Президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус тастыкталды

Published

Президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус тастыкталды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты кабарлады.

"Кыргыз Республикасынын делегация курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, президент аппаратынын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырышты. Анализдердин жыйынтыгы боюнча 8 кызматкерден коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды. Белгилей кетсек, бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат. Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда",-деп айтылат маалыматта.

Орусия баш калаасы Москва шаарындагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга кыргызстандык делегация катыша албай калган. Москвага барганда коронавирус инфекциясына тест тапшырып, президент аппаратынын эки кызматкеринен илдет аныкталган. Президент Жээнбеков ушундан кийин башка иш-чараларга катышуудан баш тарткан эле.

Кечээ күнү Москвадан келери менен президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты.

"Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт"-деди президенттин басма сөз кызматы.

Ал эми президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. "Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат",-деп айтылган.

Жогорку Кеңештин дагы төрт депутатынан Covid-19 аныкталган. Мамлекеттик кызматкерлер аралыктан туруп иштөө режимине өтүүдө. (AbA)