А.Дауталиева: бала бакчалар наристелердин ырыскысын уурдашат

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Ош шаарында журналисттин бала бакчадагы балдардын тамактануусу жөнүндө жасаган иликтөөсү коомчулукта чоң резонанс жаратууда. Бул иликтөө мамлекеттик бала бакчаларда наристелердин ырыскысына суук колун салгандар жөнүндө маселени козгоду.

"Балага эт, витамин керек"

Эрмек Муратбеков ,Ош шаарынын тургуну, эки кызын мамлекеттик бала бакчага берген. Айына ар бирине 750 сомдон акча төлөп турарын айтты:

"Балага витамин, эт керек. Бирок бардык эле садиктерде антип тамак бербейт го. Ата-энелер айтып калат балдарга суп деп шылдырыган эле суу тамак беришет деп. Оштогу балдар бакчаларынын жарымынын көбүндө ушундай. Бирок бул биздин бакчага тийиштүү эмес".

Балдары бакчадан эмне жейт, эмне ичет деген кабатырлануу Бишкекте дагы бар. Жакында эле борбордогу №5 бала бакчага нааразы ата-энелер Баш прокуратурага кайрылышты:

" Биз балдарыбызга төлөп жаткан акча канчалык балдарга тийип жатат ошону эле билели дегенбиз. Айына бир балага 970 сомдон 1 миң 200 сомго чейин акча төлөйбүз. Бирок садиктин чоңу такыр эле отчет бербей келди. Чогулушта деле бул маселени көтөрсөк жообу берилчү эмес", - деди Бишкек тургуну Данил Абдракматов.

Ата-энелердин кайрылуусунан кийин январь айында атайын комиссия бала бакчадагы тамактын сапаты жана санитардык-гигиеналык талаптарды текшерип чыкты.

Баш прокуратура 2017-2019-жылдар аралыгы бул бакчада ата-энелерден чогултулган 396 миң сом мыйзамсыз кымырылганын тактап чыкты. Бул жана башка фактылар боюнча Биринчи май райондук прокуратурасы ишти сотко чейинки өндүрүшкө алды.

"Чырмалышкан коррупциялык схема"

Жарандык активист Анара Дауталиева соңку сегиз жылдан бери балдар бакчаларынын ишин иликтеп келатат. Ал өлкөдөгү балдар бакчаларынын көбүндө тамак рациону сакталбайт жана ата-энелерден чогултулган каражат максаттуу жумшалбайт деген пикирде:

" Бул чырмалышкан коррупциялык схема. Балдардан уурдашат. Балдардын тамактануусу деп Бишкек мэриясы жылына 400 миллион сом бөлөт. Ошол акча адегенде эле тендерден уурдалат. Анан поставщиктер ортодо жешет. Мисалы, документтерге 150 кг деп жазып коет деле, чындап алып келгени 80 кг болот. Анан ал эт бакчага келгенде повар, бакча жетекчилери өөнөшөт. Ошентип бир балага бөлүнгөн 60 сом ортодон уурдалып отуруп, баланын өзүнө 20 же 30 сомдук тамак эле жетип калып атат".

Өкмөт бекиткен жобо боюнча Кыргызстанда бала бакча курагындагы 3-6 жаштагы бир бала күнүнө 85 грамм эт, эт болбосо бир даана жумуртка, 500 грамм сүт, 17 грамм май, 5 грамм сыр, 20 грамм быштак, жарым банан, жарым алма талап кылынат. Бирок бул норма бала бакчаларда сакталбайт, дейт укук коргоочу.

"Калоражга жетпей атабыз"

Бишкек мэриясынын алдындагы билим берүү башкармалыгы мындай дооматтарга макул эмес.

" Балага тийиштүү 60 сомго толук кандуу тамагын берип жатабыз. Бирок айтып койчу нерсе, былтыр сентябрдан тарта тамак-аш кымбаттады. Бизде негизгиси эт жана ун, алар кымбаттаганын базарга барып жатсаңыз билсеңиз керек. Ошондо күнүмдүк нормага берилчү эттин баасын чыгарганда эле 85 граммы 31 сомго чыгып кетип атпайбы. Сүтүнө дагы 20 сомду кошкула, ошондо эле канча чыгып кетип атат. Ошон үчүн калоражга чыга албай атабыз", -деди башкармалыктын тамактандыруу бөлүмүнүн башчысы Нурлан Байгулов.

Ал ата-энелер балдар бакчаларга барып менюлар менен эркин таанышууга укуктуу экенин белгилеп, көзөмөлгө чакырды.

Бирок буга чейин Бишкектеги Тунгуч кичи районундагы балдар бакчасына барып, бирок бул маселеде жооп ала албаган апанын видеосу чыккан эле.