Коронавирус: Кыргызстанда 2000 орун даярдалган

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстан Өзбекстан жана Казакстан менен кирип чыгууга эч кандай өзгөртүү киргизген жок. Ал тапта өкмөт 11 азыктын баасын 20 пайыздан ашык көтөрбөй көзөмөлдөгөнү жатат.

Кыргызстанда каникул бир апта эрте башталды. Студенттер менен окуучулар 16-марттан тарта үч жума үйдө болушат.

Коңшу Казакстан менен Өзбекстанда Covid-19 табылгандан кийин кыргыз өкмөтү вирустун алдын алуу чараларын күчөткөнүн билдирди. Бул эки өлкөдө өзгөчө кырдаал абалы жарыяланды.

Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен кирип чыгууну, товар жүгүртүүнү чектеген жок.

"Күчөтүлгөн тартипте чара көрүү болгондо - чек араларга, аба майданына көбүрөөк дарыгерлер жиберилип жатат. Ал мамлекеттер өздөрү кирип чыгууну ансыз да чектеди. Аларда саналуу гана адам катталды, өлкө ичинде биринен бирине жуккан жок, баары сырттан алып келген. Ошондуктан Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен чек араны жапкан жок", - деп билдиришти вирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдан.

Штабдан Би-Би-Сиге ырасташкандай, Кыргызстанда бейтаптар үчүн 2000 чамалуу орун даярдалган.

Ал тапта чет өлкөдөн келип, он төрт күн обсервацияда жаткандар шарттын начар экенине нааразы болууда.

Ушу тапта Кыргызстанда 341 адам обсервацияда.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстан көп тармак боюнча байланышы тыгыз эки өлкөдө вирус чыккандыктан вирустун Кыргызстанга кирүү ыктымалдуулугу өтө жогору экенин 16-марттагы кайрылуусунда билдирди.

"Биздин миңдеген адамдар Өзбекстанга кирип чыгат, туугандары келет, соода-сатык кылат. Ошондуктан бул коркунуч бизге абдан жакындады. Казакстанда биздин 60 миңден ашык мигранттарыбыз жүрөт. Казакстан негизги соода өнөктөшүбүз болгондуктан жүздөгөн унаалар товар ташып ары-бери өтөт, адамдар каттайт", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр ошондуктан аба майбанында, темир жол бекеттеринде жана чек араларда текшерүү күчөйт деп, элди сабырдуу болууга чакырды.

Вирус коркунучу менен азык-түлүк тартыш болот, кымбаттайт деген сарсанаа кошо келди.

Өкмөт негизги 11 азыктын баасын бардык аймактарга жана шаарларга ылайыктап чектеп, андан ары ашырбай көзөмөлдөгөнү жатат.

Ун, май, шекер, күрүч, чай, сүт өңдүү азыктар негизсиз кымбаттаса, баасына 20 пайыздан өйдө кошулса Монополияга каршы агенттик чара көрө алат.

Кыргызстан буудайдын, ундун басымдуусун Казакстандан алат. Ун тартыш болот деген коркунуч Казакстан чек араны жабат деген божомолдордон пайда болду.

"Казакстан менен товар жүгүртүү боюнча эч кандай тоскоолдук болбойт. Кечээ кечинде да премьер-министри менен сүйлөштүм. Билишибизче, президентинин жарлыгын аткаруу боюнча өкмөтү ыкчам иш чаларды иштеп чыгып жатат. Биздин карым-катнашыбыз абдан чоң, ошондуктан андайга барбашыбыз керек деп сүйлөштүк. Андан мурда Орусиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшкөм. Алар менен да позициябаз бири-бирибизге туура келет", - деди Абылгазиев.

Өкмөт өлкөдө азык-түлүктүн жетиштүү кору бар экенин айтууда.

Кыргызстанда азыр Ковид-19 табылган жок.

Биринчи категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандар он төрт күн карантинге алынып, айрымдары үйдөн көзөмөлгө алынууда.

Ушу тапта Кытай менен чек ара жабык, Иран менен каттамдар чектелген.