Энеси вируска чалдыккан кыз Ноокаттан Чүйгө качып келди

Published

Энеси коронавирус менен ооруп жаткан ноокаттык кызды Чүйгө туугандарыныкына качып келген жеринен таап, карантинге алып кетишти. Бул жөнүндө бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

"Аны кечээ түнү менен укук коргоо органдарынын жардамы менен издеп таптык. Ал бул жакка келип, туугандары менен контакт кылды да. Ошол туугандары менен кошо алып келип, карантинге жаткызып, эми анын тегерегинде эпидемиологиялык изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Эгерде биз катуу чара көрбөсөк, ушинтип туугандарына, досторуна качып келе берет, тарап кетиши мүмкүн",- деди министрдин орун басары .

Төлө Исаков коронавирус чыккан аймактагы адамдар менен катнашты, транспорттук байланышты, жарандардын кирип-чыгышын дагы катуу чектөө зарыл экенин баса белгиледи.

Ошол эле убакта Ош областтык милициясынын басма сөз кызматы ноокаттык кыз качып барбай эле, анализ тапшырып, анысы таза чыккандан кийин, районго өзгөчө кырдаал кире электе эле Чүйгө конокко кеткенин билдирип жатат. Көрсө, ал 2007-жылдан бери Кара-Балтада жашайт экен.

Азыркы учурда аталган келин үч баласы менен обсервацияга жаткырылды.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны ишембидеги маалымат боюнча он эки адамга жетти. Шаршембиде адегенде Сузак районунда Сауд Аравиясынан ажылык сапардан кайтып келген үч адамдан табылды. Андан кийин дагы эле ушундай ажылыкка барып келген Ноокат районундагы үч адамдан чыкты. Соңку алтоонун бешөө Сузакта, бирөө Баткенден. (КС)