You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан: коронавирустун рекорддук көрсөткүчү, абал оорлошту
Дүйнөдө Covid-19 жуктуруп алгандар саны 10,5 миллион кишиге жакындады деп кабарлады Жон Хопкинс университети. Вирустан каза тапкандар 506 миңден ашты.
Эң оор кырдаал АКШда болуп жатат. Өлкөнүн башкы эпидемиологу Энтони Фаучи шейшембиде сенатта сөз сүйлөп, коронавирусту күнүнө 100 миңден киши жуктуруп алса дагы таң калбай турганын айтты. Доктор Фаучинин айтымында, көптөгөн америкалыктар илимий көз караштарга каршы пикирди карманып, эпидемиологдордун кеңешин укпай жатат.
"Биз чынында кырдаалды көзөмөлдөй албай жатабыз",- деди ал. Анын айтымында, болжолу вирус жуктургандардын жарымы төрт штатка туура келет. Булар: Флорида, Аризона, Техас жана Калифорния.
Кыргызстанда абал кыйындады
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир сутка ичиндеги эң жогорку көрсөткүч катталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги өткөн суткада Сovid-19 инфекциясынын жаңы 439 учуру катталганын билдирди. Эң көп катталган аймак мурдагыдай эле Бишкек шаары -195.
- Чүй облусу - 175
- Ош шаары - 5
- Ош облусу - 5
- Нарын облусу - 10
- Жалал-Абад облусу - 24
- Талас облусу - 12
- Баткен облусу - 13
Ошол эле учурда өлүм-житим дагы көп катталып жатат. Кече 7 киши каза тапканы айтылса, бүгүн вирустан 5 бейтап кайтыш болгон. Жалпысынан вирустан ушул күнгө чейин 62 киши каза тапты.
"Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча Covid-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 879 учур катталды, алардын ичинен 446 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан",- деп айтылат расмий маалыматта.
Саламаттыкты сактоо министрлиги айрым жеке менчик лабораторияларга тест алууга уруксат бермей болду. Жарандар арасында тест тапшыра албай жатканын айтып, даттангандар көп болууда.
"Жеке менчик "Auqalab" жана "Экспресс плюс" лабораторияларына ПЦР жана ИФА тест алууга уруксат берилди. Анын баасы - 1600 сомду түзөт", -деди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев. (AbA)