадар болгон 7-апрель окуясында кылмыштуу буйрук берген Жаныш Бакиевди экстрадициялаш үчүн бардык чараларды көрдүм. «Батукаев иши» аркылуу 2012-жылы УКМКнын пландалган операциясынын натыйжасында Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келиши керек эле. Операцияны жетектөөнү анын демилгечиси, УКМКнын ошол кездеги төрагасына тапшыргам",-дейт.
Атамбаевдин билдирүүсү 28-августта эле жазылган, бирок аны адвокаты Замир Жоошев бүгүн гана таркатты.
Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди 2013-жылы ичер суусу, көрөр күнү аз калды, айыкпас оору деген негизде түрмөдөн бошотуп, Чеченстанга чыгарып жиберишкен. Кийин анын жалган диагноз менен чыкканы ашкере болуп, Жогорку Кеңештин талабы менен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Бирок Батукаевди кайтарып алып келе алып келе алган эмес.
Бир жылдан бери камакта отурган мурдакы президент кылмышкерди бошотуу операциясында анын өзүнүн коррупциялык же башка максаттагы аракети болгон эместигин айтууда.
"Кылмыш ишинин бир да материалында, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүндө мен тараптан коррупциялык же башка аракеттер жок. Болушу да мүмкүн эмес. Ошондуктан чындыкты жашырыш үчүн бийликтин чечими менен сот жабык өтүп, материалдар сыр түрүндө сакталды. Тилекке каршы, УКМКнын операциясы ийгиликтүү болгон жок. «Батукаев иши» боюнча өкүм менен Сооронбай Жээнбековдун бийлиги иш жүзүндө Жаныш Бакиевге жана анын шериктерине кол тийбестик берип койду».
Атамбаев бир жыл мурда Кой-Ташта бекинип алып, ИИМдин сурагына барбай, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин кармалып, камакка алынган. Аны суракка чакыруунун максаты дагы так ушул Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу жөнүндө көрсөтмө берүү болчу. Бирок ошондо Атамбаев суракка баруудан караманча баш тарткан болчу. Ал өзү айтып жаткан атайын операция боюнча ошондо эле эмнеге суракка барып, көрсөтмө берген эмес деген суроо туулат.
Атамбаевдин билдирүүсүнө генерал Феликс Кулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу дароо эле реакция жасап, бул жерде эч кандай атайын операция болушу мүмкүн эместигин, анткени анын далилдүү документтери жок экенин жазып чыкты. Экинчиден, УКМКнын мурдагы башчысы Атахановдун РФ Мамдуманын депутаты Делимхановдун жардамы менен Жаныш Бакиевди Беларустан жашыруун уурдап Бишкекке алып келүү жөнүндө оюн "фантастика" жана "афера" деп атады.
Батукаевдин окуясы башталган күндөн тартып эле бул жогору жактын тымызын буйругу же уруксаты менен болгон иш экени көп айтылып келди. Анткени мыйзамдагы ууруну бошотуп, урматтап узатуу жогору жактын макулдугусуз чечилбеси түшүнүктүү эле. Бирок Батукаевди чоң акча алып чыгарышты же башка бир таасирлүү адамдын талабын орундатышты деген божомолдор болуп жатты жана ошондой пикирлер түзүлүп калды. Ушул иш Жогорку Кеңеште адеп каралганда эле анын чындыгын эмне үчүн айтышкан эмес деген суроо турат.
Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганы жөнүндө иш боюнча соттук териштирүү болуп, Атамбаев мүлкү конфискацияланып, 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Ошондой эле шаардык сот да бул өкүмдү күчүндө калтырган. (КС)