You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кыргызстан чет элдиктерге чек арасын жапты
Кыргызстан коронавирус өлкөгө кирбесин деп сактануу максатында чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Чет элдиктер чыкса болот, кире албайт.
Бул жөнүндө бүгүнкү брифингде вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
"Эпидемиологиялык кырдаал Кыргызстанда туруктуу, республикада коронавирус катталган учур боло элек. Республикалык штаб бардык чет элдик жарандарга өлкөгө кирүүгө убактылуу тыюу салууну чечти",-деди вице-премьер-министр.
Сырттан кирүүгө тыюу салуунун мөөнөтү бир ай болот деп жатышат, бирок анын убактысы кырдаалга жараша өзгөрүшү да мүмкүн.
"Кыргызстандагы чет элдик жарандар чыгып кете алат. Ал эми сырт жактагы кыргыз жарандары мекенине кайтып келе алат, бирок коронавирустун бир эле учуру чыккан өлкөдөн келсе дагы карантинге алынат",-деди Алтынай Өмүрбекова.
Азыркы убакта Кыргызстанда карантинде 421 адам жатат.
Бир күн мурда Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди жана жогорку окуу жайларды бир апта мурда үч жумага каникулга таратты. Жогорку окуу жайларын дистанттык окутууга көчүрүү иштери башталды.
Ошондой эле түнкү клубдар, кинотеатрлар, компьютердик оюн клубдары, тамактануучу жайлар жана соода-көңүл ачуучу борборлордогу балдар үчүн оюн аянтчалары жабылмай болду.
Убактылуу чаралар кафе-ресторандарга да тийиштүү.
"Биз бүгүн үй-бүлөлүк жана жамааттык маанидеги массалык маданий иш чараларды ресторандарга өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө сунуштадык. Элүү кишиден ашкан коомдук тамактануу жайларында да чектөө болот",-деди вице-премьер-министр. (КС)