Президент кайрылуу жасап, тартипти катуу сактоого чакырды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков коронавирус пандемиясына байланыштуу элге кайрылуу менен чыкты.

"Дүйнөлүк коомчулук менен бирге, биз дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн орчундуу сыноого туш келдик. Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да, бул илдетти жуктурган адамдар аныкталды. Мындай кырдаалда мамлекеттин эң башкы милдети - жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат. Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишет. Учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана элдин чогуу аракети талап кылынат. Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам",-деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын расмийлери коронавирус Сауд Арабиясына барып келген үч жарандан аныкталганын ырастады.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, алар 12-мартта учуп келип, үй көзөмөлүндө турган. Вирус жуктургандардын жаш курагы 43, 62, 70 жашта. Айрым маалыматтарга караганда, Сауд Арабиясына кичи ажылык зыярат үчүн барышкан экен. Алар менен чогуу учакта бирге келген 90дон ашуун адам обсервацияга жаткырылды деди саламаттыкты сактоо министри. Калган 45 жүргүнчү аныкталууда. Инфекция жуктургандар менен карым-катнашта болгон кишилерди тактоо иштери жүрүп жатат.

"Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу. Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарышы абзел. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда, алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу врачка кайрылуу керек. Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл. Мектептерде окутуу убактылуу токтотулду. Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өткөрүлдү. Чек аралар, өткөрүү пункттары, аэропорттор катуу кайтарылган тартип менен иштеп жатат",-деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

Ошол эле маалда президент азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү экенин белгиледи. Бул товарлар менен калкты туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тынымсыз иштеп жатат. Кооптонууга себеп жок. Бүгүнкү кырдаалга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек, деди президент.

Сузакта өзгөчө кырдаал абалы киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди.

Буйрукка ылайык, өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген мезгилге төмөнкү чаралар жана убактылуу чектөөлөр киргизилет:

  • Коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объекттерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объекттерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
  • Эл массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;
  • Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү. (AbA)