You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Ички иштер органдарынын 15 кызматкери вирустан каза болду
Коронавирустан каза болгондорду эскерүүнү улантабыз. Пандемиянын башынан бери Кыргызстанда ички иштер органдарынын 15 кызматкери бул оорудан кайтыш болду.
Милиция кызматкерлери өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал учурларында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.
"Өзгөчө абал киргизилген жерлерде эргүүдөгү кызматкерлер да жумушка чакырылды. Айрым учурда нөөмөт менен иштешсе, айрым учурда нөөмөтүн алмаштырбай күнү-түнү иштеген кызматкерлер болду", - дейт ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Медет Иманакунов.
Пандемия учурунда каза болгон 15 кишинин төртү эркин жалданган, калганы системадагы кызматкерлер эле.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБдин кызматкери Бердибай Элакунов певмониядан каза болгону 29-июнда кабарланды. 37 жаштагы милиция кызматкери ооруканада жатып, бул абдан оор илдет экенин айтып, элди абайлоого чакырган видеосун тарагандан көп өтпөй кайтыш болду.
30-июнда ИИМдин Оштогу госпиталында иштеген дарыгер, 71 жаштагы Жамал Тазабекова каза болду.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаарындагы кызматкери милициянын капитаны Улукбек Умаров 43 жашында 9-июнда кайтыш болду.
13-июлда Баткенде милициянын капитаны Хасан Абдуллаев 49 жашында кайтыш болгону кабарланды. Ал шаардык күзөт бөлүмүнүн башчысы эле.
19-июлда Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Ош шаарындагы кызматкери, ага лейтенант Чынгызбек Оморов каза болду. Оморов 32 гана жашта болчу.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы Айбек Баеков 51 жашында каза болду.
Андан сырткары оору өмүрүн алгандардын арасында криминалист, техникалык кызматкерлер, ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери, ички иштер органдарынын ардагерлери, отставкадагы милиция өкүлдөрү бар.
Алардын бири ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Олег Запольский. Олег Запольский 27-июнь күнү реанимацияда каза болду. Ал эки тараптуу пневмония менен ооруганы айтылды. Милициянын подполковниги Запольский 39 жашта болчу.
"Ал кесиптештери менен Кыргызстандын аймагында жана эл аралык деңгээлдеги кылмыштуу топторду, баңгизаттарды сатуучуларды кармап, бир топ кылмыштардын бетин ачкан. Бул эмгектери үчүн Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын жана Жамааттык коргонуу келишим уюмунун медалдары, артыкчылык белгилери менен сыйланган. Жоопкерчиликтүү, тартиптүү, оор басырыктуу, ыкчам-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда кызматты мыкты уюштурууга жөндөмдүү, чыныгы жетекчи болчу. Өмүрүнүн бүткүл убактысы кызматына арналып, жоопкерчиликтүү кызмат өтөп келди", - деп эскерет Ички иштер министрлиги.
Каза болгон 15 адамдын басымдуусу пневмония менен ооруп, төрт кызматкерде Covid-19 тастыкталган.