Covid-19 жуктурган үч жарандын абалы жакшы

Published

Covid-19 вирусун жуктурган үч жарандын абалы жакшы. Алар менен кошо Жалал-Абад шаарындагы бейтапкананын жугуштуу оорулар бөлмүнө алынган башка үч жаран да жатат. Бул тууралуу Би-Би-Сиге өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов билдирди.

"Вирус табылган жарандар сүйлөшүп, дурус абалда. Ар бири бирден бөлмөдө жатат. Алар менен кошо жаткырылган башка үч киши да жакшы. Аларды болжолдуу беш медицина кызматкери карап жатат", - деди Би-Би-Сиге Мамасалы Акматов.

Ал тапта алар менен бир учакта келип, карантинге алынган айрым жарандардын анализдеринин жыйынтыгы чыкты. Чүй облусунун эки, Баткен облусунун сегиз , Нарындын бир тургунунан Covid-19 тастыкталган жок.

17-мартта карантинге алынган жарандардын бири анализ алынбаганын, температурасын гана өлчөп жатышканын Би-Би-Сиге билдирди.

Республикалык штабдан бүгүн билдиришкендей, 12-мартта Сауд Арабиядан келген учакта 135 эмес, 144 киши болгон. 144 адамдын экөөсү Өзбекстанга чыгып кеткен.

Соңку абал боюнча өкмөт бүгүн Жогорку Кеңеште маалымат берип, анда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев вирусту жуктургандар күтүүсүз чыгып калган жок деди.

"Алар келген үчүнчү категориядагы мамлекет. Биринчи категориядагылар дароо обсервацияга жатат. Экинчи категориядагылар үйдө карантинде болушат. Үчүнчү категориядагы - бул үйдө, бирок биздин көзөмөлдө болот дегендер", - деп түшүндүрдү Абылгазиев.

Анын айтымында 144 жарандын баарын такташты.

"Салтка жараша ыйык жерден келгендер менен учурашабыз. Ошолордун баарын тактап жатабыз", - деди өкмөт башчы.

Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта вирус жуктурган башка учур катталбаганын билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев дарыгерлер оор шартта иштеп жатканын билдирди. Жалал-Абадда бейтаптар менен кошо карантинде калган медиктер үй-бүлөсү менен жолукпайт.

Эпизотикалык фонддон 30 млн сом бөлүнүп, дарыгерлерге кошумча акча бөлүп берип жатышат.

Вирус көп көйгөй алып келди

Сыртка чыгып кеткен кыргызстандыктар көп өлкөлөрдө каттамдар токтогондуктан келе албай жатканы кабарланууда. Республикалык штаб маалымдагандай, 19-22-мартта Алмата аркылуу 160 кыргызстандык турист келет.

Жогорку Кеңеште өкмөт башчы күнүнө Кыргызстанда 70 миң чамалуу медициналык беткап чыга баштаганын кабарлады. Анын айтымында, вирус дүйнөгө жаңы тарап жатканда Кыргысзтанда 3,5 млн беткап болгон.

Премьер-миинистр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Кытай дары жана анализ үчүн тесттер менен жардам берүүгө даяр.

"Кытайдын импортунан бажы салымдарынан Кыргызстан 2,5 млрд сом зыян тартты. Жыл аягында ЕАЭБден алынчу бажы салыктардын жыйындысынан түшчү үлүш азаят", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр бул илдет экономикага да оор түйшүк алып келгенин, бизнес боюнча ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен Кыргызстандын позициясы бирдей экенин кошумчалады.

Ал азык-түлүктүн баасы боюнча маселе болушу мүмкүн, бирок тартыш болушу мүмкүн эмес деди.