You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Covid-19: карантинде кыйналган бейтаптар
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге өз убагында жардам көрсөтүлбөй, жакындары аны 1,5 саттай шаар аралап бир ооруканадан экинчисине ташыганы айтылып жатат. Бирок маркумдун жакындары мындай маалыматтарды четке кагышты.
Бирок бул окуя карантин маалындагы өнөкөт оорулу жана чукулунан медициналык жардамга муктаж адамдардын маселесин дагы бир жолу козгоду.
"Оорулуу адам мусапыр"
Бишкек тургуну Кумар Эргешова келинимдин тиши ооруп, өзгөчө абал маалында шаар аралап тиш догдур табуу аларга кыйынга турду дейт:
"Келинимдин тиши ооруп, түну менен аябай кыйнады. Тишин каякка көрсөтөбүз деген суроо болду. Өзү да ай-күнүнө жетип турган маал эле. Шаардык №1 стоматология иштеп атат деп барсак, ал жактан кош бойлуу экен деп кабыл алгандан кооптонушту".
Кумар келинин тишин эптеп республикалык бет-жаак хириргиясына алып барып жулдуртканын айтып берди. Аталган оорукана ушу күндөрү күнү-түнү иштеп жатканы тууралуу кабарыбыз жок болчу дейт ал:
"Саламаттыкты сактоо министрлиги кайсы ооруканалар иштеп атат, каякка кайрылса болот маалымат тактасын берип турса жакшы болот эле. Күнүмкү брифинг өткөрүп атпайбы, ошондо деле элге маалымат берсе аябай жакшы болот эле. Элге маалымат жетпей, кайда кайрылышты билбей атат", -деп кошумчалады ал.
Ачык, бирок кабыл албайт
Ушу күндөрү Бишкектеги №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан тышкары бардык оорукана, бейтапканалар штаттык режимде иштеп жатат. Бирок өзгөчө абалдын эрежелерине ылайык алардын иштөө тартибине айрым чектөөлөр киригизилген.
"Тиешелүү буйрукка ылайык пландык кабыл алуу токтотулган. Чукулунан эле болсо кабыл алып жатабыз. Карантинге байланыштуу поликлиникаларга да оорулуларды кабыл алуу чектелген. Ошондуктан жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна телефон чалып кеңеш алып атышат. Эгер оорусу катуу болуп атышса тез жардам чакырышат", -деди Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгуль Исмаилова.
Айтымында борбордо тез жардам көрсөтүүчү 40 мобилдик топ иш алып барып жатат.
Ошентсе да буга чейин, рак оорулулар, гемодиализге муктаж адамдар убагында медициналык жардам ала албай азап тартып жатканы да айтылган. Укук коргоочулар бул үчүн коменданттын катаал буйруктарын айыпташкандан кийин, бейтаптар үчүн шаар аралоо бир аз жеңилдеп калган эле. Бирок эми өз убагындагы медициналык жардам маселеси чыгып жатат.
Ал тапта Бишкекте бетондон дагы кошумча 77 блокпост орнотулду. Тезинен жана кечиктирилгис жардамга муктаж адамдарга тийиштүү ооруканаларга жетүү эми мурункудан да оорлоду.